воскресенье, 4 октября 2015 г.

КӨЗДҮН ЖАРАТЫЛУУСУ


Бул китептин мурдакы бөлүмдөрүндө көздүн түзүлүшү, бири-бири менен шайкештикте иштеген бөлүктөрү, ар бир бөлүктүн түзүлүшүндөгү жана функциясындагы өзгөчөлүктөр, мээнин көрүүдөгү ролу, көрүү системасынын кемчиликсиздиги жөнүндө сөз болду. Өз-өзүнчө бөлүп караганда да, толук бойдон караганда да көздүн канчалык улуу бир керемет экендигине токтолдук. Бул жерге чейин бар болгон, иштеп жаткан система жөнүндө сөз кылдык. Бул бөлүмдө болсо көздүн иштешин же көздү түзгөн бөлүктөрдү эмес, көздүн пайда болушу жөнүндөгү улуу бир кереметти карайбыз.
Адам өмүрүндө көп көздөрдү көрөт. Күзгүгө караганда өзүнүн көздөрүн, ата-энесинин, бир туугандарынын, досторунун, жубайынын көздөрүн... Бул баары эң мыкты куралган көздөр кантип пайда болгон?
Бул китепти окушуңузга шарт түзгөн жана жер жүзүндөгү эң чоң кереметтердин бири болгон көздөрүңүз жакында эле жок болчу. Сиз «мен» деп атаган жандык, башкача айтканда, өзүңүз болсо көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей жалгыз клеткадан турчу. Анан бөлүнүп, эки клетка болдуңуз, кайра бөлүнүп төрт жаңы клетка болдуңуз. Бул бөлүнүү миллиондогон жолу кайталанып, колдун манжасындай болгон этке айландыңыз. Анан ал эттин бетинде эки кичинекей кара так пайда болду. Убакыттын өтүшү менен ал тактар бир чуңкурга айланып, ичинде теңдешсиз бир орган өзүнөн өзү пайда боло баштады. Ал чуңкурдун ичинде карегиңиз, чечекейиңиз, айнекчелиңиз, тордомо челиңиз, көзүңүздүн ак чели, карек айланасындагы чел, үстүндө көзүңүздүн кабактары, көзүңүздүн кычыктары, ичинде азыгы бар бир суюктук, ал суюктукту өндүрүүчү булактар, керектүү бүт тарапка кан жеткирүүчү миллиарддаган капиллярларыңыз баары бири-бирине шайкеш болуп, жоктон пайда болушту. Белгилүү убакыттан соң бул китепти окушуңузга шарт түзө турган көздөрүңүз жаратылып бүтүп, төрөлгөн соң дүйнөгө көздөрүңүздү ачтыңыз.
Көздүн пайда болушун караардан мурда адамдын денесинин өрчүшүнө кыскача көз чаптыралы. Белгилүү болгондой, адам бир клетканын эне курсагында бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгон. Бир клеткадан кемчиликсиз иштеген бир денелүү бир адамдын келип чыгышынын сыры клеткалардын ядросундагы ДНК аттуу молекулада жашырылган.

Жашоонун коддору

ДНКдагы миллиондогон тепкичтүү коддорго адамга тиешелүү бүт маалыматтар жазылган. Коддор клетка гана түшүнө ала турган бир тилде жазылган. Ал маалыматтар органдардын түзүлүшүнөн адамдын бүт физикалык өзгөчөлүктөрүнө чейин дененин бардык майда-чүйдөлөрүн камтыйт. Эне курсагындагы бир клеткадан бир адам пайда болгонго чейинки бүт этаптар ДНКдагы ушул маалыматтардын негизинде гана жүрөт.
Кадимки шарттарда бир клетканын бөлүнүшүнөн дал өзүнө окшош бир клетка келип чыгышы керек. Ошондуктан эне курсагындагы бир клетканын бөлүнүшүнөн миллиондогон окшош клеткалардан турган, топтошкон бир эт пайда болушу керек эле. Бирок андай болбойт. Бөлүнүү учурунда бир кезде клеткалар бири-биринен айырмаланып башташат. Кээ бир клеткалар сөөк клеткаларын, кээ бирлери көздүн клеткаларын, кээ бирлери болсо мээ клеткаларын түзүшөт. Бир атадан келген, ал тургай, ДНКлары да бирдей болгон эки клетка кантип эки түрдүү клетка болуп калышат?

