воскресенье, 4 октября 2015 г.

КИРИШҮҮ


Бул сүйлөмдү сиз окуп бүткөнгө чейин көзүңүздө болжол менен жүз миллиард (100.000.000.000) операция жасалды. Балким ишенүү кыйындыр, бирок дүйнөнүн эң укмуштуу шаймандарынын бир жубу бар сизде. Адам баласы алигече көзгө окшогон бир шайманды жасай алган жок. Жашооңуздагылардын баарынын маанисин көздөрүңүз менен гана түшүнөсүз. Үй-бүлөңүздү, досторуңузду, үйүңүздү, жумушуңузду, кыска өмүрүңүздө көргөн нерселериңиздин баарын көздөрүңүз менен гана чындап тааныдыңыз. Алар болбосо сырткы дүйнөнү эч качан толук тааный алмак эмессиз. Көздөрүңүз болбогондо, бир түстүн, бир форманын, бир табияттын, бир адамдын жүзүнүн, сулуулук деген түшүнүктүн кандай экенин эч качан элестете алмак эмессиз. Бирок көздөрүңүз бар жана алар аркылуу айланаңызды көрүп, азыр буларды окуп жатасыз.
Болгондо да, көрүү үчүн эч аракет кылышыңыздын кереги жок; көргүңүз келген нерсени карашыңыз гана жетиштүү. Көзүңүзгө, көздүн ичиндеги тетиктерге, көздөн мээге барган нервдерге жана мээңизге «карагыла, көргүлө, мобул операцияларды жасагыла» деп буйрук бербейсиз. Жер жүзүндө жашаган жана жашап өткөн миллиарддаган адамдар сыяктуу, сиздин дагы көрүү үчүн карап коюшуңуз гана жетиштүү. Бир нерсени тунук көрүү үчүн көзүңүздүн чечекейинин радиусунун буюмдун алыстыгына жараша талап кылынган оптикалык өлчөмүн, чечекейдин айланасындагы булчуңдардын жогорку тактыктагы жыйрылуу чоңдуктарын эсептебейсиз. Сиз болгону аны тунук көрүүнү гана каалайсыз, калганы секунданын өтө аз бир тилкесинде сиз үчүн автоматтык түрдө жасалат. Мунун канчалык чоң керемет экени, канчалаган адамдар сыяктуу, балким ушул күнгө чейин сиздин да оюңузга келбегендир.
Болгондо да, мынчалык укмуш бир шаймандуу болуу үчүн сиз эч нерсе кылган жоксуз. Төрөлгөндө эле көздөрүңүз дагы, кандайдыр бир ооруңуз болбосо, өтө кемчиликсиз бир түзүлүштө денеңизде бар болчу.
Бул тартуунун (нематтын) баркын көрүү жөндөмүнөн кийинчерээк ажырап калгандар эң жакшы түшүнүшөт. Эгер бир күнү көздөрүңүздөн ажырап калсаңыз -негизи мындай ыктымалдык бар- ошол күндөн баштап келечектеги пландарыңыздын баары экинчи планда калып, дүйнөдөгү эң чоң каалооңуз көздөрүңүзгө кайрадан жетүү болот. Же көп жыл бою сокурдукта өмүр сүргөн соң бир күнү медициналык бир аракеттин натыйжасында көздөрүңүз көрүп калды дейли. Ишенип коюңуз, бул дүйнөдө эч бир белек сиз үчүн мындан баалуу боло албайт, ал күнү жана андан кийинки күндөрү сизди эч нерсе мынчалык кубантып, бактылуу кыла албайт. Бир аятта Раббибиз мындай деп билдирет:

Айткын: «Силерди жасаган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)


Эволюция теориясы кайрадан туюкта


Адам үчүн мынчалык баалуу болгон бул сезүү органы кантип пайда болгон? Көрүү деген түшүнүк кантип жоктон бар болду? Дагы бир аз кененирээк карап бул суроону кеңейтели. Беш сезими, мээси, бири-бири менен гармонияда иштеген ички органдары, колдору, буттары, денеси жана руху менен адам кантип пайда болду?
Акылын колдоно алган, логикага таянган ар бир адам бул суроого жандыктар улуу жана кемчиликсиз бир жаратуунун натыйжасында пайда болгон деп жооп берет. Бирок бул апачык чындыкты четке каккан эволюция теориясы болсо бул суроого «кокустан пайда болгон» деп жооп берет. Эволюционисттер ушул күнгө чейин жашап өткөн бүт жандуу-жансыз нерселердин баарын эч бир Жаратуучу тарабынан жаратылбастан, сансыз кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан дешет. Бирок эволюциянын бул көз-карашы акылга да, логика эрежелерине да, илимге да карама-каршы келет. Себеби жансыз заттар жандуу нерсени пайда кылып, бир жандыкка жашоо бере албайт. Илим ааламдагы кемчиликсиз системаны кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясын бүт тарабынан кыйратты. Бүт илимий далилдер эволюционисттик көз-караштардын акылга жана илимге сыйбай турганын көрсөтүп, эволюционисттердин көз бойомочулуктарын бир-бирден ашкере кылууда. Ошондой эле, жандыктардын кокустуктар аркылуу түшүндүрүүгө болбой турган улуу бир долбоор менен жаратылганын көрсөтүүдө. Жандыктардагы бул кемчиликсиз долбоор бүт ааламды жараткан Аллахка тиешелүү.
Эволюция теориясы илим тарабынан жеңилүүгө дуушар болгонуна карабастан, дагы эле дүйнөдөгү көрүнүктүү илимий чөйрөлөр жана массалык маалымат каражаттары бири-бирине көмөктөшүп, эволюция теориясын сактап калганга аракет кылууда. Көбүнчө дүйнөнүн бир жеринен табылган баш сөөгү менен эволюция чынжырынын жетишпеген бир шакеги толукталды деген кабарларды гезиттердин биринчи бетинен жарыялоо ыкмасы колдонулат. Чындыгында болсо, жетишпеген шакеги толукталгыдай ортодо эч бир чынжыр жок. Болгондо да, ортоңку өткөөл форма деп эсептеле турган жарым балык-жарым сойлоочу, жарым сойлоочу-жарым канаттуу сыяктуу бир дагы фоссил (калдык) жок. Ошого карабастан, эволюциянын бүт этаптары далилденип, бир эле маймылдан адамга созулган чынжырда майда-чүйдө жетишпестиктер калгандай көрсөткөнгө аракет кылышат.
Эволюционисттердин адамдардын көңүлүн өзгөчө баш сөөгүнүн калдыктарына бурушунун, албетте, бир себеби бар. Тарых бою чоң-кичине миңдеген маймыл түрү жашап өткөн жана алардын токсон жети пайызы тукум курут болгон. Бул маймылдардын баш сөөктөрүнүн калдыктарын (фоссилдерин) көлөмүнө жана кээ бир өзгөчөлүктөрүнө карап тизип, «мына маймылдан адамга созулган чынжыр» деп айтуу абдан оңой. Эч кандай так бир далилге таянбаган ойдон чыгарылган сүрөттөр, фоссил көз бойомочулуктары жана алдамчы тизмектер дагы эволюция сценарийлеринин негизги материалдары болуп саналат. Чындыгында болсо, эволюция теориясы микробиология этабында эле кыйрап бүткөн. Мындан тышкары, комплекстүү түзүлүштөрдүн кантип пайда болгонун эч качан түшүндүрө албайт. Ошондуктан эволюционист чөйрөлөр мүмкүн болушунча бул темаларды талкуулоодон качышат. Кээ кээде болсо эч жооп боло албаган илимий маалыматтарды тизмектеп, бул темаларды да түшүндүргөн сыяктуу көрсөткөнгө аракет кылышат.
Бул китептин темасы болгон көз дагы «көздөрдү ойлонуу мени бул теориядан алыстатты» деген Дарвинден бери эволюционисттерди туюкка такаган органдардын бири. Көздүн түзүлүшү менен функцияларын тереңирээк караганда эволюционисттердин качуу себебин жакшыраак түшүнөбүз. Көз көптөгөн бөлүктөрдөн турган комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Укмуш кеңири масштабдуу функциялары бар. Алардын баары көздү түзгөн бөлүктөрдүн бири-бири менен гармонияда иштешинен көз-каранды. Көздүн бөлүктөрүнүн бирөөсү эле болбосо, көз өз кызматын аткара албай калат. Бул болсо эволюция теориясы үчүн бир туюк болуп саналат. Себеби эволюция бүт органдар убакыттын өтүшү менен, өзүнөн-өзү пайда болгон дейт. Көздүн бүт түзүлүштөрү менен бирге бир учурда, эч кемчиликсиз пайда болуу мажбурлугу болсо мындай процесстин эч качан боло албашын көрсөтөт.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн бир мисал берели. Көз жашын чыгарбаган бир көз кыска убакыт ичинде соолуп, сокур болуп калат. Мындан тышкары, көз жашы антисептикалык өзгөчөлүгүнөн улам көздү микробдордон коргойт. Эволюционисттер көз жашы болбосо бир канча сааттын ичинде соолуп кала турган көз «эволюция процессинде» көз жашынын бездери пайда болгонго чейин миллиондогон жыл кантип чыдаган деген суроону ойлонгулары да келбейт. Болгондо да, көз өз функциясын аткара алышы үчүн бүт орган жана системалары менен бирге бар болгон бир денеден тышкары, айнекчел, конъюнктива, карек айланасындагы чел, карек, чечекей, тордомо чел, хориоидея, көз булчуңдары, көздүн кабактары сыяктуу ткань жана түзүлүштөргө муктаж. Мындан тышкары, көз менен мээнин байланышын камсыз кылган укмуш бир нерв тармагы менен мээдеги өтө комплекстүү көрүү аймагы болмоюнча, көрө албайбыз. Бул айтылгандардын баары эч качан кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү жана пландуу түзүлүшкө ээ. Булардын кандайдыр бирөөсү, мисалы, чечекей болбосо, көз эч бир ишке жарабайт. Ал тургай, чечекей менен каректин орду алмашып калса, көз кайра эле өз кызматын аткара албай калат. Кыскасы, көз абдан кылдат пландалып жасалган. Бир даанасы дагы кокустан, өзүнөн-өзү пайда боло албай турган бул түзүлүштөрдүн белгилүү бир план жана гармонияда бир учурда, бир жерде пайда болушунун бир гана логикалуу түшүндүрмөсү бар. Көздүн бүт бөлүктөрү улуу акылдуу бир күч тарабынан жаратылган. Ал күч Аллахтын кудурети.
Апачык көрүнүп турган бул чындыкты кабыл алуу адамды түбөлүк жашоодо кутулууга алып бара турган жолдун биринчи кадамы болот. Бул китеп Жаратуучунун бар экенин көз алдыга тартуулап, кутулуу үчүн адамдан талап кылынган кадамдарга да жол башчы болуу максатын көздөйт.
  

АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ


Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор (план)» сөзүн туура түшүнүү керек.
Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

КӨЗДҮН КЕМЧИЛИКСИЗ ДОЛБООРУ


Көз өтө татаал түзүлүштө жаратылып, абдан маанилүү бир кызматты аткарганы менен денебизде өтө аз орунду ээлейт. Баалуу бир асыл таштын кутуда сакталышы сыяктуу, баш сөөгүбүздүн ичинде сырткы таасирлерден корголот. Абдан маанилүү бир кызматты аткарганы үчүн улуу бир долбоор менен коргоого алынган.
Көздөр алты сөөк бутагы аркылуу баш сөөгүнө туташкан, айланасы атайын тканьдар менен оролгон көз чараларынын ичине, коргой турган бир май катмарынын үстүнө жайгаштырылган. Мурун сөөгү, каштар жана бет сөөктөрү тарабынан сырткы таасирлерден коргоого алынган. Көздөрдү ороп турган бул сөөк жана тканьдардын баары чогуу «көздүн чарасы» (орбита) деп аталат.
Көздөр, эң мыкты коргоого алынуу менен бирге, денеде эч кыйынчылыксыз жана эң идеалдуу көрүүгө шарт түзө турган аймакка жайгаштырылган. Бул аймак денебизди жана кол-буттарыбызды эң жакшы башкаруубузга мүмкүнчүлүк бере турган жер болуп саналат.
Бир мисал катары, көздөрүбүздүн буттарыбыздын үстүндө жайгашканын элестетип көрөлү. Ылдый жагыбыз гана көрүнгөндүктөн, денебиздин үстүңкү бөлүгү, өзгөчө башыбыз менен тынбай ар жерди сүзүп ала бермекпиз. Мындан тышкары, тамак жеш, колдорду колдонуу сыяктуу көп кыймыл-аракеттер чоң маселеге айланмак. Бул бир гана мисал. Көздөрүбүз денебизде азыркы ордунан башка бир жерде жайгашканда, кандай кыйынчылыктарга себеп болоорун санап бүтө албайбыз.
Ошондой эле, көздөрдүн башыбызда жайгашканы алардын коопсуздугу жагынан да абдан маанилүү. Моюндун кичине жана ыкчам рефлекстүү кыймылы менен көз ага зыян тийгизе турган нерседен алып качылат.
Көздөр адамдын жүзүндө да эң идеалдуу жерде жайгашкан. Көздөр адам жүзүнүн башка бир жеринде, мисалы мурундун астында жайгашса эмне болмок? Анда коопсуздук жагынан да рисктүү болмок жана, ошондой эле, адамдар да өтө түрү суук болуп калышмак. Көрүү бурчу дагы азыркыдан бир топко чектүү болмок.
Көздөрдүн бүт тарабынан эң идеалдуу жерде, симметриялуу жайгашышы сулуулук жагынан да эң ыңгайлуу болуп саналат. Эки көздүн арасы орточо бир көздүн узундугуна барабар болот. Бул катыш бузулганда, башкача айтканда, көздөрдүн арасы алысыраак же жакыныраак болгондо, адамдын жүзү такыр башкача болуп калат.
Көз өзүндөгү бүт өзгөчөлүктөрү менен, адамдын Аллах тарабынан жаратылганын далилдейт. Бул далилдерди жакшыраак түшүнүү жана көздүн пайда болушун эволюция теориясы менен түшүндүрүүгө болбой турганына дагы бир жолу күбө болуу үчүн көздүн бөлүктөрүн тереңирээк карап чыгалы...

Көздүн кабактары


Көздөр дененин сырткы дүйнөгө ачылган терезелери болуп саналат. Бул терезелер атайын бир система аркылуу корголуп, кароого алынат. Көздүн кабактары кемчиликсиз иштеген бул системанын эң негизги бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Көздүн кабактары көз чанагын коргоо менен бирге, «конъюнктива»1 менен «айнекчелди»2 тынымсыз белгилүү өлчөмдө нымдап туруу кызматын да аткарышат. Көздүн кабактарынын ички тарабында жайгашкан конъюнктива аттуу катмардын тамырлары уктап жатканда кычкылтек ала албаган көздүн сырткы кабатын азыктандырат.
Керек учурда көз чанагынын бетин толук жана бекем жаба алган көз кабагынын териси дененин башка бөлүктөрүнө караганда бир топ жука болот. Көздүн кабагынын терисинин астыңкы катмары майсыз жана өтө жумшак болот жана кан бул аймакта оңой чогулат. Эгер көз кабагынын териси калың жана майлуу болгондо, көздөрдү ирмөө өтө кыйын болмок.
Бүт адамдар эртеден кечке эч сезбестен көздөрүн миңдеген жолу ирмешет. Бул кыймыл-аракет адамдын эркинен тышкары ишке ашат жана мунун натыйжасында көздөр нурдан жана чоочун заттардан корголот. Мунун автоматтык түрдө жасалышы дагы Жараткандын көп адамдар байкабаган бир тартуусу.
Мындай тазалануу автоматтык түрдө жасалбаганда эмне болмок? Анда адам көзүнүн ичинде көп ыпыр-сыпыр чогулганда гана көзүн ирмөө керек экенин эстемек. Бул болсо көздүн микробго чалдыгышына себеп болмок. Көз толук тазалана албагандыктан, бозомук көрүп калмакпыз. Көз ирмөө чоң кыйынчылыкка айланып, адам эртеден кечке көз ирмөөнү унутпаганга аракет кылууга мажбур болмок.
Көз бир канча секундада бир ирмелип турганда, көздүн кабактары машинанын терезесинин тазалагычтары сыяктуу көздөрдү нымдаштырып, кирлерди тазалайт. Уктап жатканда болсо көздүн кабактары жабык болгондуктан, көздөр кургап калуудан автоматтык түрдө корголот.
Көздүн кабагы көздүн ийилген (дөмпөк) түзүлүшүнө абдан төп келет. Натыйжада көздүн кабагы ачылып жабылганда көздүн алдыңкы тарабына толук тийет. Көздүн кабагы көздү мындай толук каптабаганда, калган бош жерлердеги чоочун заттар тазаланбай калмак.
Ачып-жабуу учурунда көздүн кабагынын ичиндеги атайын бир безден (Мейбом безинен) чыгарылган майлуу бир секреция кабактарды бири-бирине жабышып калуудан сактайт жана көздүн кабагынын жылмышуусун жеңилдетет.3
Көздүн кабагынын уктап жатканда жабык турушу дагы абдан маанилүү. Эгер көздүн кабагы уктаган кезде жабылбаганда, уктоо адамга абдан оор болмок. Уктай алуу үчүн караңгы бөлмө керек болмок, күндүзү эч уктаганга мүмкүнчүлүк болмок эмес.4 Уктап жатканда ачык калган көздөр болсо сырттагы нерселерден коргоосуз калмак.
Көздүн кабагынын маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн азыркы абалынын тескерисин элестетели. Эгер көздүн кабагы болбогондо, жер жүзүндөгү адамдардын баары кыска убакыт ичинде сокур болуп калмак. Көздүн үстүңкү катмарын түзгөн айнекчел кургап, көз кыска убакыттан кийин өз милдетин аткара албай баштамак. Көзгө кирген кичинекей бир чаңча дагы чоң маселелерге себеп болуп, көз заматта микробго чалдыкмак. Майда-чүйдө соккулардан да коргоосуз калган көздүн сокур болуу риски өтө жогоруламак.
Мисалы, лагофтальм деген ооруда көздүн кабактары же толук жабылбай калат же абдан кыйын жабылат. Натыйжада айнекчелдин нымдалышына коркунуч туулуп, айнекчел кургап сезгенет. Бул оорунун көпкө уланышы болсо көздү бузушу мүмкүн. Көздүн кабактары жабылбай, көз суюктугу жоголгону үчүн көздү тынымсыз тазалап, микробдон коргоо керек болот. Антпесе, таң атканга чейин ачык калган көз эрте менен ойгонгондо, ар кандай чаңга, кирге толуп калган болот.5

Алдын ала эскертүүчү система

Көз алдын ала эскертүүчү бир система аркылуу коркунучтардан корголот. Бул системанын негизги принциби боюнча, көзгө бир коркунуч туулганда көздүн айланасындагы же үстүндөгү нервдер көздүн кабагын кыймылга келтирет. Бул нервдер көздүн кабагын кыймылдатуучу булчуңдарды стимулдашат.
Көздүн кабактарын ачып-жабуучу көптөгөн булчуң түрлөрү бар. Ал булчуңдарга жараша көздүн кабактары үч түрдүү кыймылдайт:
- Көз ирмөө,
- Рефлекс катары жумулуу,
- Адамдын каалоосу менен жумулуу.

- Көз ирмөө:

Көз ирмөө абага тийип жашаган жана көзүнүн кабагы бар омурткалууларга тиешелүү бир өзгөчөлүк. Мүнөтүнө болжол менен 10-20 жолу эрктен тышкары жумулат. Тынымсыз окуу, концентрация болуу же абадагы нымдуулуктун жогорулашы сыяктуу факторлор көздүн ирмелишин азайтат. Кайгыруу, температуранын же жарыктын көбөйүшү сыяктуу факторлор болсо көздүн ирмелишин көбөйтөт. Ошентип көздүн тазалыгы адамды алагды кылбаган, автоматтык бир система аркылуу камсыз кылынат.

- Рефлекс катары жумулуу:
Рефлекс – бул адамдын ар кандай сырткы факторлорго эрктен тышкары жана тездик менен берген жообу. Керек учурда көздүн кабагын да кыймылдаткан бул рефлекс механизми көздү коркунучтардан сактайт. Айнекчелге, кирпиктерге, тездик менен каштардын ортосуна же маңдайга тийүү көздүн кабагын стимулдоочу рефлексти пайда кылат.
Көз ирмөө рефлексин пайда кылган нерв тармагын карап чыкканда, бул тармактын канчалык кылдат пландалганын апачык көрө алабыз. Себеби жогоруда айтылган ар бир рефлексте көз кабагына баруучу сигналдар башка башка нерв жолдорунан өтүшөт. Башкача айтканда, көздүн айланасы көптөгөн алдын ала эскертүүчү системалар менен жабдылган.
Мээ абдан кыска убакыт ичинде келген сигналдарды анализдеп, тиешелүү булчуңдарга нерв импульстарын жиберет. Бул процессте нерв импульстары эч жолдон адашпастан, секунданын миңден биринчелик кыска убакытта мээге жетет. Мээден келген буйруктун негизинде көздүн кабагы көздү башка заттардан коргоо же тазалоо үчүн өз убагында жумулат. Коркунучту өз убагында байкоо, ар түрдүү жагдайларга тиешелүү рефлекстерди башка башка нерв жолдорунан, бири-бирине адаштырбай сигнал түрүндө жеткирүү абдан татаал иш-аракеттер болуп саналат.
Адам тынымсыз өзгөрүп турган айлана-чөйрөнүн шарттарына ыңгайлашып өмүр сүрүү үчүн сыртта болуп жаткан окуялардан өз убагында кабардар болуп турушу керек. Ошондуктан көздүн ирмелиши адамдын сырткы дүйнөнү көрүшүнө тоскоол болбой турганчалык кыска убакытта болуп өтөт. Эгер көздүн ирмелиши көбүрөөк убакыт алганда, өтө чоң кооптуулук жаратышы мүмкүн эле. Адам көзүн ирмөө менен алагды болуп жатканда, балким күтүүсүз келип калган чоң машинадан кача албай калмак.

Жакшылыкты көрүү

Көз ирмөө бизге сезилбестен күн сайын миңдеген жолу жасалган бир кыймыл-аракет. Эч ким көзүн ирмөө үчүн атайын аракет кылбайт, көзүн ирмеп жатканда эмне үчүн көзүмдү ирмеп жатам деп ойлонбойт жана көз ирмөөнүн канчалык чоң жакшылык экенин байкабайт.
Бирок бир адам эрте менен турганда көзүнүн кабактарынын жабышып калганын, көздөрүнүн чылпакка толуп калганын көрсө, мына ошондо ошол күнгө чейинки соо көздөрүнүн баркын жакшыраак түшүнөт. «Блефарит» деп аталган оорунун натыйжасында көздөр мына ушундай абалга келип, бактериялардын уясына айланат. Блефарит – бул көздүн кабагынын бурчтарындагы инфекция. Көздүн кабагынын четинин шишип, кызарышы менен пайда болуп, күчөп кеткенде кичинекей абсцесстерге (ириңдүү шишик) жана жараларга себеп болот.
Көздүн кабагынын дагы бир оорусу болсо көздүн кабагын көтөрүүчү булчуңдардын алсыз болушунан келип чыгат. Мунун натыйжасында үстүңкү көз кабактарынын бири же экөө тең салаңдап турат жана бул адамды чарчаңкы көрсөтөт. Бул ичке булчуңдардын өз милдетин аткара албашы көрүү горизонтун да кичирейтет. Бул жерде булчуңдарды түзгөн, микроскоптон гана көрүнгөн аң-сезими жок клеткалардын өмүр бою эч чарчабай, автоматтык түрдө өз милдетин аткарышы таң калтырат.6
Ден-соолукта болуунун канчалык чоң бир жакшылык экенин түшүнүү үчүн сөзсүз эле мындай ооруларга чалдыгуу шарт эмес. Ыймандуулар Аллах берген ден-соолук үчүн дайыма шүгүр кылышат. Бир ооруга чалдыкканда болсо бир гана Аллахтан жардам сурап, Куранда сүрөттөлгөндөй тобокелдүү болот, б.а. бир гана Аллахка таянат. Аллах бир аятында мындай деп билдирет:

