воскресенье, 4 октября 2015 г.

КИРИШҮҮ


Бул сүйлөмдү сиз окуп бүткөнгө чейин көзүңүздө болжол менен жүз миллиард (100.000.000.000) операция жасалды. Балким ишенүү кыйындыр, бирок дүйнөнүн эң укмуштуу шаймандарынын бир жубу бар сизде. Адам баласы алигече көзгө окшогон бир шайманды жасай алган жок. Жашооңуздагылардын баарынын маанисин көздөрүңүз менен гана түшүнөсүз. Үй-бүлөңүздү, досторуңузду, үйүңүздү, жумушуңузду, кыска өмүрүңүздө көргөн нерселериңиздин баарын көздөрүңүз менен гана чындап тааныдыңыз. Алар болбосо сырткы дүйнөнү эч качан толук тааный алмак эмессиз. Көздөрүңүз болбогондо, бир түстүн, бир форманын, бир табияттын, бир адамдын жүзүнүн, сулуулук деген түшүнүктүн кандай экенин эч качан элестете алмак эмессиз. Бирок көздөрүңүз бар жана алар аркылуу айланаңызды көрүп, азыр буларды окуп жатасыз.
Болгондо да, көрүү үчүн эч аракет кылышыңыздын кереги жок; көргүңүз келген нерсени карашыңыз гана жетиштүү. Көзүңүзгө, көздүн ичиндеги тетиктерге, көздөн мээге барган нервдерге жана мээңизге «карагыла, көргүлө, мобул операцияларды жасагыла» деп буйрук бербейсиз. Жер жүзүндө жашаган жана жашап өткөн миллиарддаган адамдар сыяктуу, сиздин дагы көрүү үчүн карап коюшуңуз гана жетиштүү. Бир нерсени тунук көрүү үчүн көзүңүздүн чечекейинин радиусунун буюмдун алыстыгына жараша талап кылынган оптикалык өлчөмүн, чечекейдин айланасындагы булчуңдардын жогорку тактыктагы жыйрылуу чоңдуктарын эсептебейсиз. Сиз болгону аны тунук көрүүнү гана каалайсыз, калганы секунданын өтө аз бир тилкесинде сиз үчүн автоматтык түрдө жасалат. Мунун канчалык чоң керемет экени, канчалаган адамдар сыяктуу, балким ушул күнгө чейин сиздин да оюңузга келбегендир.
Болгондо да, мынчалык укмуш бир шаймандуу болуу үчүн сиз эч нерсе кылган жоксуз. Төрөлгөндө эле көздөрүңүз дагы, кандайдыр бир ооруңуз болбосо, өтө кемчиликсиз бир түзүлүштө денеңизде бар болчу.
Бул тартуунун (нематтын) баркын көрүү жөндөмүнөн кийинчерээк ажырап калгандар эң жакшы түшүнүшөт. Эгер бир күнү көздөрүңүздөн ажырап калсаңыз -негизи мындай ыктымалдык бар- ошол күндөн баштап келечектеги пландарыңыздын баары экинчи планда калып, дүйнөдөгү эң чоң каалооңуз көздөрүңүзгө кайрадан жетүү болот. Же көп жыл бою сокурдукта өмүр сүргөн соң бир күнү медициналык бир аракеттин натыйжасында көздөрүңүз көрүп калды дейли. Ишенип коюңуз, бул дүйнөдө эч бир белек сиз үчүн мындан баалуу боло албайт, ал күнү жана андан кийинки күндөрү сизди эч нерсе мынчалык кубантып, бактылуу кыла албайт. Бир аятта Раббибиз мындай деп билдирет:

Айткын: «Силерди жасаган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)