Эненин курсагында көздүн өрчүшү

Клетканын кантип мындай чечимди алаарына илимий жактан али жооп табыла элек. Бир гана нерсе белгилүү: көз клеткасы болууну каалаган клетка миллиондогон тепкичтүү маалыматтын арасынан көзгө тиешелүүлөрүн гана колдонуп баштайт жана ошентип көз клеткасына айланат. Бул жерде көптөгөн суроолор туулат: бир клетка эмне үчүн көз клеткасы болууну каалайт? Көзгө тиешелүү маалыматтарды миллиондогон маалыматтын арасынан кантип табат?
Клеткалар бири-биринен айырмаланып, өзгөчөлөнгөн соң дагы бир кереметтүү кубулуш болот. Ар кандай типтеги клеткалар өз араларында уюшуп, татаал органдарды курашат. Бул уюштуруу иши кантип жасалат?

Аң-сезимдүү клеткалар

Биздин темабыз болгон көздү алалы. Көз бири-бири менен тыгыз байланыштуу, ар кандай тетиктерден турат. Бул тетиктер сөзсүз белгилүү бир тартип жана шайкештик менен жасалышы керек. Ар бир клетка качан, эмне кылаарын билиши зарыл. Карек айланасындагы чел, айнекчел, карек, чечекей жана тордомо челди түзгөн клеткалардын баары бири-биринен айырмаланат. Бирок катмарлардын арасында бир башаламандык чыкпайт. Бул жерде дагы бир канча суроо туулат: бул клеткалар өз ара кантип түшүнүшүшкөн? Бир катмарга тиешелүү клетка кантип экинчи катмарга аралашып кетпейт. Клеткалар каерге чейин бөлүнүп, качан токтошу керек экенин кайдан билишет? Клеткалардын арасында убакыттын пландалышы абдан таң калтырат. Катмарлар бири-бири менен шайкештикте пайда болушат. Бир тетик куралып жатканда, ал чогуу иштей турган экинчи тетик жана ал экөөсүн тең азыктандыра турган кан тамырлары да пайда болот. Бири-биринен көз-карандысыз тетиктер бири-биринен озуп да кетпейт, артта да калбайт.
Кыскача сүрөттөлгөн бул кубулуштун натыйжасында бир клеткадан түрдүү түрдүү органдар жана аларды түзгөн ар түрдүү бөлүктөр (тетиктер) пайда болушат. Адам бул процесске эч кийлигише албайт. Бир кездерде «эч нерсе» болсо, эми кемчиликсиз бир дене менен төрөлгөн болот. Күзгүдөн көргөн денеңиздин пайда болушуна сиздин эч кандай тиешеңиз жок экенин унутпаңыз. Эч бир өзгөчөлүгүңүздү өзүңүз жараткан жоксуз. Бир күнү эле өзүңүздү көздөрүңүз, кулактарыңыз, башка органдарыңыз жана рухуңуз менен бирге жаратылып калганыңызды көрдүңүз.
  