Немат-жакшылык катары силерге келгендин баары Аллахтан, кийин силерге бир зыян жеткенде (кайра эле) бир гана Ага жалбарасыңар. (Нахл Сүрөсү, 53)


Эң кемчиликсиз көз тамчысы: көз жашы



Көп адамдар «ыйлаганда гана аккан туздуу суу» деп ойлогон көз жашы ар кандай кызматтар үчүн ар түрдүү аралашмадан турган, өзгөчө бир суюктук болуп саналат.
Көз жашынын биринчи кызматы – бул көздү микробдордон коргоо. Курамындагы «лизоцим» ферментинин көптөгөн бактерия түрлөрүн майдалоо жана микроб өлтүрүү касиети бар. Көз лизоцим аркылуу инфекциялардан корголот. Бул зат имараттарды микробдордон тазалоодо колдонулган күчтүү дезинфектанттарда пайдаланылган заттардан да күчтүүрөөк. Ошончолук күчтүү болгонуна карабастан көзгө эч зыян тийгизбеши болсо улуу бир керемет.
Бул маалыматтар жөнүндө дагы бир жолу токтоп ойлонуу керек. Ушунчалык күчтүү бир дезинфектант кантип көздөй назик бир органга эч бир зыян тийгизбейт? Жооп апачык: курамында өтө күчтүү бир дезинфектантты камтыган көз жашы көздүн химиялык түзүлүшүнө толук шайкеш жаратылган. Жаратылыштын бүт тарабында көрүнүп турган кереметтүү шайкештик көз менен көз жашына да тиешелүү.
Мынчалык күчтүү башка эч бир дезинфектантты көзгө колдонууга болбойт. Ошондой эле, адамдар жасаган эч бир дезинфектант көз жашынын ролун аткара албайт. Бул жагдай эволюционисттер жооп бере албай турган суроолорду пайда кылат. Бири-бирине ушунчалык шайкеш келген системалар кантип бирдей пайда болушкан? Сокур кокустуктардын мынчалык кемчиликсиз түзүлүштөрдү пайда кыла албашы жана аны адамдын денесине орното албашы анык. Бирок эволюционисттердин көз-карашынын канчалык илимден жана логикадан алыс экенин көрүү үчүн -мындай нерсе эч мүмкүн эмес болсо да- кокустуктар бир нерселерди жасай алат деп элестетип көрөлү.
Кокустуктардын натыйжасында көзгө зыян бере турган, туш келди миллиарддаган кошулманын пайда болуу ыктымалдыгы бар. Анда, кантип көз үчүн ушунчалык күчтүү бир тазалоо кызматын аткарып, ошол эле учурда, көзгө эч бир зыян тийгизбей турган бир суюктук синтезделген? Бул идеалдуу суюктук кокустан пайда болгонго чейин көз кантип корголгон? Көз аман болушу үчүн азыркыдай түзүлүштө, көз жашы дагы азыркыдай курамда болушу шарт. Албетте, булар бир ишке жарашы үчүн мээ менен дененин башка системалары дагы баары бирдей бар болушу керек.
Мисалы, көз, мээ да кошо бүт бөлүкчөлөрү, тканьдары, суюктуктары жана уламталары менен бир заматта бир денеде пайда болсо дагы, бул жандыктын жашай алышына жетиштүү болбойт. Себеби бул дененин тамак сиңирүү системасы же боору, же жилик чучугу же болбосо ушуга окшогон, «сөзсүз талап кылынган» бөлүктөрүнүн бирөөсү али эволюциялаша элек болсо, ал дене дагы, көз дагы кыска убакыттын ичинде өлүп калмак. Бул мисалдардан апачык көрүнүп тургандай, көздүн бир бөлүгүнүн дагы кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Көздү бүт бөлүктөрү менен бирге Аллах жараткан.

Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган ортокторуңарды көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. (Фатыр Сүрөсү, 40)

Көз жашынын түзүлүшүн тереңирээк караганыбызда, бул суюктуктун канчалык улуу бир жаратуу керемети экенин жакшыраак түшүнөбүз. Көз жашынын 98,2%ы суу. Калган бөлүгүндө кан плазмасы менен бирдей өлчөмдө мочевина жана плазмадагыдан азыраак көлөмдө глюкоза, туздар жана органикалык заттар болот.7 Лизоцим болсо калган заттын аз бөлүгүн гана түзөт. Башкача айтканда, көз жашы – курамында ар кандай өлчөмдөгү көптөгөн заттарды камтыган өзгөчө бир суюктук.
Көз жашы ар кандай заттарды камтыган катмарлардан турат. Ал катмарлардан май чыгаруучу бездер жайгашкан үстүңкү кабаты абдан ичке. Ал көз жашынын сыртка агышына жана бууланышына бөгөт коюу кызматын аткарат. Бул көздүн түзүлүшүндөгү таң калыштуу жагдайлардын дагы бирөөсү. Көз жашынын бетиндеги абдан жука бир катмар көз жашын буулануудан сактайт.
Ким көз жашынын бетин бууланууну эске алып, ушинтип каптап койгон? Мынчалык өзгөчө бир долбоор кантип пайда болгон?
Көз жашынын өндүрүшү дагы өтө так өлчөмдө жасалат. Көз жашы айнекчелди кургап калуудан сактай турган жана көз чанагынын жылмакайлыгын жоготтурбай турган көлөмдө гана чыгарылат. Натыйжада көз кыймылдаганда көздүн кабагынын ички бөлүгү конъюнктива менен көздүн үстүнүн сүрүлүшүнөн бир ыңгайсыздык жаралбайт.
Көз жашы жетиштүү көлөмдө чыгарылбаганда, көз менен көздүн кабагы бири-бирине сүрүлүп, көздүн ар бир кыймылы биз үчүн бир азапка айланмак. Мисалы, көз жашы соолуган оорулуулардын көздөрү тынымсыз ооруп, өздөрүн көзүнүн ичине кум толуп калгандай сезишет. Көздөрү шишип, кызарат жана оору күчөгөндө оорулуунун көзү көрбөй калышы мүмкүн.
Кандайдыр бир сигнал келгенде, мисалы көзгө чаң сыяктуу бир чоочун зат кирип кеткенде, көз жашы автоматтык түрдө көбүрөөк чыгарылып баштайт. Бул бир тараптан антисептикалык максатта көбүрөөк лизоцим ферментин чыгарса, экинчи тараптан чоочун затты сыртка чыгаруу үчүн көп көлөмдөгү суюктукту пайда кылат.
Көрүнүп тургандай, көздүн түзүлүшүндө көз жашы бездерине кем да, ашыкча да эмес, керектүү өлчөмдө гана суюктук чыгарта турган бир тең салмактуулукка салуу механизми дагы бар. Бир эле ушул механизм дагы кокустуктарга таянган бир эволюция процессинин ыктымалсыздыгын далилдегенге жетиштүү.
Бир кутунун ичинде, бетинде өндүрүлгөн жери менен датасы жазылган бир көз тамчысын көргөн бир киши эч качан ал дарыны кокустуктардын натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болгон деп ойлобойт. Ал тамчынын формуласын тапкан, аны өндүрүп, таңгактаган бирөөлөр бар. Эгер бирөө «бул кокустан пайда болгон» деп айтса, анын акылы ордунда эмес го деп ойлойт. Көз жашынын өзгөчөлүктөрү болсо бир көз тамчысынан алда канча жогору жана ал адамдын денесинде өндүрүлөт. Эң биринчиден, ал ар кандай химиялык заттардан турат жана ал заттардын үлүштөрү абдан так белгиленген. Мындан тышкары, көз жашы менен бирге көз жашын өндүрүүчү секреция бездери, көз жашынын автоматтык түрдө чыгарылышын жөнгө салуу системалары жана чыгуу каналдары да бар. Буларды эске алганда, көз жашы кокустан пайда болгон жана кокустан көзгө барып жайгашып калган деген көз-караш акыл жана логикага эч туура келбейт. Көз жашы ушул күнгө чейин жашап өткөн жана ушул күндө дүйнөдө жашап жаткан бүт адамдарда бар. Бүт адамдарда бирдей өзгөчөлүктөргө ээ. Көздү толук кылып жараткан, бүт адамдарда бирдей өзгөчөлүктө кылып койгон – бул улуу кудуреттүү Аллах. Көз Аллахтын теңдешсиз жаратуу мисалдарынын бири.

Коргоодогу жарашыктуулук


Көздүн түзүлүшү өтө назик. Ошондуктан дененин эң мыкты корголгон органдарынын бири. Болгондо да, бул коргоо өтө жарашыктуу бир көрүнүштө жасалган. Ойлоп көрүңүз; көз айланасында өтө катуу, соот сыяктуу бир катмар менен да коргоого алынышы мүмкүн эле. Бирок көздүн айланасындагы сөөк түзүлүшү, көздүн кабактары, каштар жана кирпиктер өтө жарашыктуу жана симметриялуу бир көрүнүштү пайда кылышат. Бул Аллах жараткан сулуулуктардын теңдешсиз мисалдарынын бирөөсү гана. Бир аятта теңдешсиз жаратуу жөнүндө мындай деп айтылган:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү... (Хашр Сүрөсү, 24)

Көздүн кабагынын учунан чыккан кирпиктер көздү чаңдардан жана чоочун заттардан коргойт. Үзүлүп калганда же кыркылганда кайрадан өсүшөт. Узаруу кирпик мурдакы узундугуна жеткенде токтойт.
Кирпиктер тегиз, жумшак жана жогору көздөй бир аз ийилген болот. Мындай форма өтө ыңгайлуу жана абдан жарашыктуу. Кирпиктердин мындай формада болушу албетте кокустук эмес. Кирпиктер Цейс аттуу бездер чыгарган майлуу бир секреция менен майланып, ийилген, ийкемдүү бир формага келишет. Эгер минтип кароого алынбаганда, кирпиктер өтө катуу, щеткадай болуп калмак жана көз ирмелген сайын бири-бирине илинген сыяктуу болуп ыңгайсыздык жаратмак.8
Каштарыбыз болсо маңдайыбыздан аккан тердин көздүн ичине киришине бөгөт койот. Мындан тышкары, күндүн нурларын буруп, көздүн ичине чагылышына жолтоо болот. Ошондой эле, адам көзүнүн жарашыктуу көрүнүшүн толуктаган абдан маанилүү бөлүк болуп саналат.

Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бир-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

Чарчабаган булчуңдар

Көздүн булчуңдары дененин эң көп иштеген булчуңдарынан болуп саналат. Ал булчуңдар менен көз бир күндө болжол менен 100.000 жолу кыймылдайт. Адамдын өмүрүн ойлогондо бул сан миллиарддарга жетет. Бирок булчуңдар ушунчалык оор жана тынымсыз бир жумушту жасаганы менен, эч ким көрүүдөн чарчабайт. Ал булчуңдардын чарчаганын сезүү мындай турсун, көп адамдар ал булчуңдардын бар экенин да билбейт. Улгайган адамдарда дагы бул булчуңдар жаш кездегидей кызмат кылышат.


Көздүн айланасында 6 булчуң болот. Алар көздөрдүн оң-солго, өйдө-төмөнгө жана башка бурчтарга бурулушуна шарт түзөт. Ар бир көздөгү 6 булчуң 3 жуп булчуңдан турат. Ар бир жуп өз ичинде карама-каршы багыттарды көздөй кыймылды камсыз кылат. Бир нерсени тунук, так көрүү үчүн сүрөттөлүш тордомо челдин борборуна түшүшү керек. Ал үчүн көздөгү булчуңдар бири-бири менен толук шайкештикте, чогуу иштеши керек. Ошондуктан эки көз бир учурда бир жерди карайт. Көздөрдүн орток иштешинде бир маселе жаралса, анда сүрөттөлүш экөө болуп көрүнөт. (Мунун канчалык ыңгайсыздык жаратаарын түшүнүү үчүн көзүңүздүн чекесин манжаңыз менен акырын, кыймылдатпай басып, бир нерсени караганга аракет кылып көрүңүз.)
Бул булчуңдар бири-бири менен шайкештикте иштей албаса, сүрөттөлүш экөө болуп көрүнгөндөн тышкары, адамдын жүзү да бузулушу мүмкүн. Мисалы, кылый көздүүлүк же көздүн жылышы сыяктуу. Эгер бул булчуңдар болбогондо, көз кыймылсыз, маанисиз бир айнекке айланып, адамдын жүзү да маанисиз болуп калмак. Бир нерсени кароо үчүн башты толук ошол тарапка буруу керек болмок жана күнүмдүк жашоодогу кыймылдоо жөндөмүбүз абдан төмөндөмөк.

