воскресенье, 4 октября 2015 г.

СҮРӨТТӨЛҮШТҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КӨРҮҮ



Көз мээнин тышкы дүйнөгө ачылган бир терезеси. Бирок көрүү сезиминин пайда болушунда көз ортомчулук кызматын гана аткарат. Көрүү процесси ишке ашкан жер болсо абдан тереңде, мээнин ичинде жашырылган.
Алгач көрүүнүн кайсы этаптардан тураарын эстейли. Көзгө келген нурлар айнекчелден, каректен жана андан соң чечекейден өтөт. Тунук катмардын ийилген үстүңкү бети менен чечекей нурларды сындырып, буюмдун (сүрөттүн) сүрөттөлүшү тордомо челге башы төмөн көңтөрүлүп жетет. Жарыкты сезүүчү клеткалар (рецепторлор; кумганча жана таякча клеткалар) нурду электрдик сигналдарга айлантып, нервдердин учтарына сигнал (импульс) катары жөнөтүшөт. Тордомо челден келген сүрөттөлүш оригиналынан тескери, башы төмөндү карап жайгашкан болот. Бирок мээ муну чечмелеп, сүрөттөлүштү түздөйт. Бул электрдик импульстар мээге ал нерсенин түрү, көлөмү, түсү, алыстыгы жөнүндө маалымат жеткирет жана бүт бул операциялар сериясы секунданын ондон биринчелик убакытта болуп бүтөт.16
Көрүү учурундагы бир секундада жасалган операциялардын санына азыркы эч бир компьютер жете албайт. Мынчалык ыкчам болушунан тышкары, көрүү кубулушунун эң таң калыштуу жана кереметтүү тарабы – бул тордомо челге түшкөн тескери сүрөттөлүштүн мээнин оптикалык борборунда оңдолушу.17

Мээнин көрүүдөгү ролу


Линза тарабынан тордомо челге түшүрүлгөн сүрөттөлүш электрдик сигналдарга айландырылган соң секунданын миңден бириндей кыска убакыт ичинде көргөзгүч нервдер аркылуу мээге жеткирилет. Эки көздөн өз-өзүнчө алынган сигналдар каралган нерсе жөнүндө бүт маалыматты камтыйт. Мээ болсо эки көздөн келген сүрөттөлүштөрдү бир сүрөттөлүшкө бириктирет. Ал заттын формасы менен түсүн айырмалайт, канчалык аралыкта экенин аныктайт. Кыскасы, айланадагы нерселерди көз эмес, мээ көрөт.18
Көздөрдөн келген электрдик сигналдар мээнин арткы кыртышында жайгашкан биринчи көрүү аймагына жетет. Бул борбордун калыңдыгы 2,5 миллиметр жана туурасы бир канча сантиметр. Алты катмардан, жүз миллион нейрондон (нерв клеткасынан) турат. Сигнал алгач төртүнчү катмарга келет, ал жерде анализ кылынган соң башка катмарларга таратылат. Бул борбордо ар бир нейрон миңдей нейрондон сигнал алып, миңдей нейронго сигнал жөнөтөт. Аң-сезимсиз бир клетканын жаңы пайда болгондо эле бир миң клетка менен маалымат алмаша ала турган байланыштарынын болушу жана ошончо операцияны жасай алышы, албетте, кокустан келип чыккан эмес. Клеткалар бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган.
Абдан жогорку технологиялуу бир компьютердей иштеген мээ, негизи, башка органдар сыяктуу эле миллиондогон майда клеткадан турган бир жандыктардын тобу болуп саналат. Адам мээсинин бетинде ар бир миллиметр квадратта 100.000дей нерв клеткасы болот. Мээде жалпысынан болжол менен 10.000.000.000 (10 миллиард) нерв клеткасы бар. Башкача айтканда, мээ 10 миллиард кичинекей жандыктан турган бир орган. Ал жандыктардын бир бөлүгү көздөн келген кабарларды чечмелеп, бири-бири менен координацияда «көрүү» деген кубулушту ишке ашырышат.
Алдыда көрүү кубулушунун илимий детальдарына тереңирээк токтолобуз. Кайсы типтеги клеткалар келген сигналдарды кайсы жактарга таратат, көрүү борборунда канча клетка бар деген сыяктуу маалыматтар... Бул маалыматтар мээнин негизги иштөө принциптерин сүрөттөйт.
Көздүн түбүнө нурлардын түшүрүлүшү, ал нурларды электрдик сигналдарга айландыруучу кемчиликсиз бир системанын болушу, эки көздө пайда кылынган электрдик сигналдардын мээнин белгилүү жерлерине жиберилиши, эки көздөн келген сигналдардын бириктирилиши жана ушул сыяктуу көптөгөн ортодогу операциялар көрүү кубулушунун физикалык жана илимий тарабын гана түзөт. Бирок бул илимий маалыматтар эч качан бул кубулуштун метафизикалык натыйжасын, башкача айтканда, бул операциялардын кантип «сүрөттөлүш» деген абстракттуу бир түшүнүк катары кабылданаарын, кабылданган бул сүрөттөлүштүн «ким» тарабынан аң-сезимдүү абалда чечмеленип, бир мааниге айланаарын түшүндүрө албайт. Аң-сезими ачык жана стереотипсиз ойлоно алган бир адам көрүү кубулушунда физикалык чектерден алда качан чыгылып, метафизикалык чен-өлчөмгө өтүлгөнүн түшүнөт.
Абдан маанилүү сырларды жашырган бул теманы тереңирээк кароо үчүн азырынча бир четке койо туруп, көздөгү системанын жаратылуусундагы жана иштешиндеги кереметтер жөнүндө сөзүбүздү уланталы. Бул илимий маалыматтарды окуп жатканда, бул өзгөчөлүктөргө жетүү үчүн өзүбүздүн эч нерсе кылбаганыбызды унутпайлы. Ошондой эле, бул кемчиликсиз системанын эне курсагындагы жалгыз клетканын бөлүнүшү натыйжасында пайда болгонун жана сөз болуп жаткан бүт процесстердин сиз буларды окуп жатканда да сиздин эркиңизден тышкары, тездик менен улантылып жатканын да унутпаш керек. Тереңирээк караган сайын, мындай системанын кокустан, бир акыл жана күч тарабынан жаратылбастан, өзүнөн-өзү пайда боло албашын ар бир адам заматта түшүнөт. Бул апачык далилдерден чындыктарды көргөн адамдардын абийирлери кабыл алып турса дагы, чындыкты четке кагуу психологиясы аяттарда төмөнкүчө кабар берилген:

Аяттарыбыз аларга көздөрүнө көрсөтүлгөндө: «Бул апачык бир сыйкыр» дешти. Абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен аларды четке кагышты. Эми сен бузукулардын кандай натыйжага туш кылынганын бир кара. (Немл Сүрөсү, 13-14)

Жоголгон сигналдар жана жоопкерчиликтүү клеткалар


Тордомо челден чыккан бир миллион клеткалуу нерв түймөгү көрүү менен байланыштуу маалыматты электрдик сигнал абалында жүз миллион клеткалуу көрүү кыртышына алып барат. Бул түймөктөгү нерв бутактарынын баары түздөн-түз тордомо челден башталганы менен, жарыкты сезүүчү аймакка түз туташпайт. Башка кээ бир клеткалар визуалдык маалыматтарды алып, көрүү нервиндеги клеткаларга өткөрөт.
Бул жерде өтө кызыктуу нерсеге күбө болобуз. Мээ менен көздүн арасындагы нерв талчалары менен болгон түз байланыштарда кээде үзгүлтүктөр келип чыгат. Буга бир миллион, ал тургай, бир секундада келген он миллион сигналдын кээ бирлеринин көрүү борборуна жете албай, мээнин башка бир аймагына кетиши себеп болот. Бул сүрөттөлүштө үзгүлтүктөргө себеп болушу керек, бирок мындай болбойт. Көздөгү кемчиликсиз системанын урматында биз эч үзгүлтүксүз көрө алабыз.
Эң кызыгы, туура эмес дарекке барып калган сигналдар барган жери менен көрүү борборунун арасындагы клеткалардын ортомчулугу менен кайрадан көрүү борборуна жеткирилет. Ал даректерди «туура эмес» деп айтканга болобу?
Негизи болбойт. Себеби бир караганда катадай көрүнгөн бул жагдай бизге өтө чоң бир кереметти көрсөтөт. Аң-сезимсиз кээ бир клеткалар, алардын милдети болбосо да, көрүү сигналдарын мээнин тиешелүү бөлүгүнө жөнөтүшөт. Мындай системада негизи туура эмес жерге барып калган сигналдар караңгы мээнин ичинде жок болуп кетиши керек эле. Бирок андай болбойт, дарегине жете албаган сигнал жоголбойт. Ал барган жердеги клеткалар анын көрүү сигналы экенин, көздөн келгенин, көрүү борборуна барышы керек экенин билгендей болуп, эч ким мажбурлабаса да, керектүү байланыш жана уюштурууну камсыздап, сигналды мээдеги көрүү борборуна жөнөтүшөт. Натыйжада негизи үзүк-үзүк болуп кала турган сүрөттөлүш эч бузулбайт.
Ортомчулук кылган клеткаларга мындай теңдешсиз жоопкерчилик түшүнүгүн ким берген? Эволюционисттер кокустан пайда болгон деп ойлогон бир органдын миллиарддаган клеткасынын ар бири кокустан ушундай жоопкерчиликтүү болуп калышканбы? Болгондо да, мындай жоопкерчиликти орундатуу үчүн, эң биринчиден, бул клеткалар өздөрүнүн негизги милдетинен тышкары, денедеги башка процесстерди да билип, өз жоопкерчилигине кирбеген окуяларды да тынымсыз байкап, аларды толуктап туруучу жөндөмгө ээ болушу керек.
Бул жерге чейин айтылгандар көрүү процессинин биринчи этабын түзөт. Бул этаптын көп белгисиз тараптары да бар. Башка этаптардын дагы белгисиз тараптарын кошкондо, көрүү процессин толук чечиле албаган чоң бир табышмак деп айтуу эч жаңылыштык болбойт.
Көрүү процессин 20 жыл изилдеген Дэвид Х. Хьюбел (Da­vid H. Hu­bel) менен Торстен Визель (Tors­ten N. Wi­esel) бир макаласында мындай дешкен:
Бул кенен аймакка жайылган жана ансыз эч болбогон органды түшүнүү алигече жетишсиз бойдон калууда.19
Көрүнүп тургандай, адамдын мээни түшүнүү үчүн кылымдарга созулган аракети жетишсиз болууда. Бул жерде кайрадан ойлонуп көрөлү: учурдагы технология жана илим менен түзүлүшү да толук чечиле албаган, абдан татаал жана укмуш иштерди жасаган мээ кантип пайда болгон? Ушунчалык татаал бир түзүлүш өзүнөн-өзү, миллиарддаган клетканын жана ал клеткаларды түзгөн триллиондогон белоктун кокустан чогулуп, ар бири белгилүү кызматты аткарган триллиондогон байланышты кокустан түзүшүнүн натыйжасында пайда болуп калганбы?
Мээни түзгөн миллиарддаган клетка менен ал клеткаларды түзгөн миллиондогон белоктун бир даанасынын дагы кокустан келип чыгуу ыктымалдыгынын болбошу эволюция теориясы үчүн мындан да чоң, чечилбес бир маселеге айланууда.