Көздүн пайда болушун мутациялар менен түшүндүрүүгө болбойт

Көп адамдар эволюция теориясын илимий жактан толук кабыл алынган, тууралыгында эч күмөн болбогон бир чындык деп ойлойт. Буга белгилүү чөйрөлөрдүн эволюцияны дүйнөлүк масштабда атайын активдүү пропаганда кылышы себеп болууда.
Чындыгында болсо, эволюция – илимий жактан далилденген бир чындык эмес, алдамчылык жана жасалма көз бойомочулуктар менен кабыл алдырууга аракет кылынган бир ишеним. Эволюциянын негизги маңызы дүйнөдөгү кемчиликсиз системанын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын жокко чыгаруу болуп саналат. Ошондуктан эволюция теориясы жандыктарды толугу менен кокустуктарга таянган бир процесстин натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болушкан дейт.
Дарвин бул теорияны чыгаргандан кийин технологиянын өнүгүшү менен бирге Дарвиндин пикирлеринин чындыкка сыйбастыгы илимий жактан далилденди. Себеби айлана-чөйрөнүн шарттарынын өзгөрүшү менен денедеги клеткалардын жаңы өзгөчөлүктүү болуп калбашы, кандайдыр бир жол менен жаңы өзгөчөлүктүү болуп калса дагы (бул негизи мүмкүн эмес), аны кийинки урпагына өткөрүп бере албашы белгилүү болду. Ошентип эволюция теориясы эң башынан кыйрады. Бирок дүйнөлүк масштабда күчтүү бир атеисттик система орноп жаткан. Бул системанын фундаменттеринин бири болгон эволюция теориясы дагы кандай жол менен болсо да сакталышы керек болду. Себеби атеисттик система куруу үчүн эң башта Жаратуучуну жокко чыгаруу керек эле.
Чара катары жаңы бир алдамчылык ойлоп чыгарылды: неодарвинизм. Бул калп дагы, албетте, Дарвиндин Аллахты жокко чыгаруу логикасына таянды. Системанын фундаменти, башкача айтканда, Жаратуучуну жокко чыгаруу улантылды, бирок башка ыкма менен. Жаңы алдамчылык боюнча, микро-мутациялар (кичинекей гендик өзгөрүүлөр) – бир түрдү башка бир түргө айландыруучу бирден бир механизм эле. Себеби бир жандыктын бүт физикалык өзгөчөлүктөрү жандыктын клеткаларындагы гендер тарабынан аныкталат. Гендерде оң бир өзгөрүү болмоюнча, түрлөрдөн тукум куучу бир өзгөрүүнү күтүүгө болбойт. Эволюциянын эң ишенген механизми болгон табигый тандалуу мутациялар тарабынан колдоо көрмөйүнчө, эч бир ишке жарабайт эле. Эволюция кайра эле чоң туюкка кабылды.
Ал туюктардын биринчиси мутациялардын жалпы таасиринен келип чыккан. Зыянсыз мутациялар миңден бир учурда гана кездешет, башкача айтканда, өтө сейрек. Бир түрдүн көптөгөн мутацияларга кабылаарын эске алганда, натыйжа эволюция теориясы үчүн абдан үмүтсүз эле. Бул зыяндуу мутациялардын натыйжасында көптөгөн көрүнүшү кызыктай болгон жандыктар пайда болуп, көптөгөн жандык түрлөрү жок болушмак. Эволюционисттер жагынан эң трагедиялуу тарабы болсо колдорунда эки ыктымалга, башкача айтканда, пайдалуу же зыяндуу мутацияга тиешелүү бир дагы фоссил (жаныбар калдыгы) жок эле.

Генетика; кыйроонун акыркы этабы


Эволюция эч тириле албай жатты. Мунун дагы бир себеби; микро-мутациялар жаңы бир органды, жаңы бир түзүлүштү (такыр башка бир генетикалык кодду) чыгара алган жок. Себеби мутациялар ага чейин бар болгон генетикалык түзүлүштү гана өзгөртө алышат. Жаңы бир генетикалык маалымат кошо албайт. Генетикалык түзүлүштү туш келди өзгөртүүнүн натыйжасы болсо дайыма зыяндуу. Бир жер титирөөнүн бир шаарды кура албашы, тескерисинче курулуп турган имараттарды бузушу сыяктуу.
Анда, жаңы бир нерсени куруу үчүн эмне керек эле? Мунун сыры клетканын ДНКсында жашырылган. Жаңы бир орган пайда болушу үчүн ал органга тиешелүү генетикалык маалымат толугу менен клеткалардын ДНКсына кошулушу керек. Мисалы, бир боор толугу менен пайда болушу үчүн боорго тиешелүү 2309 ген, бир көз үчүн 1794 ген, бир өпкө үчүн 11581 ген жана бул гендердин ичиндеги миллиондогон баскычтуу генетикалык код бир учурда катасыз жана кемчиликсиз бойдон клеткага кошулушу (киргизилиши) керек; ошондо гана бул органдар кийинки урпакта пайда болот. Башкача айтканда, бар болгон бир органдын акырындап, этап этабы менен өрчүү мүмкүнчүлүгү жок.
Эч ыктымалсыз болсо да, микро-мутациялардын натыйжасында генетикалык программага кошумчалар жасалган деп элестетели, жана убакыттын өтүшү менен акырындап өнүгүүлөр болуп, алар бири-бирине кошулуп, чогулушкан жана жоголуп кетишкен эмес деп элестетели. Бул дагы комплекстүү орган жана системаларды (көздөр, канаттар, дем алуу системасы ж.б.) түшүндүрүүгө жетиштүү болбойт. Себеби комплекстүү системаларда кийинчерээк толукталышы күтүлгөн, кем тетиктер (бөлүктөр) пайда болмоюнча, система иштебейт. Ошондуктан башында пайда болгон бөлүктөр эч бир ишке жарабагандыктан, маанисин жоготот, жана колдонулбаганы үчүн, эволюция теориясы айткандай, атрофияланып (рудиментке айланып), жок болушат.