Конъюнктива, өмүр бою кароо


Көздү дайыма жууп, микробдордон тазалап турган бир көз жашы системасынан тышкары, көздө бир майлоочу система да бар. Бул система бир күндө болжол менен жүз миң жолу, төрт тарапка айланган көздүн бул кыймылдардан улам эскирип-жешилишинин алдын алат. Натыйжада көз тынымсыз майланып, сүрүлүү таасиринен жана чоочун заттардан корголот.
Көздүн чанагы үстү-үстүнө кабатталган бир канча ткань катмарынан турат. Ал тканьдардан конъюнктива (көздүн былжыр чели) көздүн үстүңкү катмарын майлоо кызматын аткарат. Конъюнктива көздүн кабагынын астынан көздүн эң үстүңкү кабатына чейинки аралыкта жайгашат жана көз чанагынын көп бөлүгүн каптаган катуу, ак кабыкча болгон склера (көздүн ак чели) менен биригет. Бул эки катмар тең жандуу жана көздү азыктандырган майда кан-тамырлар менен азыктанышат. Тунук бир катмардын жандуу болушу жана көзгө көрүнбөгөн тамырлар менен азыктанышы таң калыштуу.
Бул катмар көздүн чанагынын астыңкы жана үстүңкү бөлүктөрүнө чейин созулат жана натыйжада көз ирмелгенде же кыймылдаганда конъюнктиванын эки бети бири-биринин үстүнө өтөт.
Конъюнктива көз жашы бездери менен бирге көз жашын чыгарат. Ошондой эле, көздүн кабактарынын ички бети менен көздүн чанагын каптайт. Бул жука катмар былжыр (былжыр секрециясын) чыгаруучу майда бездерди да камтыйт. Былжыр көз жашы менен биригип, майлоо жумушун аткарат. Бул май ушунчалык жылмакай болгондуктан, көз кыймылдаганда эч бир ыңгайсыздык жаралбайт.
Эң жөнөкөй механикалык шаймандарды дагы майлап турбаса, жакшы иштебейт. Эшиктин ашык-машыгынан (шарнир) тартып заводдон жаңы чыккан бир машинанын моторуна чейин бүт кыймылдуу механизмдерди сүрүлүү таасиринен коргоп, жешилбеши үчүн өз учурунда майлап туруу керек. Бир күндө болжол менен жүз миң кыймыл жасаган көз дагы жогоруда айтылган система аркылуу автоматтык түрдө тынымсыз майланып турат.
Эгер конъюнктиванын иштешинде олуттуу бир көйгөй жаралып, көз майланбай калганда, көздүн ар бир кыймылы катуу, жан сыздаткан ооруга себеп болмок. Ден-соолугу чың бир адам Аллах жараткан бул кемчиликсиз системанын урматында өмүр бою эч мындай ооруга кабылбайт.

Айнекчел, көздүн терезеси

Көз, жарык кирген алды жактагы дөмпөктөн тышкары, тоголок формага ээ. Бул тоголоктун эң сыртында көздүн ак чели (склера) деген катуу, өтө бекем жана сүттөй ак түстүү бир катмар орун алат. Көздүн ак чели көздү толук ороп турат жана көздүн ичиндеги тканьдарды коргойт. Көздүн ортосундагы түстүү бөлүктү орогон ак дагы ушул катмардын көрүнгөн бөлүгү.
Көздүн ак чели жумшак жана килкилдек түзүлүштө болгондо, көз жакшы корголбой калмак. Ошондой эле, көзгө чаң же кандайдыр бир нерсе кирип кеткенде, ал көзгө жабышып калгандыктан, аны чыгаруу кыйын болуп, көзгө көп зыян келмек. Бирок көздүн ак чели катуу болгондуктан, көз жашы аркылуу чоочун заттардан көз оңой эле тазалана алат.
Көздүн бетиндеги катуу жана бекем ак тканьдын түзүлүшү көздүн алды жагындагы дөмпөк жерге келгенде өзгөрөт. Бул дөмпөк бөлүк айнекчел деп аталган, жарыкты өткөрүүчү тунук бир катмардан турат. Бири-биринин уландысы болгону менен, көздүн ак чели менен айнекчелдин түзүлүшү бири-бирине такыр окшобойт жана бир чек ара экөөсүн бөлүп турат. Көздүн ак челин имараттын сыртын каптаган катуу гранит шыбакка, көздүн алдындагы тунук айнекчелди болсо ал имараттын терезесине салыштырууга болот.
Эгер көздү толугу менен айнекчелди түзгөн жука ткань орогондо, анда көздүн сырткы таасирлерден коргонуусу өтө күчсүз болуп, бул сокурдукка алып бармак.
Эгер көздүн ак челин түзгөн катуу жана күңүрт ткань көздүн алды жагындагы тунук тканьдын үстүн да каптаганда, анда жарык көздүн чечекейине жетпей калмак жана көз көрө албай калмак. Бир катмарда жайгашкан жана бири-биринин уландысы болгон эки түрдүү ткань кантип бир чек ара менен бөлүнүп калган? Ал тоголок чек араны ким сызган?
Көзүбүздүн алды жагындагы бул кичинекей терезени тереңирээк карайлы. Айнекчел деген тунук бөлүк жарыктын нурларын сындырып, ал нурларды чечекейден өткөрүп, көздүн арт жагындагы тордомо челге багыттайт. Фокус үчүн керектүү болгон нурдун сынуусунун үчтөн экиси айнекчел аркылуу жасалат. Сынуунун калган үчтөн бир бөлүгүн болсо көздүн ич тарабындагы чечекей жасайт.
Буюмдарды тунук көрө алуу үчүн айнекчел дайыма тунук жана өтө сезгич болушу керек. Себеби тунуктугун жоготкондо, көзгө жарык жетиштүү өлчөмдө кире албаганы үчүн сүрөттөлүш бүдөмүк көрүнө баштайт. Көздүн сыртка ачык болгон бөлүгүндөгү бул катмардын өтө сезгич болушу болсо көзгө кирип кеткен кичинекей чаңдын дагы ошол замат байкалып, тазаланышына шарт түзөт.
Айнекчелдин мынчалык тунук болушуна аны түзгөн талчалардын белгилүү бир тартип менен тизилиши себеп болот. Бул тизилүүгө болгон кандайдыр бир кийлигишүү айнекчелди карартып, сүрөттөлүштү бүдөмүккө айлантат.
Фотоаппарат үчүн объектив канчалык маанилүү болсо көз үчүн айнекчел дагы ошончолук маанилүү. Болгондо да, айнекчел ушунчалык тунук болгондуктан, өтө жакындан жакшылап караганда гана араң көрүүгө болот. Ошол эле учурда денедеги эң сезгич түзүлүштөрдүн бири.
Айнекчелдин бети көзгө көрүнбөгөн нервдер менен лимфа тамырларынан турат. Бирок булар сүрөттөлүштү бузушпайт. Бул нервдер акырын тийген же тийгени жаткан нерсени да сезип, рефлекстер аркылуу көздүн кабагы сыяктуу коргогуч механизмдерди жардамга чакырат. Көздүн кабагы айнекчелдин бетине жабышкан нерсени тездик менен сыртка чыгарат жана көздүн кабагынын жабылышы айнекчелди башка ыктымалдуу коркунучтардан коргойт.
Айнекчел кандайдыр бир мааниде арт жагында көз иштеп жаткан бир терезеге окшошот. Шамалда учкан бир чаң бөлүкчөсү же таарынды айнекчелди сызып кетиши мүмкүн. Айнекчел ушул сыяктуу себептерден улам сызылып калса же жабыркаса, өзүн өзү оңдой алат. Көз өзүн өзү тездик менен жаңылоо жөндөмүнө ээ.
Айнекчелди түзгөн клеткалар көз жашындагы глюкоза жана абадагы кычкылтек менен азыктанышат. Ал жерде кан тамырлары болбойт. Түнкүсүн болсо уйкуда көздүн кабактарынын астындагы бай капиллярлардан азыктанышат.
Айнекчел толук тунук болбогондо, сүрөттөлүш эч качан так болбой, адам дайыма күңүрт көрмөк. Анда дүйнө, албетте, азыркыдан такыр башкача болмок жана бүт баарын тунарган бир парданын артынан көрмөкпүз. Ошондуктан сырткы дүйнөнү ушул жупжука, жандуу катмар мүмкүнчүлүк берген тунуктукта көрө алабыз.
Айнекчел денеден толугу менен изоляцияланган. Бул өзгөчөлүгү айнекчелдин бир денеден башка бир денеге трансплантациясын жеңилдетет. Трансплантация кылынган тканьды дене кабыл албай койбойт. Себеби канда өндүрүлгөн антителолор бул жерге жете алышпайт.
Бул жерге чейин айтылган илимий маалыматтарды дагы бир жолу карап чыгуу туура болот. Айнекчел – көздүн алды жагынын эң сырткы катмарында жайгашкан, абдан тунук бир катмар. Жарыктын болжол менен токсон сегиз пайызын өткөрөт; бул болсо айнектин тунуктугуна жакын. Бул жерде төмөнкү жагдайга көңүл буруу керек: айнекчел жандуу бир ткань, дайыма азыктанып турат жана клеткалардан түзүлөт.
Кантип жандуу бир тиштем эт айнектей тунук боло алат? Мындай тунуктукка кантип жеткен? Дүйнөнү талчалардан жана тамырлардан турган жандуу бир нерсенин артынан карасак дагы, кантип бүт баарын мынчалык тунук көрө алабыз?
Денебиздеги бүт клеткалар бир клетканын көбөйүшүнөн пайда болот. Көздөгү абдан жука, тунук жана назик бул жандуу челди түзгөн клеткалар дагы, катуу сөөктөрдү түзгөн клеткалар дагы, ичегинин тканьдарын түзгөн клеткалар дагы, кан клеткалары дагы, бүт баары бир даана клетканын бөлүнүп, көбөйүшүнөн пайда болушкан. Кайсы күч жалгыз клетканын бөлүнүшүнөн бир тараптан таштай катуу сөөктөрдү, экинчи тараптан болсо айнектей тунук айнекчелди пайда кылган? Кантип клеткалар бири-биринен мынчалык өзгөчөлөнүп кетишкен? Клеткалардын план түзүү, чечим алуу, аны турмушка ашыруу сыяктуу жөндөмдөрү барбы?
Албетте, жансыз жана аң-сезимсиз атомдордон турган клеткалардын мындай жөндөмдөрү жок. Клеткаларга эмне кылаарын, кайсы органды пайда кылып, кандай кызматтарды аткараарын Аллах илхам кылган.
Айнекчелди түзгөн талчалар менен нервдердин абдан сезгич болушу дагы улуу бир жаратуунун далили. Абдан назик болгон бул катмар өнүккөн бир алдын ала эскертүүчү система аркылуу болор-болбос бир коркунучта дагы көздүн кабагын коргонууга чакырат. Бул кантип келип чыккан? Айнекчелди түзгөн клеткалар өзүн коргоо үчүн ушундай бир системаны иштеп чыгып, анан мээ менен келишимге келип, көздүн кабагын өздөрүнө кызмат кылдырууну чечишкенби?
Көздөгү дагы бир кереметтүү түзүлүш болсо – бул айнекчелдин формасы. Жарыктын сынуусун эсептөө абдан татаал жана оптика тармагында адистикти талап кылган бир жумуш. Бирок, эне курсагындагы бир клетканын бөлүнүшүнөн келип чыккан айнекчел тканы бул эсептөөнү эч катасыз жасайт. Себеби айнекчелдин бурчу жарыкты тордомо челдин так үстүнө түшүрө тургандай өлчөмдө болот. Айнекчел бул бурчту өзү эсептегенби, же болбосо айнекчелди түзгөн клеткалар бул маалыматты ар бири өз-өзүнчө тапканбы? Өтө так бир эсептөөнү талап кылган айнекчелдин формасы, албетте, өзүнөн-өзү, кокустан ушундай болуп калган эмес.
Айнекчел жөнүндөгү маалыматтарды дагы бир жолу кыскача карап чыгалы. Айнекчелдин жарыкты тордомо челге түшүрүүчү объективге окшогон формасы, талчалардын артынан дүйнөнү көрүшүбүзгө шарт түзгөн кереметтүү түзүлүшү, айнекчелди азыктандырган көздүн кабагы жана лимфа тамырлары, алдын ала эскертүүчү системаны түзгөн нервдер жана дагы көптөгөн атайын бөлүктөр... Булардын баары кокустан пайда болбой турган, бири-биринен көз-каранды, кемчиликсиз механизмдер.
Бул жерге чейин айтылгандардан да апачык көрүнүп тургандай, айнекчелдин түзүлүшү укмуш татаал. Мындай түзүлүш улуу бир акыл тарабынан гана жаратылышы мүмкүн. Бул теңдешсиз акыл Аллахтын акылы.