Эволюция теориясы кайрадан туюкта


Адам үчүн мынчалык баалуу болгон бул сезүү органы кантип пайда болгон? Көрүү деген түшүнүк кантип жоктон бар болду? Дагы бир аз кененирээк карап бул суроону кеңейтели. Беш сезими, мээси, бири-бири менен гармонияда иштеген ички органдары, колдору, буттары, денеси жана руху менен адам кантип пайда болду?
Акылын колдоно алган, логикага таянган ар бир адам бул суроого жандыктар улуу жана кемчиликсиз бир жаратуунун натыйжасында пайда болгон деп жооп берет. Бирок бул апачык чындыкты четке каккан эволюция теориясы болсо бул суроого «кокустан пайда болгон» деп жооп берет. Эволюционисттер ушул күнгө чейин жашап өткөн бүт жандуу-жансыз нерселердин баарын эч бир Жаратуучу тарабынан жаратылбастан, сансыз кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан дешет. Бирок эволюциянын бул көз-карашы акылга да, логика эрежелерине да, илимге да карама-каршы келет. Себеби жансыз заттар жандуу нерсени пайда кылып, бир жандыкка жашоо бере албайт. Илим ааламдагы кемчиликсиз системаны кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясын бүт тарабынан кыйратты. Бүт илимий далилдер эволюционисттик көз-караштардын акылга жана илимге сыйбай турганын көрсөтүп, эволюционисттердин көз бойомочулуктарын бир-бирден ашкере кылууда. Ошондой эле, жандыктардын кокустуктар аркылуу түшүндүрүүгө болбой турган улуу бир долбоор менен жаратылганын көрсөтүүдө. Жандыктардагы бул кемчиликсиз долбоор бүт ааламды жараткан Аллахка тиешелүү.
Эволюция теориясы илим тарабынан жеңилүүгө дуушар болгонуна карабастан, дагы эле дүйнөдөгү көрүнүктүү илимий чөйрөлөр жана массалык маалымат каражаттары бири-бирине көмөктөшүп, эволюция теориясын сактап калганга аракет кылууда. Көбүнчө дүйнөнүн бир жеринен табылган баш сөөгү менен эволюция чынжырынын жетишпеген бир шакеги толукталды деген кабарларды гезиттердин биринчи бетинен жарыялоо ыкмасы колдонулат. Чындыгында болсо, жетишпеген шакеги толукталгыдай ортодо эч бир чынжыр жок. Болгондо да, ортоңку өткөөл форма деп эсептеле турган жарым балык-жарым сойлоочу, жарым сойлоочу-жарым канаттуу сыяктуу бир дагы фоссил (калдык) жок. Ошого карабастан, эволюциянын бүт этаптары далилденип, бир эле маймылдан адамга созулган чынжырда майда-чүйдө жетишпестиктер калгандай көрсөткөнгө аракет кылышат.
Эволюционисттердин адамдардын көңүлүн өзгөчө баш сөөгүнүн калдыктарына бурушунун, албетте, бир себеби бар. Тарых бою чоң-кичине миңдеген маймыл түрү жашап өткөн жана алардын токсон жети пайызы тукум курут болгон. Бул маймылдардын баш сөөктөрүнүн калдыктарын (фоссилдерин) көлөмүнө жана кээ бир өзгөчөлүктөрүнө карап тизип, «мына маймылдан адамга созулган чынжыр» деп айтуу абдан оңой. Эч кандай так бир далилге таянбаган ойдон чыгарылган сүрөттөр, фоссил көз бойомочулуктары жана алдамчы тизмектер дагы эволюция сценарийлеринин негизги материалдары болуп саналат. Чындыгында болсо, эволюция теориясы микробиология этабында эле кыйрап бүткөн. Мындан тышкары, комплекстүү түзүлүштөрдүн кантип пайда болгонун эч качан түшүндүрө албайт. Ошондуктан эволюционист чөйрөлөр мүмкүн болушунча бул темаларды талкуулоодон качышат. Кээ кээде болсо эч жооп боло албаган илимий маалыматтарды тизмектеп, бул темаларды да түшүндүргөн сыяктуу көрсөткөнгө аракет кылышат.
Бул китептин темасы болгон көз дагы «көздөрдү ойлонуу мени бул теориядан алыстатты» деген Дарвинден бери эволюционисттерди туюкка такаган органдардын бири. Көздүн түзүлүшү менен функцияларын тереңирээк караганда эволюционисттердин качуу себебин жакшыраак түшүнөбүз. Көз көптөгөн бөлүктөрдөн турган комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Укмуш кеңири масштабдуу функциялары бар. Алардын баары көздү түзгөн бөлүктөрдүн бири-бири менен гармонияда иштешинен көз-каранды. Көздүн бөлүктөрүнүн бирөөсү эле болбосо, көз өз кызматын аткара албай калат. Бул болсо эволюция теориясы үчүн бир туюк болуп саналат. Себеби эволюция бүт органдар убакыттын өтүшү менен, өзүнөн-өзү пайда болгон дейт. Көздүн бүт түзүлүштөрү менен бирге бир учурда, эч кемчиликсиз пайда болуу мажбурлугу болсо мындай процесстин эч качан боло албашын көрсөтөт.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн бир мисал берели. Көз жашын чыгарбаган бир көз кыска убакыт ичинде соолуп, сокур болуп калат. Мындан тышкары, көз жашы антисептикалык өзгөчөлүгүнөн улам көздү микробдордон коргойт. Эволюционисттер көз жашы болбосо бир канча сааттын ичинде соолуп кала турган көз «эволюция процессинде» көз жашынын бездери пайда болгонго чейин миллиондогон жыл кантип чыдаган деген суроону ойлонгулары да келбейт. Болгондо да, көз өз функциясын аткара алышы үчүн бүт орган жана системалары менен бирге бар болгон бир денеден тышкары, айнекчел, конъюнктива, карек айланасындагы чел, карек, чечекей, тордомо чел, хориоидея, көз булчуңдары, көздүн кабактары сыяктуу ткань жана түзүлүштөргө муктаж. Мындан тышкары, көз менен мээнин байланышын камсыз кылган укмуш бир нерв тармагы менен мээдеги өтө комплекстүү көрүү аймагы болмоюнча, көрө албайбыз. Бул айтылгандардын баары эч качан кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү жана пландуу түзүлүшкө ээ. Булардын кандайдыр бирөөсү, мисалы, чечекей болбосо, көз эч бир ишке жарабайт. Ал тургай, чечекей менен каректин орду алмашып калса, көз кайра эле өз кызматын аткара албай калат. Кыскасы, көз абдан кылдат пландалып жасалган. Бир даанасы дагы кокустан, өзүнөн-өзү пайда боло албай турган бул түзүлүштөрдүн белгилүү бир план жана гармонияда бир учурда, бир жерде пайда болушунун бир гана логикалуу түшүндүрмөсү бар. Көздүн бүт бөлүктөрү улуу акылдуу бир күч тарабынан жаратылган. Ал күч Аллахтын кудурети.
Апачык көрүнүп турган бул чындыкты кабыл алуу адамды түбөлүк жашоодо кутулууга алып бара турган жолдун биринчи кадамы болот. Бул китеп Жаратуучунун бар экенин көз алдыга тартуулап, кутулуу үчүн адамдан талап кылынган кадамдарга да жол башчы болуу максатын көздөйт.
  

АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ


Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор (план)» сөзүн туура түшүнүү керек.
Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

1 комментарий:

  1. Betway Casino Site Review & Bonus Offers in India
    Betway is a new online betting operator in India and their sportsbook. It is a betting site that focuses luckyclub.live on horse racing with excellent odds. It also has a

    ОтветитьУдалить