Мутация туюгу жана көздөр

Көз ар кандай функцияны аткарган, ар кандай катмар жана бөлүктөрдөн турат, жана бүтүн абалда иштейт. Бир катмардын же бөлүктүн кем болушу көздү ишке жараксыз бир эт менен майга айлантат. Айнекчел, карек айланасындагы чел, чечекей, тордомо чел, каректин айланасындагы булчуңдар, көздүн ичиндеги пигменттер, көз жашы бездери, көз жашынын ичиндеги дезинфектант заттар, тордомо челди түзгөн кумганча жана таякча клеткалары, бул клеткалардан чыккан сигналдарды мээге өткөрүүчү нерв тармактары, мээде жайгашкан абдан өнүккөн көрүү борбору сыяктуу бири-бири менен шайкештикте иштеген механизмдердин баары, бир учурда бар болушу керек. «Bi­lim ve Tek­nik» (Илим жана техника) журналында чыккан бир макалада бул мындайча айтылган:
Көздөр менен канаттардын орток өзгөчөлүгү – бул толугу менен өрчүгөндө гана өз милдетин аткара алышы. Башкача айтканда, кемчиликтүү көз менен көрүүгө болбойт, жарым канат менен учууга болбойт.29

Мутациялар органды өнүктүрбөйт, жалаң гана терс таасир берет. Сүрөттө оңдо жана солдо мутациядан тубаса жабыркагандар орун алса, ортодо мутациядан улам көзүндө шишик пайда болгон киши чагылдырылган.

Чындап эле, адамдын көзүн анализ кылганда, бул орган өз милдетин аткарышы үчүн көз жашы бездери жакшы иштеп көздү таза кармашы, айнекчелден өткөн жарыктын күчү карек тарабынан жөнгө салынышы жана жарык чечекейден өтүп, жарык менен түстү сезүүчү 130 миллиондой тордомо чел клеткасына түшүшү керек.
Табылган калдыктар (фоссилдер) дагы көздөрдүн эч өзгөрбөгөнүн, азыркыдай кемчиликсиз түзүлүштө жаратылганын көрсөтүүдө. Ар кандай жандыктардын көздөрүн изилдегенде, баш буттардын (cephalopoda: моллюскалардын бир түрү) көрүү органдарынын дагы миллиондогон жылдан бери эч өзгөрбөй келгенин көрөбүз. Мисалы, 1983-жылы Түштүк Франциянын Ардеш аймагынан табылган 155 миллион жылдык бир осьминог фоссилинин азыркы осьминогдордон эч кандай айырмасы жок экени аныкталган. Бул осьминогдордун көздөрүнүн 155 миллион жылдан бери ошол бойдон, эч өзгөрбөй келе жатканын көрсөтөт.30