15 сантиметр квадраттын ичиндеги жашоо


Адамдын төрөлгөндөн баштап көргөндөрүнүн баары мээсинин ичинде, караңгы жана нымдуу бир жерде жайгашкан көрүү борборунда пайда болот. Көрүү борборунун жалпы көлөмү болсо 15 см2. Адамдын жашоосундагы бүт нерселер, балалыгы, окуган жерлери, үйү, жумушу, үй-бүлөсү, жашаган району, өлкөсү, дүйнө жана аалам, күзгүдө көргөн өзүнүн денесинин сүрөттөлүшү, өмүр бою көргөндөрүнүн баары, кыскасы, бүт өмүрү 15 см2тык бир тиштем эттин бетинде пайда болот.
Эгер көрүү аймагы деп аталган бул бир тиштем эт болбогондо, адам булардын эч бирин көрө алмак эмес жана булардын түзүлүшүнүн кандайлыгын элестете да алмак эмес. Көздүн бүт бөлүктөрү менен бирге, толугу менен бар болушу да көрүү үчүн жетиштүү болмок эмес; мээ жана мээдеги көрүү борбору болбогондо, көз эч нерсеге жарабаган, маанисиз, ичи сууга толгон бир топтой болуп турмак. Мээ менен көрүү борборунун көрүү кубулушундагы ролун караганда, көздүн буларсыз эч нерсеге жарабашын жакшыраак түшүнөбүз.

Мээнин көрүүдөгү ролу


Мээнин көрүү процессинде аткарган кызматтарын караганыбызда, анын көз менен канчалык шайкештикте жаратылганын жакшыраак көрөбүз:
Эки көздүн тордомо челинен келген сигналдарды үстү-үстүнө коюп бириктирүү.
Бул сүрөттөлүштөрдү салыштырып, тереңдигин (алыстыгын) кабылдоо.
Сызык жана чек араларды аныктоо.
Көрүү борборунда түстөрдүн анализи.
Мээде жарыктыктын кабылданышы. (Мээнин жарыктын деңгээлин кантип билээри жөнүндө абдан аз нерсе белгилүү. Бул белгилүү деңгээлде көрүү аймагындагы сызык, чек ара, кыймылдаган нерселер жана карама-каршы түстөр себеп болгон көрүү контрасттарынын күчүнүн көбөйүшүнө негизделет деп эсептелет.)20
Каректин диаметринин контролу.
Көздүн кыймылынын булчуңдар аркылуу башкарылышы.
Тордомо челден келген сүрөттөлүштүн бөлүнүп, кайрадан бириктирилиши жана көрүү эс-тутуму менен толукталышы.
Сүрөттөлүштү өйдө карай көңтөрүү.
Сокур такка түшкөн сүрөттөлүштүн ордун бош калтырбай толуктоо.
  