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

Көздөгү суюктуктар

Көздүн ички көңдөйү үч бөлүккө бөлүнгөн. Көздүн алды жагында эки бөлмө бар. Алардын алдыңкы бөлмөсү көздүн ак челинин алдыңкы бөлүгү болгон айнекчелдин арткы бети менен карек айланасындагы челдин ортосунда. Арткы бөлмө болсо карек айланасындагы чел менен чечекейдин ортосунда калган тар бир жерде. Көздүн ортосунда жана чечекейдин артында кенен бир көңдөй болот. Бул бөлмө караңгы бөлмө деп аталат. Ал жер тунук, түссүз, жалтырак бир суюктукка толгон. Бул суюктук килкилдек зат (стекловидное тело) деп аталат.
Килкилдеген бул суюктук тордомо чел менен чечекейдин арасындагы көңдөйдү толтуруп тордомо челди өз ордунда кармайт. Карек айланасындагы чел менен чечекейдин ортосундагы арткы бөлмөчө менен, карек айланасындагы чел менен айнекчелдин ортосундагы алдыңкы бөлмөчө дагы суюктукка толуп турат. Бул суюктук болсо кирпиктей нерсе (цилиарное тело) тарабынан тынымсыз чыгарылып турат. Бөлмөлөрдөгү суюктуктун бир кызматы – бул кан тамырлары жок айнекчел менен чечекейди азыктандыруу.
Көздүн ичиндеги суюктук көздөгү түзүлүштөрдүн азыктанышына керектүү заттарды (туздар, канттар, микроб өлтүрүүчү заттар сыяктуу) камтыйт. Бул заттар кирпиктей нерсенин ичиндеги микроскопиялык насостор аркылуу тамырлардан соруп алынып, суюктукка аралашат.
Көзгө жашоо берген бул азыктандыргыч суюктук кыймылсыз эмес. Тескерисинче, тынымсыз айланып турат. Кичинекей көңдөйчөдөгү бул суюктук океандардагы суунун негизги агым принцибинин негизинде циркуляция болуп турат. (Муздак агым төмөндөн, жылуу агым жогорудан агат.)
Бул кереметтүү механизм азыкты жана микроб өлтүргүчтөрдү бирдей өлчөмдөрдө таратуу менен эле чектелбейт. Мындан тышкары, абдан тактык жана микроскопиялык контроль менен калдыктарды сыртка чыгарат. Бөлмөлөрдөгү суюктуктун экинчи кызматы болсо – бул ички басымды пайда кылып, көздүн чанагынын формасын өзгөртпөй кармап туруу.

Көздүн ичиндеги басым

Көздү абдан ийкемсиз бир шарга салыштырууга болот. Курамындагы килкилдек суюктук көздүн чанагына белгилүү өлчөмдө ички басым жасайт. Бул ички басымдын күчүн болсо тунук суюктуктун көлөмү аныктайт.
Тунук суюктук кирпиктей нерсе тарабынан чыгарылат. Суюктук кирпиктей нерседен арткы бөлмөгө (тунук катмарга), андан соң каректен өтүп, алдыңкы бөлмөгө келет жана айнекчелдин арткы бети менен карек айланасындагы челдин алдыңкы бетинин арасындагы тканьдар тарабынан соруп алынат. Бул чыгаруу жана кайра тартуу процесстериндеги тең салмаксыздык көздүн ички басымына таасир берет.
Чыгарылган тунук суюктук менен сорулгандын көлөмү тең болгондо, суюктук тынымсыз агып, көздүн ичиндеги суюктуктун көлөмү өзгөрбөйт. Бирок тунук суюктук көп чыгарылып, соруп алынышы азайса же агымына бир тоскоолдук пайда болсо, көздүн ички басымы көтөрүлөт.
Бул системаны дагы бир жолу карап көрөлү. Сөз болуп жаткан суюктук абдан так бир тең салмактуулук менен чыгарылып, ашыкча суюктук ошол тең салмактуулук менен кайра соруп алынат. Бул айлампа бүт адамдардын көздөрүндө тынымсыз уланып келүүдө.

Көздүн ичи суусу бир тараптан толтурулуп, экинчи тараптан агып чыгып турган бир аквариумга окшошот. Эгер суу агып чыккан жер тосулуп коюлса, аквариумдан суу ашып кетет же суунун куюлушу токтотулса, аквариум бошоп, кургап калат. Ошол сыяктуу көптөгөн өнөр-жай ишканаларында, химия өнөр-жайларында колдонулган цистерналардагы суюктуктун көлөмдөрү дагы компьютерлер менен башкарылуучу өтө так электрондук контроль системалары аркылуу тең салмакта кармалат. Өтө так өлчөөлөрдү жана эсептөөлөрдү талап кылган мындай контроль системалары адис инженерлер тарабынан программаланып, көзөмөлгө алынат. Системадагы кемчилик же каталар болсо чоң кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Көздүн ичиндеги суюктук сыяктуу миллиметрдик көлөмдөрдүн тең салмактуулук механизмин түзүү болсо мындан да татаал жана так эсептөөлөрдү талап кылат. Себеби бул эсептөөлөрдөгү миллиметрден бир топ кичине бирдикчелик бир жаңылыштык көздүн көр болуп калышына себеп болот. Бирок ден-соолугу чың болгон бир көздүн ичиндеги суюктуктун бул айлампасы өмүр бою эч жаңылбай улана берет. Мындай бир суюктуктун көздүн ичинде болушунун өзү эле улуу бир керемет; ал эми анын, мындан тышкары, өтө так бир тең салмактуулук менен айланып тураарын да билүү адамды ойлондурушу керек.
Өтө так бир тең салмактуулукка таянган көздүн ичиндеги суюктуктун көлөмү өзгөрсө, башкача айтканда, аквариум ашып кете турганчалык сууга толсо эмне болот? Бул суюктуктун сорулушу жайласа же керексиз өлчөмдө көп чыгарылып баштаса, мунун натыйжасы өтө оор болот. Глаукома оорусу деп аталган бул учурда көздүн ички басымы тездик менен жогорулайт. Жарыла турган шардай болуп шишиген көз адамга жан чыдагыс оору берип, көбүнчө бул сокурдук менен аяктайт. Абдан чымырап шишип турган көз кичине эле сокку болсо айрылып кетет.
Албетте, буларды окуганга чейин көзүңүздүн ичине бир суюктуктун толтурулуп, кайра сорулуп тураарын билчү эмессиз. Бүт адамдар сыяктуу. Бирок кээ бир адамдар көздөрүнүн ичиндеги бул кереметти оор кырдаалда түшүнүшөт: глаукома оорусуна чалдыкканда. Глаукомага чалдыккан бир адам жан сыздаткан оорунун себебинен ден-соолуктун канчалык чоң тартуу экенин түшүнөт. Көбүнчө оор бир ооруга чалдыккан көп адамдардай болуп акыркы чара катары жараткан Аллахка жалбарат.
Сиздин бул оорулуулардан айырмаңыз бул кереметтин бар экенин оору себептүү эмес, бир китепти окуу аркылуу билип калгандыгыңызда. Бирок бул өмүр бою мындай азапка чалдыкпайсыз деген мааниге келбейт. Эгер Аллах кааласа, бул ооруну же мындан да оор башка бир ооруну себепчи кылып, ден-соолуктун кадырын жана шүгүр кылышыңыз керек экенин сизге эскертиши мүмкүн. Бирок эң туурасы адам башына кыйынчылык келишин күтпөстөн, Аллахка бурулуп, Ага шүгүр кылышы, Аллахты дайыма эстеп Аны өтө терең урмат менен мактап улуу тутушу керек.

Аллах жөнүндө жалганды ойлоп таап, жалаа жапкандардын кыямат күнү ойлору кандай болот? Эч күмөнсүз, Аллах адамдарга карата өтө берешен, бирок алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Йунус Сүрөсү, 60)

Карек айланасындагы чел, жарыкты жөнгө салгыч

Айнекчелдин (тунук катмардын) артында жайгашкан карек айланасындагы чел тордомо челди керексиз нурлардан коргойт. Айланасында орун алган эки булчуңду колдонуп каректин өлчөмүн жарыктын күчүнө жараша жөнгө салат. Булчуңдардын бири баштыктын боосундай болуп каректи кичирейтет. Каректин айланасында ромашканын жалбырактарындай болуп сыртка созулган башка булчуңдар болсо жарыктын күчү азайганда, каректи чоңойтушат. Ошентип көздүн ичине кирген жарыктын көлөмү бирдей кармалат.
Мунун тескерисин элестетип көрөлү. Эгер мындай механизм болбогондо, көз өзүн жарыктын күчүнүн өзгөрүшүнө жараша ыңгайлаштыра алмак эмес. Жарыктын күчү бир азга эле өзгөргөндө көз көпкө чейин карарып, бир топко чейин жакшы көрбөй калмак.
Көпкө чейин жарык бир жерде болгон соң караңгы бир жерге өткөндө көздүн тунарышынын эки себеби бар. Биринчиси, караңгыда тордомо челдин сезгичтигинин жогорулашы; экинчиси болсо, карек айланасындагы челде жайгашкан булчуңдар кыймылга келиши үчүн кыска бир убакыттын талап кылынышы. Караңгы бир жерден бир заматта жарык жерге өткөндө, карек кыска убакытка мурдакы өлчөмүн сактайт. Көз жарык жерге чыккандан 0,04-0,05 секундадан соң гана карек айланадагы булчуңдардын көмөгү менен кысылып баштайт жана бул кысылуу 0,1 секундада максимумга жетет.
Айланадагы булчуңдардын көмөгү менен каректин кысылуу мөөнөтү 0,1 секунда эмес, мындан көбүрөөк убакыт алганда, анда ошол мөөнөт бою жарым сокур бойдон калмакпыз жана бул бир топ ыңгайсыздыкка себеп болмок. Бирок андай болбойт. Көздөгү кемчиликсиз долбоордун урматында ар дайым эч кыйналбастан, айланабызды көрө алабыз.
Карек айланасындагы чел пигменттүү клеткалары аркылуу, ошондой эле, көздүн өңүн дагы аныктайт. Карек айланасындагы челдин өңү, теридеги сыяктуу, пигменттердин түрүнөн жана санынан көз-каранды. Терисинин өңү ачык түстөгү адамдардын көздөрү көк, жашыл же ачык-боз болот. Терисинин өңү кара тору адамдардын көздөрү болсо көбүнчө кочкул күрөң же кара болот.