Алдамчылыкты моюнга алуу

Эволюционист илимпоздор дагы көздү эволюция теориясынын бир жерине жайгаштыра алышпайт. Чарасыз калышып, «эволюциянын керемети» деген күлкүмүштүү сөздү колдонушат. Түркиянын белгилүү эволюционист илимпоздорунан профессор, илимдин доктору Али Демирсой мындай дейт:
Бирок толугу менен пайда болгон бир көздүн келип чыгышы (сүт эмүүчүлөрдүн көзү сыяктуу) бир канча жүз миллион жылдан көпкө барбайт. Бул татаал органдын мынчалык кыска убакытта пайда болушу эволюциялык бир керемет деп кабыл алынууда.31
«Керемет» деген сөздүн аныктамасы болсо бир булакта мындайча берилген: «Керемет – адамдын акыл ченинен ашкан, табият мыйзамдарына туура келбеген, ой-пикир эмес, диний ишенимге таянган бир кубулуш».32
Көрүнүп тургандай, бул укмуштуу механизмдин бир керемет чыгарма экенин эволюционисттер да кабыл алууга мажбур болушкан. Бирок бул кереметтин кантип эволюциядан келип чыкканы эч түшүнүксүз. Айтылышынча эволюция «табияттын» бир чыгармасы. Керемет болсо «табияттан жогору» кубулуштарга берилген ысым. Анда, «табияттын» өзүнөн «табияттан жогору» бир кубулушту күтүү эч акылга сыйбайт. Адамдын денесинде көз сыяктуу кемчиликсиз жүздөгөн механизмдер бар экени белгилүү, демек адамдын өзүнүн бир керемет экендиги кабыл алынууда.
Көздүн толук болгондо гана өз функциясын аткара алышы жана акырындап өрчүй албай турганчалык бири-биринен көз-каранды бөлүктөрдөн турушу эволюционист илимпоздорду абдан оор абалга салды. Профессор Али Демирсой муну төмөнкүчө баяндаган:
Үчүнчү каршы пикирге жооп берүү абдан кыйын... Татаал бир орган пайда алып келсе да, бир заматта кантип пайда болгон. Мисалы, омурткалуулардагы көздүн чечекейи, тордомо чели, көргөзгүч нервдери жана көрүүдө кызмат кылган башка бөлүктөрү бир заматта кантип пайда болот. Себеби табигый тандалуу нервден өзүнчө тордомо челде тандоо жасай албайт. Чечекей пайда болсо дагы, тордомо челсиз эч нерсеге жарабайт, көрүү үчүн бүт түзүлүштөр чогуу өрчүшү шарт. Өз-өзүнчө өрчүгөн бөлүктөр колдонулбаганы үчүн, маанисин жоготот жана балким акырындап жок болушат. Ал эми баарынын бирдей өрчүшү болсо элестетүүгө болбой турган кичинекей ыктымалдыктардын чогулушун талап кылат.33
Сүт эмүүчүлөрдүн көздөрү жөнүндөгү бул илимий баяндан соң осьминогдордун көзүнүн кантип пайда болгонун ушул эле автордун китебинен карайлы:
Эволюциялык өрчүү процессинде бири-биринен көз-карандысыз өрчүгөн жана негизи өз ара эволюциялык бир байланышы болбогон органдар да бар. Мисалы, осьминогдун көздөрү менен сүт эмүүчүлөрдүн көзүнүн түзүлүшү жана кылган иштери дээрлик бирдей болгону менен, пайда болгон эмбриологиялык катмарлары башка башка болгондуктан, аналог (түрдөш, окшош) органдар деп эсептелет.34
Башкача айтканда, эволюционисттер осьминогдун көздөрү менен сүт эмүүчүлөрдүн көзүнүн арасында эволюциялык бир байланыш жок жана булар бири-биринен толугу менен көз-карандысыз, өз-өзүнчө пайда болушкан дешүүдө. Анда, сүт эмүүчүнүн көзүндөгү кереметке (автор жогоруда айткандай) окшогон дагы бир керемет осьминогдо, дагы бирөөсү чымын-чиркей, курт-кумурскалардын көздөрүндө жана дагы бирөөсү балыктын көздөрүндө кайталанган болушу керек.
Эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, эволюция бар деп элестетсек дагы, үч башка көз (чымын-чиркей, курт-кумурскаларда, каракатицаларда, омурткалууларда) бири-биринен көз-карандысыз, өз-өзүнчө эволюциялашкан болушу керек. Эч ыктымалсыз кубулуш ар кандай жандыктарда, бирдей процесс менен ишке ашышы зарыл. Эволюционист бир биолог Фрэнк Солсбери бул маанилүү чындык жөнүндө мындай деген:
Менин акыркы күмөнүм параллельдүү эволюция жөнүндө... Көздөй комплекстүү бир орган дагы ар кайсы учурларда өз-өзүнчө пайда болгон. Мисалы, каракатицада, омурткалууларда жана муунак буттууларда. Булардын бир жолуда пайда болгонун түшүндүрүү бир топ маселе болуп жатканда, заманбап синтетикалык теориядан чыккан, көп жолу өз-өзүнчө пайда болгон деген көз-караш башымды оорутууда.35
Чындап эле микро-мутациялар менен түшүндүрүлө албаган көздөр, канаттар, өпкөлөр жана башка комплекстүү органдар, Дарвин да мойнуна алгандай, анын теориясын толугу менен жокко чыгарат:
Эгер көп сандагы, бир катар кичинекей өзгөрүүлөрдүн натыйжасында комплекстүү бир органдын пайда болушунун мүмкүн эмес экени көрсөтүлгөндө, теориям толугу менен куламак.36
Дарвин теориясын алгач чыгарган кезде түшүндүрө албаган жана жандыктардагы «көздөрдү ойлонуу мени бул теориядан суутту» деген сөздөрү арадан 100 жыл өтсө да, дагы эле эволюционисттер тарабынан түшүндүрүлө алган жок жана Али Демирсой айткандай алар үчүн «эволюциялык бир керемет» катары сырдуу бойдон калууда.37 Чындыгында болсо, бул, албетте, эволюциялык бир керемет эмес, бул кемчиликсиз жаратуу, Аллахтын бүт баарын бири-бирине шайкеш кылып жаратуусунун бир мисалы.