Мээнин картасы


Корбиниан Бродман (Korbinian Brodmann) аттуу бир немец нейролог клетка жөнүндөгү анализдерге таянып, адамдын денесиндеги мээ кыртышынын бир картасын чыгарган. Бул карта эволюциянын канчалык негизсиз бир көз-караш экенин дагы бир жолу далилдейт. Себеби бул карта көрүүнүн кокустан пайда болбой турганчалык татаал бир кабылдоо механизми экенин көрсөтөт.
Бродман картасы мээнин функцияларында негиз тутулат. Мисалы, көрүү менен байланыштуу аймактын биринчиси – бул Бродмандын 17-аймагы. Бул бөлүккө көргөзгүч нерв аркылуу акыркы маалыматтар жетет. Мунун алдында жайгашкан 18- жана 19-Бродман аймактарында болсо көрүү менен байланыштуу мурунку маалыматтар болот. Биринчи көрүү аймагы болгон Бродмандын 17-аймагына жеткен маалыматтардын анализи 18- жана 19-аймактарда улантылат. Көрүү аймагынын оң-үстүңкү бөлүгүнөн келген визуалдык маалыматтар сол жарым шарда, солдон келгендер болсо оң жарым шарда анализ кылынат. Сигналдар ушинтип кайчылаш кеткендиктен, мээ кыртышынын бүт тарабы каршы тараптагы визуалдык аймактан келген маалыматтарды анализдейт.
Жаратуудагы керемет жана чеберчиликтерди көз алдыга тартуулаган мындай илимий ачылыштар болгон сайын, эволюционист илимпоздор аны тескери жагынан жоромолдошот. Мисалы, жогорудагы ачылышты эволюционисттер мээнин сыры чечилди, илим мээни чечмеледи деп жоромолдошот. Чындыкты тангандардын Аллахтын ушундай апачык кереметтерине болгон кайдыгер мамилеси жана тескерисинен иштеген логикасы Куранда төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Болгон анттары менен (ант ичип) эгер аларга бир аят келсе, ага толук ишенээрин айтып Аллахка ант ичишти. Айткын: «Аяттар (кереметтер, далилдер) Аллах Кабатында гана; аларга (кереметтер) келсе да, албетте, (баары бир) ишенбей турганын билбейсиңерби?» Биз алардын жүрөктөрү менен көздөрүн башында ишенбегени сыяктуу, тескери буруп койобуз жана аларды адашып, жолун таппай жүргөн абалда таштап койобуз. (Энъам Сүрөсү, 109-110)


Чындыкты тангандардын минтип чындыктарды тескери буруу адаты башка аяттарда да айтылат:

Шайтандардын кимдерге түшөөрүн силерге кабар берейинби? Алар чындыкты тескериге бурган, күнөөгө малынган калпычыларга түшүшөт. Булар (шайтандарга) кулак салышат жана көпчүлүгү жалган сүйлөшөт. (Шуара Сүрөсү, 221-223)

Илимпоздор мээдеги системанын түзүлүшүн ачып, аны терең сүрөттөп бере алышты. Бул системанын ар бир этабы анын кереметтүүлүгүн, кемчиликсиздигин жана өз алдынча, кокустан пайда боло албашын, башкача айтканда, бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтөт. Бул болсо Аллахтын жалгыз Жаратуучу экенин түшүнүшүбүзгө себепчи болот.

Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы


Бул текстти карап, китептин бетин толук көрүп жатам деп ойлойсуз. Бирок эч андай эмес, китептин бетинде сиз көрө албаган кичинекей бир чекит бар. Ошол чекитти гана алсак, сиз ал жерди көрө албаган бир сокур болуп саналасыз. Бул эксперименттер менен далилденген бир чындык. Бул сокурдук бул китептин бетине эле эмес, өмүр бою көргөн нерселериңиздин баарына тиешелүү. Ушул күнгө чейин көргөн нерселериңиздин баарында негизи кичинекей бир чекитти эч көргөн эмессиз, себеби жогоруда айтылгандай, көзүңүз бир чекитте дайыма сокур эле.
Бул сокурдуктун себеби; көргөзгүч нервдер көзгө кирген кичинекей бир тордомо чел аймагында кумганча жана таякча клеткалары болбойт. Ошондуктан ал жер жарыкты сезбейт жана тордомо челдин бул аймагында сүрөттөлүш окулбайт.
Көздүн ичинде ушундай бир сокур так болсо, анда кантип биз айланабыздагылардын баарын толук көрөбүз? Буга мээнин толуктоочу касиети себеп болот. Сокур так себептүү кем калган чекит айланасындагы фондун негизинде толукталат. Башкача айтканда, мээ бул чекитти эң ылайыктуу түскө бойоп, камуфляждап койот.21
Сокур чекиттин бар экенин байкабашыбыздын жана бүт нерсени толук көрүшүбүздүн себеби ушунда.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн Сүрөт 2.5.теги тестти жасап көрсөңүз болот.
Оң көзүңүздү жумуп, китепти 50 сантиметр аралыктан көзүңүздү карай жакындатыңыз. Көзүңүздү плюс белгисинен албаңыз. Китепти жакындатканда белгилүү бир жерде солдогу кызыл чекиттин жоголуп, анын ордунун фондогу сызыктар менен толтурулганын көрөсүз. Мына ошол чекитте сиз сокурсуз, бирок муну сезбейсиз. Себеби мээ сокур такты ал жерде болушу керек деп ойлогон эң ылайыктуу божомол менен, башкача айтканда, арттагы фон менен толуктайт. Бул божомолдун кантип жасалаары болсо психолог жана нейрологдор тарабынан жооп табууга аракет кылынган негизги суроолордун бири. Кээ бирлер сокур такты мындайча түшүндүрөт: эки көздө сокур так көрүү огуна карата башка башка жерде жайгашкандыктан, эки көз менен көрүүдө бир чекиттен келген нурлар бир көздө сокур такка түшсө, экинчи көздө сезгич катмарга түшөт. Бул көз-карашты жактагандардын жообу жетиштүү эмес жана «бир көз менен караганда кантип кемчиликсиз, толук көрөбүз» деген суроого да так бир жооп бере алышкан эмес.22
Мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: көргөн нерселериңиз толугу менен чындык эмес, мээ сизди бар деп ишендирген бир иллюзия. Башкача айтканда, сиз чындык деп ойлогон бир сүрөттөлүш негизи чындык болбой калышы мүмкүн. Түшүңүздө көрүп, чындык деп ойлогон окуялардын жана айлана-чөйрөңүздүн чындык эмес, мээңизде жаратылган бир иллюзия болгону сыяктуу. Төмөнкү эксперимент аркылуу муну жакшыраак түшүнө алабыз.
Солдогу плюс белгисин бир мүнөттөй көзүңүздү албай карап туруңуз. Андан соң көзүңүздү оңдогу плюска буруп, бир аз күтүңүз. Оңдогу сүрөттө да түстүү диаграмманын пайда болгонун көрөсүз. Ооба, ал жерде түстүү диаграмма жок, бирок мээңиз сизди жаңылтат. Башкача айтканда, чындыгында болбогон нерселерди бар деп ойлойсуз.

Майдаланган сүрөттөлүш


Тордомо челдин бетинде пайда болгон сүрөттөлүштүн ар бир бөлүгү баш сөөгүнүн ичинде электрдик коддорго айланып сапар тартат. Көрүү нерви аркылуу барган электрдик сигналдар мээнин арт жагында жайгашкан каракуштагы көрүү кыртышы тарабынан чечмеленет.
Башында толук түшүнүктүү болгон «тордомо челдеги маалыматтар» түшүнүксүз электрдик сигналдарга айланып көрүү борборуна барат. Ал жердеги нерв клеткалары бул башаламандыкты чечмелеп, алардан бир маани чыгарып, баарыбыз үчүн түшүнүктүү үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөргө айландырат. Мээнин көрүү аймагы өтө татаал коддорду чечмелөөчү абдан өнүккөн компьютердей иштейт. Миллиарддаган электрдик сигнал заматта окулуп чечмеленет.
Мээ эки бөлүктөн турган бир орган. Ар бир бөлүктүн каракуш жагы көздөрдүн бирөөсүнөн гана маалымат алат. Көрүү аймагынын оң тарабындагы маалыматтар сол каракушка, сол тарабындагы маалыматтар болсо оң каракушка барат.
Колин Блэкмор (Colin Blakemore) аттуу илимпоз иштөө системасы толук ачыла элек бул система жөнүндө мындай деген: «Мээ визуалдык маалыматты алган соң эмнеге майдалайт? Эгер кийинчерээк буларды кайра бириктирип, сүрөттөлүш жасай турган болсо, эмне максат менен майдалайт?»23
Көздүн ичиндеги механизмдер, көз-мээ байланышы, нерв клеткалары жана электрдик сигналдардан турган бул система адам акылына сыйбай турганчалык татаал болгону менен, бүт баары абдан тартиптүү иштеп, эч кандай башаламандык жана хаос чыкпайт.24 Себеби денебизде эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин бүт процесстерди эч кемчиликсиз жүргүзгөн бир долбоор бар. Чексиз кудуреттүү Аллах жараткан бул системанын урматында –ооруган учурлардан тышкары- эч кыйынчылыксыз өмүр сүрөбүз.