Карек

Карек деген нерсе негизи карек айланасындагы челдин ичиндеги бир чуңкур. Карек кысылып, кеңейүү аркылуу көздүн ичине кире турган жарыктын көлөмүн өтө кыска убакыт аралыгында жөнгө салат. Жалпысынан, эки көз тең бирдей көлөмдө жарыкты киргизет; бирок көздөрдүн бирине келген жарыктын көлөмү өзгөртүлгөндө, бир көздүн эле кареги өзгөрбөстөн, экинчиси да ошол замат буга кошулат.
Көзгө кирген жарыктын көлөмү каректин ачылган аянтынын квадраты менен түз катышта. Каректин диаметри 1,5-8 мм арасында өзгөрө алганы үчүн, көзгө кирген жарыктын көлөмү 30 эсе көбөйтүлүп азайтыла алат. Мисалы, бир нерсе жарк эткенде 0,1 секунданын ичинде карек ыңгайлашып, жарыкты тосот. Жарык көзгө киргенде, бул нервдик бир сигнал катары мээге барат. Мээге жарыктын өзү эле эмес, күчү дагы кабар берилет. Мээ болсо ошол замат кайра сигнал жөнөтүп каректи курчап турган булчуңдардын канчалык кысылаарын же канчалык кеңейээрин билдирет. Бул байланыш, эсептөө жана функциялардын баары бир секундадан бир топ кыска убакыт ичинде болуп бүтөт.
Мээ менен карек айланасындагы булчуңдардын арасындагы маалымат алмашуу бир окуганда кадимки бир биологиялык нерседей көрүнүшү мүмкүн. Бирок бир саамга ойлонуп көргөндө, мунун эч жөнөкөй бир маалымат эмес экенин, тескерисинче өтө маанилүү бир керемет экенин түшүнө алабыз.
Көзгө келген жарыктын күчүнүн автоматтык түрдө өлчөнүп, бул маалыматтын мээге кабар берилиши, мээнин абалга жараша карек айланасындагы булчуңдар аркылуу кирген жарыктын күчүн жөнгө салышы, ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын мээсинде бул татаал эсептөөлөрдүн жасалып жатышы апачык бир жаратуу керемети. Адам денесинде жаратылган бул укмуштуу системадан кабардар болуу адамдын Жаратуучусунун күчү менен илимин көрүп, Аны жакшыраак таанышына бир себепчи болот. Адам бүт ааламдын Жаратуучусу Аллахка шүгүр кылууга жана Аллахты ыраазы кыла турган иш-аракеттерди кылууга милдеттүү. Аллах бир аятында аяттарынан жүз бургандарды «залим» деп сыпаттаган:

Ага Раббиңдин аяттары насаат менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдору менен жасагандарын (иштерин) унуткандан да залимирээк барбы?... (Кехф Сүрөсү, 57)



Жарыкка жана караңгыга көнүгүү

Бул жерге чейин айтылгандарды өзүңүз да текшерип көрө аласыз. Караңгы бир жерге биринчи киргениңизде айланаңыздагы буюмдарды айырмалай албай кыйналасыз. Себеби тордомо челдин сезгичтиги ал кезде өтө төмөн болот. Бирок 1 мүнөттөй кыска убакыт ичинде сезгичтик 10 эсеге өсөт. Тордомо челди стимулдаганга эми мурда талап кылынган жарыктын ондон бири эле жетиштүү болот. 20 мүнөттөн соң сезгичтик 6.000 эсеге өсөт жана 40 мүнөттөн соң болжол менен 25.000 эсеге жогорулайт. Көз жарыкка карата сезгичтигин 500.000 менен 1.000.000 эсе сыяктуу чоң өлчөмдө өзгөртө алат. Сезгичтик жарыктын күчүнө жараша автоматтык түрдө жөнгө салынат.
Тордомо чел сүрөттөлүштү сакташы үчүн объекттин караңгы чекиттери дагы, жарык чекиттери дагы аныкталышы керек. Ошондуктан рецепторлор дайыма караңгыраак эмес, жарыгыраактарга жооп бере тургандай кылып жөнгө салынышы керек.
Тордомо челдин абалга жараша өзүн жөнгө салышына кинотеатрдан күн нуруна чыккан учурларды мисал келтирүүгө болот. Бул учурда буюмдардын караңгы чекиттери дагы абдан жарык көрүнөт. Контраст абдан төмөн болгону үчүн бүт сүрөттөлүш агарып көрүнөт. Албетте, мындай көрүү жетишсиз болуп саналат жана тордомо чел буюмдун караңгы чекиттери рецепторлорду ашыкча стимулдабай турган абалга келгенде, ыңгайсыздык жоголот. Тескерисинче, бир адам караңгы бир жерге киргенде, башында көбүнчө тордомо челдин сезгичтиги абдан төмөн болгондуктан, ал жердеги буюмдардын жарык чекиттери дагы тордомо челди стимулдай албайт. Караңгыга көнгөн соң гана жарык чекиттер көрүнүп баштайт. Жарык жана караңгыга көнүгүүгө бир мисал катары күн менен айды көрсөтүүгө болот: күн нурунун күчү айдыкынан 30.000 эсеге күчтүү болгону менен, көз жаркыраган күндүн нурунда да, күңүрт айдын нурунда да көрө алат.9

Көздүн чечекейи, көздүн объективи

Көздүн ичинде карек айланасындагы чел менен каректин артында, алыс менен жакынды тунук көрүшүбүзгө шарт түзгөн ичке кырдуу тунук бир чечекей (линза) болот. Чечекей көзгө келген нурларды сындырып, тордомо челге багыттоо (түшүрүү) милдетин аткарат. Эки бети тең томпок болгон бул ийкемдүү түзүлүштүн формасы күнтарткыга (лупага) окшошот.
Линзанын (чечекейдин) формасы айланасындагы булчуңдар аркылуу өзгөрө алат. Ошентип көзгө ар кайсы бурчтан келген нурлар тордомо челге багытталат. Мисалы, жакынды караганда чечекейдин айланасындагы булчуңдар кысылып, чечекейдин ортосу томпойот. Алысты караганда булчуңдар чоюлуп, чечекей узарып ичкерет жана алыстагы буюмдар тунук, даана көрүнөт.
Линзада да, айнекчелдеги сыяктуу, кан тамырлары болбойт жана линза көз суюктугу менен азыктанат.
Линза өмүр бою чоңойо берет (бирок барган сайын жайыраак ылдамдык менен) жана бул процесстин аягында ийкемдүүлүгүн жоготот. Эң улгайган бөлүктөрдө клетка катмарлары толугу менен изоляцияланып, азык жана кычкылтексиз калышат жана натыйжада өлүшөт. Аягында чечекей катып, ийилиши кыйын болуп калат. Жакын аралыкты көрүүгө ыңгайлашуу жөндөмү жоголот. Натыйжада адамдар бир гезитти окуй алуу үчүн аны колун алдыга созуп кармаганга аракет кылышат. Жакын аралыкты көрүү үчүн көз айнек колдонула баштайт.

Көздүн чечекейинин өзүнүн өзгөчөлүктөрүн өмүр бою коргой албашы жөнүндө ойлонуу керек. Дененин башка органдары сыяктуу, көздө дагы улгайуу процессинде маселелер пайда боло баштайт. Бул себептер аркылуу Аллах адамда жаш өткөн сайын улгайуунун белгилерин көрсөтөт. Дүйнө жашоосунун убактылуулугу, адам денесинин бир күнү жок болоору сыяктуу чындыктар ушул сыяктуу себептер аркылуу бизге эскертилет. Ойлонуп, акылын колдонгон адамдар үчүн көргөн нерселеринин баарында сабак-насааттар бар.
Чечекейдин кызматы камеранын объективинин аткарган кызматы менен бирдей. Камеранын объективи жарыкты аралыкка жараша керектүү аймакка түшүрүү үчүн кол менен же автоматтык түрдө жөнгө салынат. Алдыңкы технологиялуу бир камераны жакшылап карасак, аралыкка жараша ырасталып жатканда объективдин өз огунун айланасында айланып жатканын көрөбүз. Бул ырастоо жасалып жаткан кезде сүрөттөлүш бозомук көрүнөт.
Көздүн чечекейинин түзүлүшү бул жерде сөз кылынган камералардан эсе эсе жогору. Эң биринчиден, чечекейдин көлөмү камеранын объективинен бир топ кичине. Объективдерди жасоодо дагы чечекейдин иштөө принциптери негиз алынган. Камераларда колдонулган объективдер көптөгөн жылга созулган изилдөөлөрдүн натыйжасында азыркы технологиялык деңгээлине жеткен. Илимпоздор көздүн деңгээлиндеги мыкты бир оптикалык системаны алигече жасай алышкан жок.
Көзүңүз бир камера сыяктуу бат бат бузулбайт, андай кароого муктаж эмес. Бир камера атайын заводдордо, көптөгөн ар кандай материалдар (пластик, металлдар, айнек ж.б.) колдонулуп, инженерлердин долбоорунун негизинде, бул тармакта адистешкен техникалык адистер тарабынан өндүрүлөт. Көз болсо эненин курсагында бир даана клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгон.
Башыңыздын үстүнө бир камера байлап алып, видеого тартып жатканда чуркасаңыз же бассаңыз, тартылган видеодо сүрөттөлүштөр ордунан жылып, чайпалат. Бирок башыңыздын үстүнө байланган камерадай видеого тарткан көзүңүз басып баратканда эч ыңгайсыздык жаратпайт. Сүрөттөлүш чайпалып, ордунан жылып кетпейт.
Мындан тышкары, эмне үчүн чечекейди түзгөн булчуңдар жарыкты тордомо челге түшүрүүнү каалашат деген суроо туулат. Эч бир адам «көзүмө кирген нурларды тордомо челге түшүрүп, тунук көрөйүн» деп ойлонбойт. Көбүнчө көп адамдар тордомо челден да, чечекейден да кабарсыз. Бирок бул кичинекей органдар эртеден кечке адамдар үчүн укмуш татаал эсептөөлөрдү талап кылган иш-аракеттерди жасашат. Чечекей мындай иш-аракетти өз башы менен жасай алышы үчүн тордомо челдин кызматын, көрүү эмне экенин, мээнин түзүлүшүн, фотондордун эмне ишке жараарын билиши керек. Ошондо гана келген нурду тордомо челдин бетине туштаганга аракет кылат.
Албетте, чечекейдин дагы, чечекейди түзгөн клеткалардын дагы өзүнө тиешелүү, жеке бир эрки жок. Чечекей, айнекчел, карек айланасындагы чел, буларды түзгөн клеткалар, айланасындагы булчуңдар, мээ, бүт баары Аллах аларга илхам кылган кызматтарын Аллахтын уруксаты менен орундатышат.

Тордомо чел


Тордомо чел – бул айнекчел менен чечекейден сынып өткөн нурлар түшүүчү катмар, башкача айтканда, сүрөттөлүш пайда болуучу аймак. Бул жерге түшкөн сүрөттөлүш электрдик сигналдарга айландырылып, мээге жөнөтүлөт.
Камера үчүн лента кандай кызматты аткарса, көз үчүн тордомо чел дагы ошондой кызматты аткарат. Фотопленканын объективдин артында жайгашышы сыяктуу, тордомо чел да көздүн артында жайгашат жана түшүрүлгөн нерсенин сүрөттөлүшү ушул жерде пайда болот.
Фотоаппараттарда бир нерсенин сүрөтү тартылган соң, пленка жылып кийинки кадрга өтөт. Ал эми тынымсыз ар кандай сүрөттөлүштөр түшүп турган тордомо челди алмаштыруунун зарылдыгы жок, себеби ал өзүн-өзү жаңылап турат. Бир адамдын өмүрүндө пайда болгон, сансыз көп сүрөттөлүштөрдү эскирбестен жана бузулбастан чагылдырат, жана болгондо да өмүр бою колдонулат.10
Тордомо челдин түзүлүшү болсо өтө кызыктуу. Тордомо челдеги клеткалар үстү-үстүнө жайгашып, абдан ичке 11 катмарды пайда кылышат. Сүрөттөлүш түшкөн чекит 9-кабатта. Бул чекиттин диаметри болжол менен 1 миллиметр. Адам бир мааниде канчалаган километр квадраттык аянтты ушул чекиттин үстүндө көрөт. Адамдын бүт дүйнөсүнүн ушул кичинекей жерде пайда болоорун, бүгүнкү күнгө чейин көргөн нерселеринин баарын ушул кичинекей аянттан көрөөрүн жана бул чекиттин да абдан кичинекей бир тиштем эт экенин эч унутпаш керек.
Тордомо челдин арт жагында жарыкты сезе турган таякча (палочки) жана кумганча (колбочки) клеткалары болот. Бул эки типтеги клеткалардын милдети – үстүлөрүнө түшкөн жарыкты электрдик сигналдарга айлантуу. Микроскоптон көрүнгөн формаларынан улам ушундай ысымдар менен аталышат. Таякча клеткалардын саны 120 миллион, кумганчалардын саны 6 миллион. Башкача айтканда, көздө бир кумганча клеткасына 20 таякча клеткасы туура келет.
Сырткы көрүнүшү менен саны эле эмес, бул клеткалардын кабыл алуу формасы да бири-биринен айырмаланат. Таякча клеткалары алсыз жарыкка да жооп бере алышат. Кумганча клеткалары иштеши үчүн болсо күчтүүрөөк жарык талап кылынат.

