суббота, 3 октября 2015 г.

КӨРГӨН КИМ?


Дүйнөгө келген күндөн баштап адамдардын аң-сезимине коом тарабынан кээ бир түшүнүктөр сиңирилет. Булардын бири, балким эң маанилүүсү – бул «көзгө көрүнгөн нерселер гана бар, көзгө көрүнбөгөн нерселер болсо реалдуу эмес» деген түшүнүк. Бул түшүнүк коомдун көпчүлүк бөлүгү тарабынан кабыл алынып, урпактан урпакка эч иликтенбестен, айтылып келе жатат.
Бирок адам бир саамга бул түшүнүктөн чыгып, нейтралдуу ойлонуп баштаганда, такыр башка, абдан таасирдүү бир чындыкты байкайт. Бул чындык төмөнкүдөй:
Төрөлгөндөн бери айланабызда көргөндөрүбүздүн баары; адамдар, жаныбарлар, гүлдөр, ал гүлдөрдүн түстөрү, жыттар, мөмөлөр, мөмөлөрдөн бизге келген жыттар, планеталар, жылдыздар, тоолор, таштар, үйлөр, космос, кыскасы, бүт баары – беш сезимибиз бизге берген кабылдоолор (восприятие). Муну жакшыраак түшүнүү үчүн алгач сырткы дүйнө жөнүндө бизге маалымат берген сезимдерибизге токтололу.
Көрүү, угуу, жыт сезүү, даам сезүү, тийүү сезимдерибиздин баары бири-бирине окшош иштейт. Сырттагы заттардан келген таасирлер (үн, жыт, даам, сүрөттөлүш, катуулук ж.б.) нервдерибиз аркылуу мээдеги сезүү борборлоруна жиберилет. Мээге бул таасирлердин баары электрдик сигналдар абалында барат. Мисалы, көрүү учурунда сырттагы бир булактан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн арт жагындагы тордомо челге жетип, ал жерде бир катар процесстерден соң электрдик сигналдарга айландырылат. Ал сигналдар нервдер аркылуу мээнин көрүү борборуна жеткирилет. Жана биз бир канча сантиметр кубдук көрүү борборунда түркүн түстүү, кооз, узуну, туурасы жана тереңдиги бар, башкача айтканда, үч өлчөмдүү бир дүйнөнү көрөбүз.
Бул система башка сезимдерибизге да тиешелүү. Даамдар тилибиздеги кээ бир клеткалар тарабынан, жыттар мурун эпителийиндеги клеткалар тарабынан, тийүү сезимине байланыштуу сезимдер (катуулук, жумшактык ж.б.) теринин астына орнотулган атайын кабылдоочулар тарабынан жана үндөр кулактагы атайын бир механизм тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып, мээдеги тиешелүү борборлорго жөнөтүлүп, ошол борборлордо кабылданат (сезилет).
Муну тереңирээк түшүнүү үчүн мындай мисал берели: азыр бир лимонад ичип жатасыз дейли. Колуңузда кармаган стакандын катуулугу менен муздактыгы теринин астындагы атайын кабылдоочулар (сенсорлор) тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып, мээге жиберилет. Ошол эле учурда лимонаддын күчтүү жыты, аны ичкениңиздеги таттуу даамы жана стаканды караганыңыздагы сары түсү дагы тиешелүү сезүү органдарыңыз тарабынан электрдик заряд абалында мээге жөнөтүлөт. Андан соң столго коюп жатканда стакандын столго тийишинен чыккан үн дагы кулагыңыз тарабынан алынып, мээге электрдик сигнал катары жиберилет. Жана бул кабылдоолордун баары мээдеги башка башка, бирок бири-бири менен ортоктошуп иштеген сезүү борборлору тарабынан чечмеленет. Сиз болсо бул чечмелөөнүн натыйжасында бир стакан лимонад ичтим деп ойлойсуз. Бул маанилүү чындык жөнүндө Б. Рассел жана Л. Витгенштейн сыяктуу белгилүү философтордун көз-караштары төмөнкүдөй:
...Бир лимондун чындап бар же жок экенин жана кандай процесс менен бар болгонун сураганга жана изилдегенге болбойт. Лимон тил менен сезилген даам, мурун менен сезилген жыт, көз менен көрүлгөн түс жана формадан гана турат, жана ушул сыпаттары гана илимий бир изилдөөгө жана анализге алынышы мүмкүн. Илим заттык дүйнөнү эч качан биле албайт.51
Башкача айтканда, мээбиздин сыртындагы заттык дүйнөгө эч качан жете албайбыз. Биз билген нерселердин баары чындыгында көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдердин жыйындысы гана. Кабылдоо борборлорундагы маалыматтарды анализ кылган мээбиз өмүр бою заттын биздин сыртыбыздагы «оригиналын» эмес, мээбиздеги копияларын билет. Биз болсо бул копияларды денебиздин сыртындагы чыныгы заттар деп ойлоп жаңылабыз.
Бул жерге чейин айтылгандар бүгүнкү күндө илим тарабынан толук далилденген апачык чындыктар. Кайсы илимпоздон сурасаңыз, бул системалардын иштешин, ичинде жашаган дүйнөңүздүн негизи мээңизде кабылданган сезимдердин жыйындысы экенин сизге айтып бере алат. Мисалы, англис физик Джон Гриббин мээнин жасаган чечмелөөлөрү жөнүндө мындай дейт:
... Сезимдерибиз болсо сырткы дүйнөдөн келген сигналдардын мээбиздеги бир чечмелөөсү болуп саналат, бакчада бир дарак бардай болот... Бирок мээм сезимдеримдин элегинен өткөн сигналдарды кабылдайт. Дарак болгону бир сигнал. Анда кайсынысы чындык? Сезимдерим пайда кылган даракпы, же бакчадагы даракпы?52
Албетте, бул терең ойлонууну талап кылган өтө маанилүү бир чындык. Бул жерге чейин айтылган физикалык чындыктар бизди талашсыз бир тыянакка алып барат: биз көргөн, тийген, уккан жана атын «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөр – негизи мээбизде чечмеленген электрдик сигналдар гана. Биз эч качан заттын мээбиздин сыртындагы чыныгысына жете албайбыз. Сырткы дүйнөнүн мээбизде пайда болгон сүрөттөлүшүн көрүп, угабыз жана сезебиз.
Мисалы, мөмө жеп жаткан бир адам чындыгында мөмөнүн мээсиндеги кабылдоосун көрүп сезет, чыныгысын эмес. Анын «мөмө» деп атаган нерсеси мөмөнүн формасы, даамы, жыты жана катуулугу жөнүндөгү электрдик маалыматтын мээдеги кабылданышынан гана турат. Эгер мээге барчу көрүү нервин үзүп койсоңуз, мөмөнүн сүрөттөлүшү да ошол замат жок болот. Же мурундагы рецепторлордон мээге барчу нервдин үзүлүп калышы жыт сезүү сезимиңизди толук жок кылып койот. Себеби мөмө деген нерсе бир катар электрдик сигналдардын мээдеги чечмеленишинен гана турат.
Бул жерде «алыстык сезими» жөнүндө да ой жүгүртүү керек. Алыстык, мисалы, бул китеп менен сиздин араңыздагы аралык – мээңизде пайда болгон бир боштук сезими гана. Бир адам менден абдан алыста деп ойлогон заттар дагы негизи анын мээсинин ичинде. Мисалы, бир адам асманды карап жылдыздарды көрөт жана аларды миллиондогон жарык жылы алыста деп ойлойт. Бирок, жылдыздар анын ичинде, мээсиндеги көрүү борборунда болот. Буларды окуп жатканда ичинде отурам деп ойлогон бөлмөңүздүн дагы негизи ичинде эмессиз; тескерисинче бөлмө сиздин ичиңизде. Денеңизди көрүшүңүз сизди бөлмөнүн ичинде отурганыңызга ынандырат. Бирок бир нерсени унутпаңыз; денеңиз дагы мээңизде пайда болгон бир сүрөттөлүш.