Эмне көргөнүн билүү


Адамдын эс-тутуму көргөн сүрөттөлүштөрүнүн бир бөлүгүн сактап койот. Кампадагы файлдар кийин кез кезде ачылып колдонулуп турат. Мисалы, бир жаш бала биринчи жолу калем көргөндө, эс-тутумунда калемге тиешелүү бир файл ачылат. Ал бала кийин кайрадан калем көргөндө, мурда ачылган калемге тиешелүү файлдан чыгарылган сүрөттөлүш автоматтык түрдө жаңы сүрөттөлүш менен салыштырылат. Натыйжада бала көргөн нерсесинин калем экенин түшүнөт.
Негизи бул система наристелерге же жаш балдарга эле тиешелүү эмес. Бүт адамдардын мээси –сиздин мээңиз да кошо- күнүмдүк жашоодо бул процесстерди автоматтык түрдө жасайт. Бир сүрөттөлүштү көргөндө, ал ошол замат эс-тутумдагы архив сүрөттөлүштөргө салыштырылат. Архивдеги маалыматтарга салыштыруунун натыйжасында жаңы сүрөттөлүштүн эмне экендиги аныкталат. Эгер бул процесс жасалбаганда, өз балаңызды да тааный алмак эмессиз.
Бул процесс кыймылды байкашыбызга да шарт түзөт. Кыймылдап бараткан бир нерсени көргөнүбүздө, эс-тутум ал кыймылды алып, кийинки кыймыл менен салыштырат.25 Кыймылдар лентага жазылгандай сакталып, бир сүрөт лентасы пайда болот. Кыймылдап бараткан нерсенин турган жери мурдакы ордуна салыштырылып, мээде кыймыл түшүнүгү пайда кылынат.

Бул жерге чейинки маалыматтарды кайрадан карап көрөлү. Эс-тутумга бир катар сүрөттөлүштөр сакталат, андан соң алар кайра чакырылып пайдаланылат деп айтылды. Бул сүрөттөлүштөр каерге жана кантип сакталат? Кийин бул сүрөттөлүштөр каерден, кимдин башкаруусу менен, кантип кайра чыгарылат?
Компьютер эсине сакталуучу маалыматты бир дискте сактайт жана сакталуучу маалымат дисктин көлөмү менен чектелет. Ал эми мээ болсо мындай диски жок туруп, бир эттин ичинде миллиондогон сүрөттөлүштү сактайт. Эң кызыгы, ушул күнгө чейин мээде бир эс-тутум борбору табыла алган жок.
Компьютердин диски – инженерлер тарабынан долбоорлонуп, заводдо өндүрүлгөн жана ар бир бөлүгүндө аны жасаган адамдардын акылы көрүнүп турган бир тетик. Бирөө чыгып темир, пластмасса жана айнек өзүнөн-өзү биригип, кокустан абдан жогорку технологиялуу бир компьютерди пайда кылган десе, жана ошол компьютер азыркы компьютерлердин атасы болчу десе, эч ким анын сөзүнө маани бербейт. Бирок компьютерден алда канча жогору турган мээ менен камералардан өтө жогору турган көздү кээ бир адамдар кокустан пайда болгон дегенге аракет кылышат. Жана бул жалгандарды адамдарга илимий чындыктай көрсөткөнгө аракет кылышат.
Мунун бир гана себеби бар. Компьютерди жасаган бир акылдын бар экенин кабыл алуу, аны кокустан эмес, бир заводдо, адамдар тарабынан өндүрүлгөн деп айтуу адамга эч кандай жоопкерчилик жүктөбөйт. Ал эми мээ менен көздү жараткан бир күчтүн бар экендиги кабыл алынса, анда иш өзгөрөт. Булардын жаратылганы кабыл алынса, анда Жаратканды жана Анын буйрук жана тыюуларын, башкача айтканда, динди да сөзсүз кабыл алуу керек болуп калат. Ошондуктан өздөрү курган динден алыс системаны улантууну каалаган адамдар дайыма эволюция теориясындай негизсиз бир гипотезаны колдоп келишкен. Алардын пропагандаларынын натыйжасында бул жөнүндө көп маалыматы болбогон адамдар эволюцияны кабыл алынган бир чындыктай көрүшөт. Чындыгында болсо, эволюция – тууралыгы далилденмек турсун, тескерисинче, жараксыздыгы жана негизсиздиги илимий ачылыштар тарабынан канча жолу далилденген бир идеология жана ишеним.