Жарык энергиясын электр энергиясына айландыруу жумушун
жасаган тордомо челдин электрондук микроскоп менен
тартылган сүрөтү.
Таякча клеткалар жарыкты гана сезет. Башкача айтканда, телолордон келген жарыкка карап ак-кара бир сүрөттөлүштү гана пайда кылышат. Таякча клеткалары күүгүм жарыкта дагы өз милдетин аткара алышат. Бирок буюмдарды майда-чүйдөлөрүнө чейин чечмелеп, түсүн аныкташпайт.
Түнкүсүн жылдыздарды караганда же караңгы бир кинотеатрда орундук табууга аракет кылып жатканда, көзүбүздүн тордомо челиндеги таякча клеткалар берген сүрөттөлүштү көрөбүз. Таякчалар жарыкты гана сезгендиктен, пайда болгон сүрөттөлүштө буюмдардын формалары гана көрүнөт, түсү болсо билинбейт. Ошондуктан караңгыда бүт нерселер кара жана бозомук болуп көрүнөт.11 Жогоруда кумганча жана таякча клеткалары жарыктын энергиясын электрдик энергияга айлантат деп айттык.
Бул айлантуу абдан татаал бир процесс. Бул кереметтүү процесс кантип ишке ашат? Эмне үчүн, кантип жана кайсы логика менен бир клетка жарыктын энергиясын электрдик энергияга айлантат? Мындай жөндөм жана илимди кайдан үйрөнгөн? Анын түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөр (абдан өзгөчө түзүлүштө болушат) кантип пайда болгон? Энергияны айлантуудан тышкары, бул клеткалар түс жана форма сыяктуу түшүнүктөргө карап иштерди бөлүшүп алышкан. Клеткалар мынчалык өзгөчө бир түзүлүшкө кантип жетип, иштерди кантип бөлүшүшкөн?
Бир кумганча же таякча клеткасы өзү жалгыз эч кандай ишке жарабайт. Ал тургай, бул клеткалардын миңдеген даанасы бириксе да эч нерсеге жарабайт. Бул клеткалар укмуш бир пландоонун натыйжасында атайын тордомо челдин үстүнө жайгаштырылышы жана аларды мээге туташтыра турган нерв каналдары, аларга жарыкты түшүрө турган чечекей, айнекчел сыяктуу түзүлүштөр, аларды азыктандыра турган бир капилляр тармагы болушу керек. Ошондой эле, эгер жөнөтүлгөн сигналдарды чечмелей турган бир мээ болбосо, анда да эч бир ишке жарабай калышат. Болгондо да, эң биринчи адам жаралгандан бери бул система толугу менен бар болушу шарт. Алгачкы адамдагы жана андан кийин жашаган бүт адамдардагы тордомо челдин өзгөчөлүктөрү бирдей болгон. Азыр айланаңызда көргөн адамдардын көздөрүндөгү тордомо чел клеткаларында дагы бул жөндөмдөр бар.


Жарыкты электрдик энергияга айлантуу жөндөмүнүн бир даана клеткада болушу эле чоң бир керемет; мындай клеткалардан миллиондогон даанасынын белгилүү бир тартип менен, орток бир максатка кызмат кылышы болсо алда канча чоң бир керемет. Тордомо челде жайгашкан миллиондогон таякча жана кумганча клеткаларды, көздүн башка бөлүктөрү жана мээ менен бирге, Аллахтын жаратканы айдан ачык. Аллах адамды кемчиликсиз бир тартипте жараткан. Өзүнөн башка кудай жок экенин Аллах бир аятында мындайча кабар берген:

Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай (илах) жок; демек динди бир гана Ага калыс кылгандардан болуп Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор (хамд) болсун. (Момун Сүрөсү, 65)

Тордомо челдин төрт кабылдоосу

Тордомо челдин стимулданышынын натыйжасында сүрөттөлүш жөнүндө төрт өзгөчөлүк кабыл алынат. Булар жарык, контраст, форма жана түс.

- Жарык:
Таякча клеткалары күчү алсыз жарыкты кумганча клеткаларынан жакшыраак сезишет. Мисалы, күүгүмдө таякча клеткалары аркылуу көрөбүз. Жарыкта болсо кумганчалар ишке киришет. Түнкүсүн көргөн жаныбарларда ошондуктан таякча клеткалары абдан көп болот.

- Форма:
Буюмдардын формасын кабылдоодо негизги ролду кумганча клеткалары ойнойт. Кумганчалар бири-бирине жакын жайгашкан «борбордук чуңкурча» (фовеа) аттуу чекитте форманы сезүүнүн күчү эң жогору болот.

- Контраст:
Так бир чек аралар менен бөлүнбөгөн аймактардын арасындагы кичинекей айырмаларды кабылдоо жөндөмү абдан маанилүү. Көп оору түрлөрүндө контрастка карата сезгичтик жоголот жана бул оорулууга көрүүнүн начарлашына караганда көбүрөөк ыңгайсыздык берет.

- Түс:

Жарыктын ар кандай толкун узундуктарынын мээ тарабынан өз-өзүнчө чечмеленишинин натыйжасында түс түшүнүгү келип чыгат. Көздүн ичинде жайгашкан, жарыкты кабылдоочу тордомо чел толкун узундуктарын бири-биринен айырмалап, түстөрдү көрүшүбүзгө шарт түзөт.
Тордомо челдин жарыкты электрдик сигналдарга айлантышынын өзү эле бир керемет. Бирок тордомо челдеги кереметтер муну менен эле чектелбейт. Тордомо челде пайда болгон сүрөттөлүштү мээге жиберүүдө колдонулган ыкманын өзүндө эле канчалаган таң калыштуу жагдайлар бар. Тордомо чел анда пайда болгон сүрөттөлүштү мээге бүтүн бойдон жөнөтпөйт. Алгач бөлүктөргө бөлөт жана кийин бул бөлүктөр мээде бириктирилет. Биз караган нерсенин сол тарабынын сүрөттөлүшү тордомо челдин оң тарабына, оң тарабына тиешелүү сүрөттөлүш болсо тордомо челдин сол тарабына түшөт. Бөлүктөр секунданын ондон биринчелик кыска убакыттын ичинде өз-өзүнчө мээге жөнөтүлүп, ал жерде чечмеленет. Бул тордомо челде ишке ашкан процесстердин кыска бир сүрөттөөсү.
Анын ичиндеги кереметтерге күбө болуу үчүн тордомо челди тереңирээк карайлы. Адам бир нерсени көрө алышы үчүн көзгө кирген жарык энергиясынын нерв импульстарына айландырылышы шарт. Нурлар көрүү менен жыйынтыктала турган химиялык жана электрдик реакцияларды баштоочу физикалык бир стимулду пайда кылышат. Ишке аша турган реакциялар чынжыры таякча клеткаларындагы «родопсин» аттуу, негизинде А витамини турган бир пигменттен көз-каранды.
Тордомо челге тийген жарык родопсиндин түсүн жоготушуна себеп болот. Бул түс жоготуунун натыйжасында нерв клеткаларын стимулдоочу химиялык бир зат келип чыгат. Жарык жерде касиетин жоготкон родопсин караңгыда кайрадан пайда болот.
Караңгы бир бөлмөгө киргенде кыска убакытка эч нерсе көрбөй калабыз. Себеби көздөрдө ошол убакыт аралыгында жетиштүү санда родопсин пайда болбойт. Бул заттын кайра синтезделиши менен кайрадан тагыраак көрүп баштайбыз. Жетиштүү санда родопсин өндүрүлгөнгө чейин көз караңгыда тунук көрө албайт. Родопсин тең салмактуулугунун орношу менен формалар барган сайын даана көрүнө баштайт.
Караңгыдан кайра жарыкка чыкканда родопсин бир заматта мээге көп санда сигнал жөнөтүп, ачыгыраак көрүп калабыз. Жарык күчтүү болгондо родопсиндин талкаланышы синтезделишинен бир топ ылдам болгондуктан, көрүү үзгүлтүккө учурайт. Мисалы, күн жаркырап тийген, кардуу абада көздүн тунарышынын себеби – родопсин. Родопсиндин көпчүлүгү деформация болгон соң мээге азыраак сигнал жөнөтүлүп баштайт жана көздөр жарыкка көнүшүп калат.12
Родопсиндин өзгөчөлүгү, жогоруда айтылгандай, жарыктан алынган натыйжалуулукту жогорулатат. Бул зат дал керектүү учурда, керектүү санда өндүрүлөт. Көздөгү башка түзүлүштөр менен бирге иш-аракет жүргүзүп, көрүүнү жеңилдетет. Бул затты өндүрүүнү эң башында ким чечкен? Бир кездерде караңгыда көрө албаган көз клеткалары өз ара чогулушуп, «келгиле, караңгыда мээде сүрөттөлүш пайда болушу үчүн жарыктын натыйжалуулугун жогорулата турган бир зат өндүрөлү, жарыкка чыкканда болсо ал зат бул касиетин өзүнөн-өзү жоготсун» деген чечим чыгарышканбы? Ушундай бир чечим алынды деп элестетели. Родопсиндин физикалык жана химиялык түзүлүшүн ким долбоорлогон? Родопсинге тиешелүү генетикалык маалыматтар көз клеткаларына кантип жазылган?
Бул жерде кыскача баяндалган көрүү процессинин негизи алда канча татаал детальдары бар. Бирок родопсиндин көрүүдөгү ролунун өзү эле көздүн канчалык укмуш бир система менен жаратылганын түшүнүүгө жетиштүү болот. Булардын баарын клеткалардын өз алдынча жасай албашы анык. Көздүн ичиндеги бул абдан кылдат эсептелген системаны Аллах жараткан.