Көрүүнү үйрөнүү

Жаңы төрөлгөн наристелер көрүү органы болгону менен, айланасын тунук көрө алышпайт. Чындыгында жаңы төрөлгөн баланын көрүү органы жарыкты гана кабылдайт, жарык менен караңгыны гана айырмалай алат. Ошондуктан наристе көп убакытка чейин тилин билбеген бир өлкөдө жашап жаткан адамдай абалда болот. Биз билбеген бир тилде сүйлөгөн адамдардын арасында жашап жатканда кулагыбыз башында бизге толугу менен маанисиз болгон бир катар үндөрдү угат, кийин гана бул үндөр бара бара бир маанини билдирип баштайт. Белгилүү убакыттан соң бул үндөр менен кээ бир окуяларды байланыштырып баштайбыз.
Жаңы төрөлгөн наристе дагы ушул сыяктуу көрүүнү акырындап үйрөнөт. Бул үйрөнүү процессинин биринчи баскычында буюмдарды көздөрү менен ээрчийт. Төрөлгөндөн кыска убакыттан кийин көздөрүнүн алдында кыймылдатылган бир жарыкты ээрчий алат. Бир канча жумалык болгондо көздүн чечекейи көнүп баштаганы үчүн тунугураак көрө баштайт. Көргөн нерселерин колу менен кармай алаарын түшүнгөн соң, жакын жердеги нерселерди көрүү үчүн көздөрүн бир аз оңго-солго кыймылдатуунун жетиштүү болоорун, ал эми алыстагы буюмдарды көрүү үчүн көздөрүн жакшылап бурушу керек экенин түшүнөт. Андан соң көздөрүн жогору жана төмөн көздөй кыймылдатуу сыяктуу бир аз оорураак кыймылдарды үйрөнүп, бийик турган нерселерди дагы карай баштайт. Ошентип буюмдарды узуну, туурасы жана тереңдиги менен 3 өлчөмдүү көрүп баштайт. Буюмдардын көлөмүн үйрөнгөн сайын, бул маалыматтардын негизинде салыштыруу жасап, аралыкты болжогонду үйрөнөт.38 Үйрөнүү процесси абдан көпкө созулат жана бул система үч жашка жакын гана толук отуруп баштайт.
Бул бөлүмдө наристенин көрүүнү «үйрөнүү процессине» токтолдук. Аң-сезими жок жана эч нерседен кабарсыз бир бала өз алдынча, өз эрки менен булардын баарын кантип үйрөнөт? Жооп адамдарды да, алардын көздөрүн да жараткан Аллахтын китебинде орун алган. Бир Куран аятында адамдардын эненин курсагынан эч нерсе билбей чыгарылаары жана көрүү, угуу сезимдеринин жана көңүлдөрдүн адамга шүгүр кылышы үчүн берилгени айтылат:

Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылышаар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөрдү берди. (Нахл Сүрөсү, 78)

Көрүүдө жарыктын ролу

Жарык – дүйнөнү адамдын көздөрүнө алып келүүчү бир ортомчу. Бирок анын түзүлүшү да, илимий касиеттери да дагы эле чечиле алган жок. Жарыкка так бир аныктама бериле албашынын себеби; анын массасы жана көлөмү жок. Бул жерде жарык жөнүндө жасалган изилдөөлөрдү жазууга аракет кылсак, канчалаган томдук орунду ээлейт. Бирок жазган эмгегибиздин бир физика китебинен көп деле айырмасы болбойт. Бул китептин негизги максаты болсо бүт тарабыбызды курчаган жарыктын кереметтүү тарабы жөнүндө ойлонууга чакыруу болуп саналат.