Визуалдык эс-тутум


Көрүү, башкача айтканда, караган нерсени кабылдоо – көз менен көрүү борбору аркылуу гана ишке ашуучу бир сезим эмес. Мээ көргөн нерсесин кабылдап, чечмелей алуу үчүн эс-тутумдун көмөгүнө муктаж.26 Бул үчүн мээ менен бирге «визуалдык ассоциация аймактары» да иштеши керек. Ассоциация аймагы кабылдоолордун эс-тутумдун көмөгү менен жогорураак деңгээлде чечмеленишине шарт түзүү милдетин аткарат.
Өткөн жарым кылымда нейрофизиология тармагында көптөгөн ачылыштар жасалганы менен, мээнин балким эң негизги функциясы болгон эс-тутум алигече белгисиз бойдон калууда. Бул темада билингендер билинбегендер тоосунун жанында эч нерсе болбой калат.
Көрүүнүн «ассоциация» аймагынын жабыркашы же бул аймакта шишиктин пайда болушу сокурдукка себеп болбойт. Биринчи көрүү аймагынын импульстары менен бул аймак кыймылга келет, бирок адамдын көргөн, тааныш нерселерин таануу жөндөмү бир топко азайат же толугу менен жоголот; бул визуалдык агнозия деп аталат.27
Ден-соолугу чың бир адамдын мындай ооруну элестетиши да абдан кыйын. Бир нерсени мурда көрсө дагы, эмне ишке жараарын билбей калуу, болгондо да бул маселенин буюмду ар көргөн сайын кайталана бериши адамды өтө алсыз кылып койот. Мээнин кичинекей бир бөлүгүнүн жабыркашынын ушунчалык чоң кыйынчылыктын башталышына себеп болушун ойлонгондо, мээнин канчалык кылдат жаратылганын жакшыраак түшүнөбүз.

Эки көз, бир сүрөттөлүш (бинокулярдык көрүү)


Ар бир адам эки көзү менен төрөлөт, бирок эч качан мунун себебине кызыкпайт. Эмне үчүн бүт адамдардын эки көзү бар? Адамдар кокустан эки көздүү болуп калышканбы? Же мунун белгилүү бир себеби барбы?
Негизи бир көз деле көрө алат жана ар биринде өз-өзүнчө сүрөттөлүш пайда болот. Көздөрдүн ортосундагы аралык 5 сантиметрден бир аз чоңураак болгондуктан, эки тордомо челде пайда болгон сүрөттөлүш эки түрдүү болот. Келген сүрөттөлүштөрдүн экөө тең эки өлчөмдүү. Эки көздөн келген маалыматтар мээде үч өлчөмдүү бир сүрөттөлүшкө айландырылат. Ушундайча тереңдик (глубина) жана буюмдардын арасындагы аралык аныкталат.
Эки көздүн көргөн сүрөттөлүштөрү бири-биринен айырмалуу, бирок бири-бирин толукташат. Бул эки сүрөттөлүштүн арасындагы кичинекей айырмачылыктарды аныктап, чечмелешибиз сүрөттөлүштү үч өлчөмдүүгө айлантат. Эгер эки көздө өз-өзүнчө пайда болгон сүрөттөлүштөр мээде толук бириктирилбегенде, дүйнө экөө жана эки өлчөмдүү көрүнмөк.
Сүрөттөлүштөрдүн арасындагы айырманы жөнөкөй бир эксперимент менен далилдөөгө болот. Бир дарактын бутактарын алгач эки көзүңүз, анан бир көзүңүз менен белгилүү убакытка карап туруңуз. Андан соң эки көзүңүздү кайрадан ачыңыз, бутактар тереңирээк көрүнөт.


Дагы бир эксперимент жасасак болот. Бир көзүңүздү жумуп, бир ийнеге жип өткөрүүгө аракет кылып көрүңүз. Мунун колуңуздан келбей турганын көрөсүз. Себеби бир көз менен тереңдик (глубина) сезими болбогондуктан, ийне менен жиптин аралыгындагы кичинекей айырманы байкай албайсыз жана жипти тешикке өткөрө албайсыз.
Кээде буюмдар көзүңүзгө экөө болуп да көрүнөт. Эгер адамдар көңүлүн караган буюмдан башкага бурбаса, анда буюмдардын экөө болуп көрүнөөрүн байкабашы мүмкүн. Мисалы, эки калемди катары менен коюп, көзүбүздү алыстагыга туштасак, жакындагыны экөө; жакындагыга туштасак, алыстагыны экөө көрөбүз. Эгер көз бир жерге туштала албаганда, бүт нерселер экөө көрүнмөк жана эч нерсени нормалдуу көрө алмак эмеспиз.
Ар бири өз-өзүнчө көргөн көздөрдүн сүрөттөлүштөрүн бир сүрөттөлүшкө бириктирүү жана бул бириктирүү учурунда эки өлчөмдүү сүрөттөлүштөргө үчүнчү бир өлчөмдү кошуу абдан татаал эсептөөлөрдү талап кылат. Эгер көздөр кокустан пайда болгондо, мынчалык шайкештик кантип түзүлмөк? Кайсы кокустук секундасына миллиондогон түрдүү кодду анализдөөчү жана ал коддорду бириктирүүчү кемчиликсиз бир механизмди жарата алат? Эгер көздөрдүн арасында бир төп келбестик болгондо, алар жөнөткөн сигналдар бири-бирине аралашып, башаламан бир сүрөттөлүш келип чыкмак. Бирок андай башаламандык чыкпайт. Бири-бирине шайкеш кылып жаратылган эки көздүн жөнөткөн сигналдары аларга абдан шайкеш кылып жаратылган мээ тарабынан анализ кылынып, натыйжада кемчиликсиз бир сүрөттөлүш пайда болот. Мындай системанын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу бир аятта төмөнкүчө айтылат:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? (Мүлк Сүрөсү, 3)



