суббота, 3 октября 2015 г.

КӨЗ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ


Медицина технологиясынын өнүгүшү менен бирге, адамдын көзүнүн канчалык улуу бир керемет экени да жакшыраак көрүнө баштады. Көз жөнүндө алынган маалыматтардын технологияда колдонулушунун натыйжасында күн өткөн сайын мурдакыга караганда жакшыраак камералар, фотоаппараттар жана сансыз оптикалык системалар өндүрүлүп жатат. Бирок технология канчалык өнүксө да, жасалган электрондук шаймандар көздүн примитивдүү бир копиясы бойдон гана калууда. Компьютерге таянган санариптик камералар да кошо, эч бир адамзат ойлоп тапкан шайман көз менен атаандаша албайт.41
Көздүн иштөө системасын туурап жасалган, эң кеңири тараган оптикалык шаймандардын бири – бул фотоаппарат. Көздүн кереметтүү иштөө системасын эстөө жана канчалык өнүксө да, көздүн эң алдыңкы технологиялык ачылыштардан бир топ жогоруда тураарын көрүү үчүн бул шаймандын кээ бир өзгөчөлүктөрү менен көздү салыштыралы.

Фотоаппарат

Фотоаппаратта негизги принцип катары объектив үч өлчөмдүү дүйнөнү эки өлчөмдүү бир тегиздикке түшүрөт. Сүрөттөлүш бул тегиздикке кичирейтилип жана башы төмөн абалда түшүрүлөт.
Адамдын көзүнүн алдыңкы бөлүгүндө жайгашкан айнекчел менен ич жагында жайгашкан чечекей дагы сүрөттөлүштү көздүн ичине туштайт (түшүрөт). Көздүн ичи караңгы бир бөлмө сыяктуу, бирок бул караңгы бөлмөнүн жандуу экенин унутпаш керек. Сүрөттөлүш башы төмөн абалда түшкөн жер болсо – тордомо чел аттуу кыртыш (ткань). Бетинде сүрөттөлүштүн пайда болушу жагынан тордомо челди фотопленкага салыштырууга болот. Тордомо чел бул сүрөттөлүштү электрдик сигналдарга айландырып мээге жиберүү кызматын аткарат.

- Тунуктукту жөнгө салуу

Фотоаппарат менен сүрөткө түшүүдө биринчи кезекте тунуктукту жөнгө салуу керек болот. Көрүү процессинде айланабыздагы сүрөттөлүштөр сезгич катмардын бетине тунук түшүшү үчүн көздүн чечекейи көргүбүз келген нерсенин алыстыгына жараша өзүн жөнгө салышы керек. Фотоаппараттарда бул кол менен, өнүккөн камераларда болсо автоматтык түрдө жасалат. Белгилүү максаттарда колдонулган микроскоп жана телескоптордо дагы тунуктук жөнгө салынат. Кайсы учурда болбосун, бул белгилүү бир убакытты талап кылат.
Адамдын көзү болсо бул жөнгө салууну абдан кыска убакыт ичинде, өз алдынча жасап турат. Болгондо да, көздүн колдонгон ыкмасы тууроого болбой турганчалык татаал. Көз ичиндеги чечекей жана айланасындагы булчуңдар аркылуу сүрөттөлүштү тордомо челдин бетине үзгүлтүксүз түшүрөт. Түзүлүшү абдан ийкемдүү болуп, формасын оңой өзгөртө алган бул чечекей керек учурда дөмпөйүп, керек болгондо чоюлуу аркылуу жарыкты бир чекитке түшүрөт.
Эгер көздөгү бул жөнгө салуу автоматтык түрдө жасалбаганда, мисалы, бир баскыч (кнопка) аркылуу адам караган жерине көзүн тууралаганга мажбур болгондо, көрүү үчүн дайыма ал кнопканы басышы керек болмок. Сүрөттөлүш бир тунуп, бир бозоро бермек. Бир нерсени караганда аны көрүү бир топ убакыт алып, жашообуз абдан жайламак.
Адам маңдайында белгилүү бир аралыкта турган бир нерсени тунук көрүүнү каалаганда, ортодогу аралыкты, чечекейди жөнгө салуу жана аны менен байланыштуу көптөгөн оптикалык эсептөөлөрдү жасап отурбайт. Бир нерсени тунук көрө алуу үчүн аны карашы гана жетиштүү болот. Калган процесстердин баары автоматтык түрдө көз жана мээ тарабынан жүргүзүлөт. Болгондо да, бул процесстер бир көз ирмемчелик кыска убакытты алат.