Жарыкты кантип кабылдайбыз?

Сырткы дүйнө менен болгон эң негизги байланышыбызды түзгөн сезимдин көрүү сезими экенин билебиз. Бирок көп адамдар көргөндөрүнүн негизи абдан чектүү экенин билишпейт. Көзгө кирген жарыктын 10%ы гана кабылдоочу клеткаларга жетет. Көпчүлүгү чагылтылып, көздүн башка бөлүктөрүнө сиңирилет.39
Адамдар көрө албаган, толкун узундуктары башкача болгон нурлар да бар. Космостон келген космостук нурларды, рентген нурларын, гамма-нурларын, адамдын денесинен чыккан радиацияны, ультра кызгылт-көк нурларды, инфра-кызыл нурларды адамдын көзү кабылдай албайт. Себеби адамдын көзү толкун узундугу белгилүү аралыктагы нурду гана көрө алат. Биз ультра кызгылт-көк нурлар менен инфра-кызыл нурлардын арасындагы толкун узундуктарын гана көрө алабыз.
Инфра-кызыл сөзүнүн мааниси «кызылдын ары жагы» дегенди билдирет. Толкун узундугу көз көргөн кызыл нурлардан узунураак болгондор ушинтип аталат. Ар бир нерсе температурасына жараша бир жарык энергиясын чыгарат. Мештен, денебизден, жерден, ал тургай, жылдыздардан тараган энергиянын негизи болгон инфра-кызыл толкундарды көрө албашыбызды кайрадан эске салуу керек. Айланабыздагы инфра-кызыл нурларды көрө алганыбызда, көргөндөрүбүз температурадан көз-каранды болмок.
Ультра кызгылт-көк жана толкун узундугу андан да кыска болгон рентген нурларын дагы көзүбүз көрө албайт. Жогорку энергиялуу жана толкун узундугу абдан кыска болгон бул нурлар адамды өлүмгө да алып бара турганчалык кооптуу.
 Азыр айланаңызда көздөрүңүз көрбөгөн, жана ушул себептен сиз эч байкабаган миңдеген нурлар бар. Бирок көздөрүңүз аларды көрбөйт. Эгер көз бүт нурлардын баарын көргөндө, сырткы дүйнө абдан татаал жана түшүнүксүз болмок. Жер бетине келген бүт космостук нурлардан көз көздү көрбөй, адамдар менен буюмдардын түсү дагы температурага жараша өзгөрүп турмак.
Айланабызды рентген нурларындай көргөнүбүздө, айланабыздагылардын баары скелет формасында болмок. Мындай көрүнүштүн адамга эч ырахат бербеши белгилүү. Аллах адамдарды жаратканда, скелеттердин үстүнө денени каптаган эт менен терини жараткан. Бирок адам эч качан башка адамдардын сөөк түзүлүшүн, кан айлануусун, ички органдарын көрбөйт. Аллах адамга жагымсыз боло турган бул көрүнүштөрдү көрсөтпөйт жана башка адамдарды эң сулуу көрүнүштө гана көрсөтөт.40

...Силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды... (Момун Сүрөсү, 64)

Түстүү көрүү

Адам өмүрүндө миллиондогон сүрөттөлүштөрдү көрөт. Алардын көбүнчө түркүн түскө бай болгондору көзгө кооз көрүнөт.
Бир пейзажды караганда, түстөрдүн гармониясы, кооздугу адамга жагат. Мисалы, гүл жайнаган талаадагы түркүн түстөр, түстөрдүн бири-бирине шайкештиги адамга ырахат тартуулайт. Асмандын, деңиздин көз жоосун алган өңдөрү, гүлдөрдөгү укмуш чеберчилик жана дагы канчалаган кооз сүрөттөлүштөр түстөрдөн улам кооз болот.
Эгер жер жүзүндө жашыл деген бир түс болбогондо, эч ким жашылдын кандай нерсе экенин элестете алмак эмес. Азыркы билген түстөрүбүздөн башка бир түстү элестете албашыбыз сыяктуу.