Негизги түстөр

Жогоруда кумганча клеткалары түстөрдү кабылдайт деп айтып өттүк. Жарыктын белгилүү толкун узундуктарына өзгөчө күчтүү реакция берген үч негизги кумганча тобу бар, жана алар көк, жашыл жана кызыл кумганчалар деп топторго бөлүштүрүлөт.
Кызыл, көк жана жашыл – табияттагы негизги үч түс. Бул түстөрдүн ар кандай комбинация жана тондо биригишинен ар кандай түстөр келип чыгат. Кызыл менен жашыл аралаштырылганда, сары түс келип чыгат. Пигмент клеткалары дагы ушул негизги физика эрежесинин негизинде иштейт; кызылды жана жашылды сезген кумганчалардын бирдей деңгээлде стимулданышы сары түс сезимин пайда кылат. Кызыл, көк, жашыл кумганчалардын бирдей стимулданышы ак түс сезимин пайда кылат. Адамдын жашоосундагы бүт түстөр үч негизги түстү кабылдаган клеткалардын ар кандай деңгээлде жана комбинацияда стимулданышынан келип чыгат. Бирок бул жерге чейин айтылгандар тордомо чел менен байланыштуу бөлүгүн гана түзөт жана бул бир теория гана. Мээнин келген сигналдарды кантип чечмелеши алигече белгисиз.
Көрүнүп тургандай, түстөрдү айырмалоо абдан татаал бир жумуш. Бүгүнкү технологиядан бир мисал келтирсек, бул процесстин татаалдыгы жакшыраак көрүнөт. Түстүү телевизор экрандары дагы көздөгү системага окшош иштейт. Толкун узундугу ар түрдүү болгон түстөр бири-бирине жакын кылып тизилип коюлат. Телевизор экранынан тартылып алынган бир сүрөттү жакындан карасак, сүрөттөлүштүн кызыл, жашыл жана көк түстөрдөгү абдан кичинекей чекиттердин тобунан турганын көрөбүз. Бир аз алыстатып караганда, түстөр кайра биригип, экрандагы кадимки түстөр көрүнөт.
Көрүнүп тургандай, көзүбүз менен көрүп жаткан сүрөттөлүштөр пайда болушу үчүн түстөр абдан татаал ыкмалар менен жөнгө салынышы керек. Миллиондогон кумганча клеткалары жөнөткөн сигналдардын күчү жөнгө салынып, андан соң ал сигналдар чечмелениши зарыл. Болгондо да, бул процесс бир көз ирмем же бир саатка, бир адам же миңдеген, жүздөгөн адамдар үчүн эле жасалбайт. Ар бир адам өмүрүндө миллиарддаган сүрөттөлүштөрдү көрөт жана ал сүрөттөлүштөргө тиешелүү түстөр тынымсыз жөнгө салынып турат.

Көрүүнүн тунуктугу

Бир чекиттей болгон чаңчаны же бийик бир дөбөдөн учу-кыйырсыз айлананы карабаңыз айырмасы жок. Миңдеген километр болсун, бир канча миллиметр болсун бардык сүрөттөлүштөр тордомо челдин бетиндеги 1 миллиметр квадраттык сары такка (ma­cu­la lu­tea) түшөт.13
Бул аймактын диаметри жарым миллиметрден (0,4 мм) кичирээк болгон борбордук бөлүгүндө тордомо чел ичкерип, бир аз чуңкур пайда болот. Ал жер борбордук чуңкурча (fovea centralis) деп аталат. Бул жер сүрөттөлүш эң тунук болгон борбор болуп саналат. Бул аймак толугу менен кумганча клеткаларынан турат. Белгилүү болгондой, кумганчалар сүрөттөлүштүн майда-бараттарын көргөнгө шарт түзө турган атайын түзүлүшкө ээ. Сүрөттөлүштөгү жүздөгөн түс, форма жана тереңдик сыяктуу нерселер ушул кичинекей аймакта эң даана абалга келет. Борбордук чуңкурчанын сыртында сүрөттөлүштүн дааналыгы 5-10 эсеге азайат.
Бир нерсени кунт коюп караганда, көздөр ал нерседен келген нурларды борбордук чуңкурчага түшүрүшөт. Көздүн кыймылдуу болушу буга көмөкчү болот.
Көзү эң курч киши ийненин учундай жаркыраган эки чекиттин арасындагы бир миллиметрлик аралыкты он метрден байкай алат.

Жашоо тамыры: көздүн тамырдуу чели

Көздүн ак чели менен тордомо челдин арасындагы бөлүк тамырдуу чел (тамырдуу оболочка) деп аталат. Бул бөлүк чоң-кичине көптөгөн тамырлардан жана көзгө көрүнбөгөн миллиондогон капиллярлардан турат. Бул капиллярлар аркылуу тордомо челдин кумганча жана таякча клеткаларынан турган сезгич аймагына азык жеткирилет.
Сиз окуп жаткан бул китептин кичинекей бир бөлүгүн түзгөн ушул нерсе дагы эволюция теориясынын канчалык маанисиз жана күлкүмүштүү көз-караш экенин көрсөткөнгө жетиштүү жана жаратуу кереметин дагы бир жолу көз алдыга тартуулайт.
Тордомо челдеги бир дагы клетканы калтырбай азыктандырган, миллиарддаган байланыштан турган бул тамырдуу чел болбосо, көздүн башка бөлүктөрү эч нерсеге жарабай калат. Мындай катмардын убакыттын өтүшү менен, акырындап пайда болушу мүмкүн эмес. Себеби көздө тамырдуу чел катмары бүт байланыштары менен бирге бар болбосо, калган бөлүктөр канчалык кемчиликсиз болсо да, эч качан жашай алышпайт.
Белгилүү болгондой, көз – көптөгөн бөлүк жана катмардан турган бир орган. Айнекчел, склера, карек айланасындагы чел, карек, чечекей, көздүн кабагы, айнекчел менен мээни байланыштырган нервдер жана дагы көптөгөн бөлүктөрү менен толук бар болгондо гана, өз кызматын аткара алат. Бул системалардын ар бири кокустан же өзүнөн-өзү пайда болбой турганчалык жогорку түзүлүшкө ээ. Көз көрө алышы үчүн жогоруда саналган бүт катмар жана түзүлүштөр бир учурда, бир жерде, азыркыдай кемчиликсиз шайкештикте, азыркыдай түзүлүштө жана азыркыдай байланыштары менен бирге бар болушу керек.
Бул адам денеси азыркы абалына акырындап убакыттын өтүшү менен кокустуктар, мутациялар сыяктуу факторлордун натыйжасында жеткен деген эволюционисттик көз-караштарды толугу менен жокко чыгарат. Мындай система жаратылган гана болушу мүмкүн, башка эч бир күч муну пайда кыла албайт. Көздүн тамырдуу чели Улуу Аллахтын жаратуу чеберчилигинин теңдешсиз бир мисалы.

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Тордомо челдин бойогу


Көзгө кирген жарык кумганча жана таякча клеткаларын стимулдоо үчүн эки катмардан өтөт. Ал клеткалардын артында курамында кара пигменти бар меланин катмары болот. Меланин тордомо челден өткөн жарыкты сиңирет жана натыйжада жарыктын кайра чагылып, көздүн ичине тарашына бөгөт болот. Эгер бул катмар болбогондо, көздүн ичине кирген жарык бүт тарапка таркап, сүрөттөлүш пайда болмок эмес. Пигмент катмары менен камера жана фотоаппараттардын ички бетине колдонулган кара бойоктун аткарган функциясы бирдей.
Муну башка жагынан карап көрөлү. Фотоаппарат жөнүндө жөнөкөй бир суроо узатылса, фотоаппараттын ичин бул кара бойок менен ким бойогон деп суралса, жооп ошол замат берилмек: фотоаппараттын ичи ал өндүрүлгөн ишканада, атайын жабдыктар тарабынан бойолгон. Кара түскө бойоо пикирин болсо жарыктын чагылышын эсептеп чыккан инженерлер айтышкан, жана эксперименттер аркылуу эң мыкты бойоо ыкмасы иштелип чыккан.
Ушул эле суроону көз жөнүндө сурасак, жооп кандай болот?
Фотоаппараттан алда канча жогорку түзүлүштөгү көз, албетте, өзүнөн-өзү, кокустан эмес, аны жараткан улуу бир акыл тарабынан пайда кылынган.
Эң кызыгы, кээ бир адамдар бир фотоаппарат көргөндө, аны жасаган технологияга таң калышат, бирок андан алда канча жогорку түзүлүштөгү бир көздү көргөндө болсо, бул кокустан пайда болгон дешет. Эволюция деген көз бойомочулукка алданып, Жаратуучубуз Аллахты жокко чыгарышат.
Аллах жараткан системасынын кемчиликсиздигин адамдарга көрсөтүү үчүн сабак боло турган мисалдарды да жараткан. Мисалы, көздүн ичиндеги меланин катмарынын маанисин «альбинос» оорусу менен ооруган адамды карап көргөндө түшүнөбүз. Альбиностордун көздөрүндө жана денелеринде пигмент заты болбойт. Бир альбинос адам жарык жерге чыкканда, көзүнө кирген жарык, тордомо челде пигмент жок болгондуктан, бүт тарапка чагылат. Ошондуктан адамга ыңгайсыздык бере турган жалтырак бир сүрөттөлүш пайда болот.14

Көрүү мейкиндиги


Көздүн сырткы дүйнөнү көргөн жалпы бурчу көрүү мейкиндиги деп аталат. Көрүү мейкиндигинин эң кенен жери сыртта жана алдында көрүүгө тоскоол боло турган эч бир жолтоо болбойт. Ички тарапты көздөй көрүү мейкиндиги кичирейет. Мындай кичирейүүнүн терең максаттуу бир себеби бар: эки көздүн ортосунда жайгашкан мурун ушул кичирейүүнүн себебинен көрүү мейкиндигине кирбейт.
Эгер көрүү мейкиндиги ички тарапты көздөй кичирейбегенде эмне болмок? Анда, мурун көрүү мейкиндигинин ичине кирип абдан чоң ыңгайсыздык жаратмак жана адамдар эртеден кечке өздөрүнүн мурдун көрүп турушмак. Бирок көздөгү Аллах жараткан бул өзгөчөлүктөн улам күнүмдүк жашоодо адамга өзүнүн мурду эч ыңгайсыздык жаратпайт.15


Көздөгү өздүк белги

Ар бир адамдын манжасынын изи ар түрдүү болот. Манжа издери сыяктуу, ар бир адамдын карек айланасындагы челинин издери да, башка бир адамдын карек айланасындагы челинин издеринен айырмаланат. Мындай айырмачылыктын себептери – бул бириктиргич тканьдан турган түйүн, негизги ткань талчалары, жыйрылуу издери, тамырлар, шакектер, түс жана тактар.
Дүйнө жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин көзү ар башка. Ал тургай, бири-бирине абдан окшош көрүнгөнү менен, бир адамга тиешелүү эки күрөң көз эч качан бирдей болбойт. Бир аятта Раббибиз Аллах мындай деп билдирет:


Эй адамдар, Аллахтын силерге болгон немат-жакшылыгын эстегиле. Асмандан жана жерден силерге ырыскы берүүчү Аллахтан башка бир жаратуучу барбы? Андан башка кудай жок. Андай болсо, кантип бурулуп кетесиңер? (Фатыр Сүрөсү, 3)


Булактар:

1          Көздүн чанагын көздүн кабактары менен бириктирүүчү ичке катмар.
2          Көздүн сырткы катмары.
3          Ge­li­şim Hac­het­te, Cilt 5, s. 1545; Jillyn Smith, Sen­se and Sen­se­bi­li­ti­es, Wi­ley Sci­en­ce Edi­ti­on, s. 54.
4          Ben Es­ter­man, Eye Bo­ok, Vir­gi­nia: Gre­at Oce­an Pub­lis­hers, 1977, s. 216.
5          Ünal Ben­gi­su, Göz Has­ta­lık­la­rı, 3.b., İs­tan­bul: 1990, ss. 29-30.
6          Ma­yo Cli­nic An­sik­lo­pe­di­si, Cilt 2, s. 451.
7          Ünal Ben­gi­su, Göz Has­ta­lık­la­rı, 3.b., İs­tan­bul: 1990, s.36.
8          Jillyn Smith, Sen­se and Sen­se­bi­li­ti­es, Wi­ley Sci­en­ce Edi­ti­on, s. 54.
9          Art­hur C.  Guy­ton, Tıb­bi Fiz­yo­lo­ji,  7.b., Merk Pub­lis­hing, 1986, s. 1031.
10        Ben Es­ter­man, Eye Bo­ok, Vir­gi­nia: Gre­at Oce­an Pub­lis­hers, 1977, s. 290.
11        Jillyn Smith, Sen­se and Sen­se­bi­li­ti­es, Wi­ley Sci­en­ce Edi­ti­on, ss. 60-61.
12        A.g.e, 60.
13        Art­hur C.  Guy­ton, Tıb­bi Fiz­yo­lo­ji,  7.b., Merk Pub­lis­hing, 1986, s. 1018.
14        Sol­maz Akar, Fo­cus, Mart 1996, s. 21.
15        Me­li­ha Ter­zi­oğ­lu, Fiz­yo­lo­ji Ders Ki­ta­bı,  Cilt 1, İs­tan­bul: Cer­rah­pa­şa Tıp Fa­kül­te­si Ya­yın­la­rı, s. 435.