Капкараңгы бир жерде миллиондогон түс

Бул теманы тереңирээк ойлонуп баштаганда мындан да кереметтүү чындыктарды көрөбүз. Сезүү борборлорубуз жайгашкан «мээ» деген жер болжол менен 1400 граммдан турган бир кесим эт. Жана бул бир кесим эт баш сөөгү деп аталган бир сөөктүн ичинде коргоого алынган. Бул ушунчалык күчтүү тосмо болгондуктан, баш сөөгүнүн ичине сырттан жарык да, үн да, жыт да кире албайт. Баштын ичи капкараңгы, бүтүндөй жымжырт жана эч бир жыт болбогон бир жер.
Бирок бул чымкый караңгы жерде миллиондогон түрдүү түстөрү, ар кандай даамдары, жыттары, миллиондогон тондогу үндөрү менен бизге тиешелүү бир дүйнөдө жашайбыз.

Булар кайдан келүүдө?

Жарыгы жок бир жерде жарыкты, жытсыз бир жерде жытты, толук жымжырттыктын ичинде ызы-чуу үндөрдү жана башка сезимдериңизди сизге ким сездирүүдө? Буларды сиз үчүн жараткан ким?
Негизи өмүрүңүздүн ар бир көз ирмеминде кереметтер, абдан таң калыштуу окуялар болууда. Бир аз мурда да айтылгандай, мисалы ичинде отурган бөлмөңүзгө тиешелүү бүт кабылдоолор электрдик сигналдарга айланып, мээңизге жетет. Жана ал жерде бириктирилген сезимдер мээңиз тарабынан бир бөлмөнүн сүрөттөлүшү катары чечмеленет. Башкача айтканда, сиз бир бөлмөнүн ичинде отурам деп ойлоп жатканыңызда, негизи бөлмө сиздин ичиңизде, мээңизде турган болот. Бөлмөнүн мээде турган, тагыраак айтканда, кабылданган жери болсо – абдан кичинекей, караңгы, жымжырт бир жер. Бирок кандайдыр бир жол менен бул тар жердин ичине көз алдыңыздагы учу-кыйырсыз аалам батат. Сиз ичинде отурган тар бөлмөңүздү да, учу-кыйырсыз бир деңизди да бир эле жерде кабылдайсыз, б.а. көрөсүз.
Сырткы дүйнөдөгү сигналдарды чечмелеп, бизге түшүнүктүү бир нерсеге айландырган – бул биздин мээбиз. Мисалы, угуу сезимин карайлы. Кулагыбыздын ичине келген үн толкундарын чечмелеп, аны бир симфонияга айландырган нерсе негизи мээбиз. Башкача айтканда, музыка мээбиз пайда кылган бир сезим. Түстөр көзүбүзгө жеткен ар кандай толкун узундуктары гана. Бул ар кандай толкун узундуктарын түстөргө айландырган да кайры эле мээбиз. Сырткы дүйнөдө түс жок. Алма кызыл эмес, асман көк эмес, дарактар жашыл эмес. Алар биз ошондой кабылдаганыбыз үчүн гана ошондой.
Көздөгү тордомо челдин бир аз эле жабыркашы түс сокурдугуна (дальтонизмге) себеп болот. Кээ бир адамдар көктү жашыл, кээ бирлери кызылды көктөй көрөт. Мындан соң сырттагы заттын түстүү болуп болбошу маанисиз болуп калат. Белгилүү ойчул Беркли бул чындыкка мындайча көңүл бурган:
Башында түстөр, жыттар ж.б. «чындап бар деп» кабыл алынган; бирок кийинчерээк мындай көз-караштар четке кагылды жана булардын сезимдерибиз себептүү гана бар экени белгилүү болду.53
Жыйынтыктасак, биз заттарды алар түстүү болгону үчүн же сыртта зат (материя) катары бар болгону үчүн түстүү көрбөйбүз. Себеби заттардын биз билген, биз ат койгон бүт сыпаттары «сырткы дүйнөдө» эмес, ичибизде.
Бул балким ушул күнгө чейин сиз эч ойлонбогон бир чындык болушу керек.