- Жарыкка ыңгайлашуу
Бир фотоаппаратта күндүз тартылган сүрөт тунук болот. Ушул эле пленка жана аппарат менен түнкүсүн жылдыздарды жана асманды тартсак, сүрөттөн эч нерсе көрүнбөйт. Ал эми көздүн кабактарын болсо секунданын ондон биринчелик эле убакытка ачкан соң, жылдыздарды куралсыз көз менен көрө алабыз. Себеби көз жарыктын жана температуранын ар кандай шарттарына жараша өзүн тынымсыз, автоматтык түрдө жөнгө салып турат. Муну каректин айланасындагы булчуңдар жасайт. Эгер караңгы бир жерде болсок, бул булчуңдар ачылып, карек кеңейет жана көзгө көбүрөөк жарык кирет. Эгер айланабыз жарык болсо, анда булчуңдар жабылып, карек кичирейет жана ичкери кирген жарыктын өлчөмү азайтылат. Натыйжада күндүз дагы, түндөсү дагы сүрөттөлүш тунук көрүнөт.

- Түстүү дүйнөгө ачылган терезе
Көз сүрөттөлүштүн ак-кара сүрөтүн да, түстүү сүрөтүн да тартат. Кийинчерээк бул сүрөттөр мээде синтезделип, кадимки сүрөттөлүшкө айланат.
Тордомо чел катмарында жайгашкан таякча клеткалары көрүнгөн форманын ак-кара сүрөттөлүшүн аныкташат. Таякча клеткалары, мындан тышкары, каралган нерсенин формасын, сызыктарын жакшылап кабылдоо кызматын да аткарат. Кумганча клеткалары болсо нерсенин формасын эмес, түстөрүн аныкташат. Аягында, эки клетка түрүнөн алынган сигналдар анализделип, мээде сырткы дүйнөнүн сүрөттөлүшүнүн форма жана түстөрү пайда болот.

- Жогорку технология
Көздү жакшыраак түшүнүү үчүн гана фотоаппаратка салыштыруу жасап жатабыз. Негизи фотоаппарат көзгө салыштырганда абдан жөнөкөй болуп калат. Ал тургай, көздүн сүрөттөлүштү өткөрүү ыкмасы эң алдыңкы камералардан да эсе эсе жогоруда турат. Көз мээге өткөргөн сүрөттөлүш адам жасаган шаймандардын сүрөттөлүшүнөн алда канча сапаттуу.


Бул чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн бир телевизор камерасынын иштөө принцибин кароого болот. Телевизордун иштөө принциби сүрөттөлүштөрдүн эмес, бир сүрөттөлүштү кайрадан пайда кыла турган аз же көп жарык кылынган чекит массивдеринин жиберилишине таянат. Ошондуктан камеранын алдындагы нерсе белгилүү сандагы тилкелерге бөлүнгөндүктөн, телеберүү учурунда «сканерлөө» жасалат. Бир фотоэлемент лампасы бул тилкенин бүт чекиттерин солдон оңду көздөй катары менен көрөт. Баарынын жарык абалын анализдеп, аягында ошонун негизинде бир катар сигналдарды жиберет. Бир тилкени (сапты) башынан аягына чейин сканерлеген соң, кийинки тилкеге өтөт жана сканерлөө процесси ушундайча улантылат. Мисалы, Европада 625 тилкеге бөлүнгөн бир сүрөттөлүштүн секундасына 25 жолу сканерленишинен телевизор экранындагы сүрөттөлүш пайда болот. Бир сүрөттөлүш толук бүткөн соң, жаңы бир сүрөттөлүш жиберилет. Ушинтип абдан көп маалымат жөнөтүлөт жана сигналдар укмуш чоң ылдамдык менен чыгарылат.
Көздүн иштөө системасынын мындан алда канча татаал экенин, болгондо да, эч кандай кароону жана тетиктерди алмаштырууну талап кылбашын ойлогонубузда, көздүн түзүлүшүнүн канчалык таң калыштуу жана кемчиликсиз экенин жакшы түшүнөбүз.42