Аралыктын аныкталышы


Аралыкты аныктоодо мээ өзгөчө бир ыкма колдонот. Өлчөмү мурдатан белгилүү болгон бир нерсенин алыстыгы тордомо челге түшкөн сүрөттөлүштүн көлөмүнөн аныкталат. Мисалы, бир адамдын тордомо челдеги сүрөттөлүшүнүн көлөмүнөн канчалык аралыкта экени болжол менен эсептелет.
Адам эч качан мындай эсептөөлөрдүн өзүнүн мээсинде автоматтык түрдө жасалаарын байкабайт. Ал көргөн нерсесинин алыс же жакын экенин гана түшүнөт.28 Эгер мынчалык ылдам иштеген бир эсептөө системасы болбогондо, алыс-жакын түшүнүктөрүндө башаламандык пайда болуп, жашоо абдан татаалдамак. Эч бир унааны айдай алмак эмеспиз, жолдо да баса алмак эмеспиз. Сырткы дүйнө песпективасы (тереңдиги) жок, башаламан формалардын жыйындысына айланмак. Бул жерге чейинки мисалдардан да көрүнүп тургандай, Аллах адамга билген билбеген көптөгөн сый-жакшылыктарды берген. Аллах кулдарына чексиз боорукер жана мээримдүү.

Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Күмөнсүз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү. (Хаж Сүрөсү, 65)


Ал силер үчүн кулактарды, көздөрдү жана көңүлдөрдү жараткан; канчалык аз шүгүр кыласыңар. (Мүминун Сүрөсү, 78)

Булактар:

16        Ma­yo Cli­nic An­sik­lo­pe­di­si, Cilt 2, s. 436.
17        Art­hur C.  Guy­ton, Tıb­bi Fiz­yo­lo­ji,  7.b., Merk Pub­lis­hing, 1986, s. 1012.
18        Te­mel Bri­ta­nic­ca, Cilt 7, s. 207
19        Ant­hony Smith, İn­san Bey­ni ve Ya­şa­mı, İs­tan­bul: İn­kı­lap Ki­ta­be­vi, s. 223.
20        Art­hur C.  Guy­ton, Tıb­bi Fiz­yo­lo­ji,  7.b., Merk Pub­lis­hing, 1986, s. 1045.
21        Me­li­ha Ter­zi­oğ­lu, Fiz­yo­lo­ji Ders Ki­ta­bı,  Cilt 1, İs­tan­bul: Cer­rah­pa­şa Tıp Fa­kül­te­si Ya­yın­la­rı, s. 437; Jillyn Smith, Sen­se and Sen­se­bi­li­ti­es, Wi­ley Sci­en­ce Edi­ti­on, s. 57.
22        Me­li­ha Ter­zi­oğ­lu, Fiz­yo­lo­ji Ders Ki­ta­bı,  Cilt 1, İs­tan­bul: Cer­rah­pa­şa Tıp Fa­kül­te­si Ya­yın­la­rı, s. 437.
23        Ant­hony Smith, İn­san Bey­ni ve Ya­şa­mı, İs­tan­bul: İn­kı­lap Ki­ta­be­vi, s. 227.
24        A.g.e,, s. 224.
25        Len­nart Nils­son, Jan Lind­berg Litt­le, Be­hold Man, Bos­ton: Brown and Com­pany, s. 190.
26        Bi­lim ve Tek­nik, Sa­yı 203, s. 25.
27        http://www.mercksource.com
28        Ali De­mir­soy, Ka­lı­tım ve Ev­rim, s. 16

1 комментарий:

  1. Newest Slot Machine to Hit the Jackpot - KTM Hub
    Play the newest slot machine by Quickspin. Take 속초 출장안마 the fun 인천광역 출장샵 out of gaming with 성남 출장마사지 this new game from Quickspin. We have a 경주 출장안마 wide 수원 출장안마 range of fun slots

    ОтветитьУдалить