Адамдын билиминин чектүүлүгү

Бул жерге чейин айтылган чындыктын эң негизги тыянактарынын бири – бул адамдын сырткы дүйнө жөнүндөгү маалыматынын абдан чектүүлүгү.
Сырткы дүйнө жөнүндө билгендерибиз беш сезимибиз менен чектелген жана бул сезимдер бизге сездирген дүйнөнүн «чыныгы дүйнө» менен толук бирдей экенин көрсөтө турган эч бир далил жок.
Ошондуктан чыныгы дүйнө биз билгенден такыр башкача болушу мүмкүн. Ал жерде биз көрүп сезе албаган көптөгөн жандыктар жана чен-өлчөмдөр болушу мүмкүн. Биздин маалыматыбыз ааламдын эң алыскы чектерине чейин жетсек дагы, чектүү бойдон кала берет.
Бүт нерсени толук жана эч бир кемчиликсиз баарын жараткан Улуу Аллах билет. Аллах жараткан жандыктар болсо Ал каалаганчалык маалыматты гана биле алышат. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Сезген ким?

Кабылдоо (сезүү) үчүн сырткы дүйнөгө эч муктаждык жок. Кандайдыр бир жол менен мээге сигнал берүүнүн натыйжасында бүт сезимдер ишке киришип, сезимдер, сүрөттөлүштөр жана үндөр пайда боло алат. Түштөрүбүз мунун эң ачык далили.
Түш көрүп жатканда, денеңиз көбүнчө караңгы жана тыптынч бир бөлмөдө, кыймылсыз бойдон жатат жана көздөрүңүз бекем жумулуу болот. Сырттан мээңиз сезиши үчүн сизге жарык да, үн да, башка ушул сыяктуу нерсе да келбейт. Бирок түшүңүздө ойгоо кезиңиздегиге абдан окшош нерселерди ушундай эле тунук жана жандуу абалда көрүп сезесиз. Түштө дагы эрте менен ойгонуп, жумушка жеткенге шашасыз. Же эс алууга чыгып, деңиздин жээгине барып, ал жерде күндүн ысыгын сезесиз.
Болгондо да, түшүңүздө көргөндөрүңүздүн чындык экенинен эч күмөн санабайсыз, ойгонгондон кийин ойлонгондо гана баарынын түш экенин түшүнөсүз. Түшүңүздө коркуу, толкундануу, кубануу, кайгыруу сыяктуу сезимдерди сезип, ар кандай жерлерди көрөсүз, үндөрдү угасыз жана заттардын катуулугун сезесиз. Бирок бул сезимдерге, кабылдоолорго себеп боло турган эч кандай булак жок. Караңгы жана тыптынч бир бөлмөдө жаткан болосуз. Түш жөнүндөгү бул таң калыштуу чындык жөнүндө белгилүү ойчул Декарт мындай деген:
Түшүмдө тигини-муну жасаганымды, тыякка-быякка барганымды көрөм; ойгонгондо болсо эч нерсе кылбаганымды, эч жерге барбаганымды, тынч гана төшөктө жатканымды түшүнөм. Менин азыр түш көрүп жатпаганыма, ал тургай, бүт өмүрүмдүн бир түш эмес экенине ким мага кепилдик бере алат?54
Демек бул жерде чындык апачык көрүнүп турат: «биз ичинде жашаган дүйнө бар», «биз ал дүйнөнүн ичинде жашап жатабыз» деп ойлойбуз, бирок негизи «бул дүйнөнүн чыныгысын көрүп, сезим жатам» деп айтууга эч бир негиз жок.

Мээбиз сырткы дүйнөдөн өзүнчөбү?

Бул жерге чейин айтылгандай, сырткы дүйнө деген нерселердин баары бизге көрсөтүлгөн кабылдоолордон гана турса, анда буларды көрүп жатат, сезип жатат деген мээбиз эмне? Мээбиз дагы башка бүт нерселер сыяктуу атомдордон, молекулалардан турган бир зат эмеспи?
Биз «мээ» деп атаган нерсе дагы сезүү органдарыбыз аркылуу кабылдаган бир кесим эт. Андай болсо булардын баарын кабылдаган, сезген ким? Көргөн, уккан, сезген, жыттаган, даам сезген мээ эмес болсо, анда эмне?
Мына ушул жерде апачык чындыкты түшүнөбүз: адам – аң-сезимдүү, көрө алган, сезе алган, ойлоно алган, сын-пикир жүргүзө алган бир жандык катары затты түзгөн атомдордон, молекулалардан такыр башка бир нерсе. Адамды адам кылган – Аллах ага берген «рух». Адамдын аң-сезимин жана башка бүт адамдык касиеттерин болжол менен 1,5 килограммдык бир кесим этке берүү такыр акылга сыйбайт.

Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпагын бир маңыздан (сүлаледен), болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)

Бизге эң жакын Зат – Аллах

Адамдар бир заттын жыйындысы эмес, «рух» болгондуктан, биз «сырткы дүйнө» деп атаган кабылдоолорду рухубузга сездирген, аныгыраагы, буларды эч тынымсыз жаратып жаткан ким?
Албетте, бул суроонун жообу белгилүү. Адамга «рухунан үйлөгөн» Аллах айланабыздагылардын баарынын Жаратуучусу. Бул кабылдоолордун бирден бир булагы да Ал. Аллах жаратпаган эч нерсе жок. Аллах бир Куран аятында бүт нерселерди тынымсыз жаратып тураарын, жаратууну токтотсо, көргөн нерселерибиздин эч биринин бар боло албашын төмөнкүчө кабар берген:

Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)

Албетте, бул аятта заттык ааламдын Аллахтын кудурети астында кармалып тураары айтылууда. Аллах ааламды, дүйнөнү, тоолорду, жандуу-жансыздардын баарын жараткан жана аларды дайыма кудурети астында кармап турат. Аллахтын «Халик» деген сыпаты бул заттык ааламда көрүнүүдө. Аллах – «Халик», башкача айтканда, бүт баарын жараткан, жоктон бар кылган. Бул бизге мээбиздин сыртында Аллах жараткан нерселерден турган, заттык бир ааламдын бар экенин көрсөтүүдө. Бирок Аллах бир керемет катары жана жаратуу кудуретинин жана чексиз илиминин бир көрсөткүчү катары бул заттык ааламды бизге бир «элес», «көлөкө» же «сүрөттөлүш» катары көрсөтүүдө. Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу себептүү адам мээсинин сыртындагы дүйнөгө эч качан жете албайт. Бул чыныгы заттык ааламды бир гана Аллах билет.
Фатыр Сүрөсүндөгү аяттын дагы бир чечмелениши болсо мындай: адамдар көрүп жаткан заттык ааламдын сүрөттөлүштөрүн дагы Аллах дайыма кармап турат. (Эң туурасын Аллах билет.) Аллах мээбизге дүйнөнүн сүрөттөлүшүн көрсөтпөөнү кааласа, бүт аалам биз үчүн жок болот жана аны кайра эч качан көрө албайбыз.


Бул айтылгандардан чыныгы абсолюттук Заттын Аллах экенин түшүнөбүз. Ал асмандардагы жана жердегилердин баарын ороп-курчап турат. Аллах Куран аяттары аркылуу дагы бүт тарапта экенин, бүт нерсени ороп-курчап тураарын кабар берген:

Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Күмөнсүз, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Биз сага: «Албетте, Раббиң адамдарды толук курчап турат» деген элек... (Исра Сүрөсү, 60)

Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)


Аллах сизди алдыңыздан, артыңыздан, оң тарабыңыздан, сол тарабыңыздан, кыскасы, бүт тараптан курчап турат; дайыма, бүт тарапта сизге күбө болгон, ичиңизди жана сыртыңызды толук билген жана сизге күрөө тамырыңыздан жакын турган – бир гана чексиз кудуреттүү Аллах.

Булактар:

51        Orhan Hançerlioğlu, Düşünce Tarihi, Remzi Kitabevi, İstanbul: 1987, s.447
52        Taşkın Tuna, Uzayın Ötesi, sf.194)
53        Treaties Concerning the Principle of Human Knowledge, 1710, Works of George Berkeley, vol.1, ed. A. Fraser, Oxford, 1871
54        Macit Gökberk, Felsefe Tarihi, s.263

Комментариев нет:

Отправить комментарий