Линияны орток колдонуу

Тордомо челдин бетиндеги клеткалар бир нерв линиясы аркылуу түздөн-түз мээге туташышат. Клеткалар сигналдарын ушул линиялар аркылуу мээге жиберишет. Тордомо челде 140 миллион клетка болсо, көргөзгүч нервдердин 1 миллион гана нерв линиясы бар. Башкача айтканда, ар бир 140 клеткага бир гана линия туура келет. Кадимки шарттарда бул абдан чоң бир маселе жана бул маселе чечилбесе, сүрөттөлүш пайда болбойт. Анда бүт клеткалардын сигналдары кантип мээге толук бойдон жетип, көрүүдө эч маселе жаралбайт?
Бул суроого жооп берүүдөн мурда адамзат жасаган телекоммуникация системаларынын азыркы күндө жеткен акыркы чегин карап чыгуу туура болот. Материктер арасы байланышта абдан алдыңкы системалар колдонулат жана бир учурда миңдеген сүйлөшүүлөр жасалат. Бирок учурдагы линиялардын саны сүйлөшүүлөрдүн санынан бир топко аз. Абдан алдыңкы бир система аркылуу бир линияга бирден көп сүйлөшүү жүктөлө алууда. Бул сүйлөшүүлөрдүн сигналдары кезеги менен орун которуп линиядан өтүшөт. Бул орун которуу процесси ушунчалык ыкчам болгондуктан, ар бир адам өзүнчө бир линияда сүйлөшүп жаткандай сезет. Бир линияда секунда сайын жүздөгөн жолу байланыштын алынып, башкага берилип, кайра артка алынганы сезилбейт дагы. Линиялардан бир топ үнөмдөөгө себеп болгон бул система көздөгү системанын бир копиясы гана.
Көз менен мээнин арасындагы нерв линиялары дагы ушул сыяктуу клеткалар тарабынан ортоктошуп колдонулат. Натыйжада миллиондогон клеткадан чыккан электрдик сигналдар тынымсыз мээге барып турат.
Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, адамдын денесинде абдан жогорку бир система бар. Эми бул системаны эволюция теориясынын көз-караштарынын негизинде, эч чындыкка жакындабаган гипотезалар менен түшүндүрүүгө аракет кылалы.
Көздү түзгөн бүт катмарлар, чечекей, айнекчел, көз булчуңдары, мээ, мээ менен байланышты камсыз кылган бир миллион нерв линиясы, тордомо челди түзгөн 140 миллион клетка, көздүн кабагы, көз жашы, көздүн булактары, көздү азыктандырган кан жана лимфа тамырлары жана алардын ичиндеги кан жана лимфанын баары бир учурда, бири-бири менен байланышкан абалда -эч ыктымалсыз болсо да- кокустан пайда болду деп элестетели. Баары бир көрө алмак эмеспиз, себеби линиялар мээ менен байланыш курууга жетмек эмес. Сигналдардын 140тан бирөөсү гана мээге жетип, сигналдар кем жана үзүк үзүк болгону үчүн сүрөттөлүш пайда болмок эмес.
Бул тоскоолдук кантип чечилген? Нерв клеткалары менен тордомо челди түзгөн клеткалар чогулуп алып, план түзүшкөнбү? Же бул клеткалар телекоммуникация билимин алышып, бир линиядан 140 башка сигнал жөнөтө ала турган системаны өз баштары менен курушканбы?
Бир топ талкуу жасалган соң, маселени чечүүнүн бирден бир жолу клеткалар тарабынан бир добуштан кабыл алынган болушу керек. Андан соң клеткалардын баары өздөрү түзгөн пландын негизинде иш алып барышкан. Ар бир линия орто эсеп менен 140 клетканын сигналдарын өткөрүп баштаган. Сигнал булактарын кезекке коюп, секундасына миңдеген сигналдарды өткөрө баштаган...
Бирок бул системаны куруп коюу менен эле маселе чечилбейт. Бул системаны кийинки урпакка өткөрүп берүү да керек эле. Ал үчүн миңдеген баскычтан турган генетикалык маалымат бул системанын маалыматын өткөрө ала турган бир коддоо ыкмасы менен, эч катасыз, көз клеткаларынан абдан алыста жайгашкан көбөйүү клеткаларына жайгаштырылган. Эгер бул жасалбаганда, кийинки урпак кайра эле сокур туулуп, жашай алмак эмес.
Эгер линиялардын санынын жетишсиз болуу маселеси чечилбегенде, көздү түзгөн башка бөлүктөр, айнекчел, тордомо чел, чечекей, карек, көздүн булчуңдары, бүт баары эч бир ишке жарабай калмак. Бул жогорку механизмдер жандык өлгөндө, аны менен кошо жок болушмак.
Көрүнүп тургандай, бул система менен көздү түзгөн катмарлардын баары, бүт бөлүктөр бир учурда, чогуу пайда болушу керек. Көз бөлүк бөлүк эмес, бүтүн бойдон пайда болгон, башкача айтканда, Аллах тарабынан жаратылган.


Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган ортокторуңарды көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок.» (Фатыр Сүрөсү, 40)

Булактар:

41        Ma­uri­ce Bur­ton, Bö­cek­ler, İs­tan­bul: Rem­zi Ki­ta­be­vi, 1979, s. 33.
42        Niko Tinberg, Animal Behavior, 2nd edition, Life Nature Library-Time Life Books, Hong Kong: 1980, s. 13

Комментариев нет:

Отправить комментарий