Мээбиздеги түстөр

Сырткы дүйнөдө түс деген нерсе жок. Адам түс катары көргөн нерсе – бул толкун узундугу ар кандай болгон фотондордун мээдеги чечмелениши. Кызыл бир гүл менен көк бир машинанын түстөрүндөгү айырмачылык бул нерселерден көзгө келген нурлардын толкун узундуктарынын айырмалуу болушунан гана келип чыгат. Нурлардын көздүн нервдерине болгон таасири толкун узундугуна жараша ар кандай күчтө болот. Бул сигналдар мээге келгенде ар кандай түстөр катары чечмеленет.
Эгер түс деген түшүнүк болбой, бүт баары боз, кара болуп көрүнгөндө, дүйнө абдан кызыксыз болмок. Деңизден, дарактардан, кийимден, ал тургай, тамак-аштан алынган ырахат дагы абдан азаймак. Бирок табияттагы бүт түстөр адамдын рухуна ырахат бере тургандай кылып жаратылган.
Түс деген түшүнүктүн болушунун өзү эле улуу бир керемет; табияттагы түстөрдүн эң кооз жана гармониялуу колдонулушу болсо Аллахтын адамдарга болгон чоң бир тартуусу.
Дүйнө жана анын бетиндегилердин, гүлдөр, мөмөлөр, куштар, учу-кыйырсыз океандар жана алардын ичинде жашаган түркүн түстүү жандыктардын; балыктар, кораллдар, балырлардын, кыскасы, түсү, саймасы (кештеси) жана формасы ар түрдүү болгон миллиарддаган жандыктардын кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Кантип кокустуктар бир куштун түктөрүндөгү же бир балыктын үстүндөгү түстөрдүн гармониясын жарата алсын? Буларды адамга ушунчалык кооз кылып көрсөткөн эмне? Павлиндин түктөрүндөгү же бир кабыландын жонундагы же балыктын кабырчыктарындагы саймаларды жана түстөрдү ким жараткан?
Археологиялык казуулардан табылган бир сандыктын ичинен абдан кооз, ал тургай, бир искусство керемети деп атоого боло турган, бойок менен тартылган бир сүрөт чыкты дейли. Эч ким бул бойоктор кокустан, өзүнөн-өзү биригип, бул сүрөттү тартып койгон дей албайт. Бул сүрөттүн бир сүрөтчү тарабынан чоң эмгек менен тартылгандыгынан жана ал сүрөтчүнүн чыгармачылыгын чагылдырып тургандыгынан эч ким күмөн санабайт.
Ошол сыяктуу эле, жер жүзү, асман, гүлдөр, мөмөлөр, башка өсүмдүктөр жана жаныбарлардагы түстөр менен кооздуктун да бир Жаратуучусунун бар экендигинде, башкача айтканда, булардын Аллах тарабынан эң кооз кылып жаратылгандыгында да эч күмөн жок.


Үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандай курганыбызды жана аны кандай кооздогонубузду? Анын эч кандай жаракасы жок. Жерди болсо кандай төшөп-жайдык? Анда чайпалбас тоолор жайгаштырдык жана анда «көздүн жоосун алуучу жана көз кубандыруучу» ар бир жуптан (канчалаган өсүмдүктөрдү) өстүрдүк. (Булар) «Ичинен Аллахка бурулган» ар бир кул үчүн «даанышмандык менен караган бир ички көз» жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 6-8)


Булактар:

29        Mey­dan La­urus­se, Cilt 9, s. 21.
30        Ali De­mir­soy, Ka­lı­tım ve Ev­rim, s. 74.
31        A.g.e,., s. 523.
32        Frank Sa­lis­bury, "Do­ubts Abo­ut the Mo­dern Synthe­tic The­ory of Evo­lu­ti­on", Ame­ri­can Bi­ology Te­ac­her, Sep­tem­ber 1971, s. 338.
33        Char­les Dar­win, The Ori­gin of Spe­ci­es, New York: Co­li­er Bo­oks, 1962, s. 182; Char­les Dar­win, Tür­le­rin Kö­ke­ni, An­ka­ra: Onur Ya­yın­la­rı 3. Bas­kı 1984 s.177
34        Ca­vit Yal­çın, Ev­rim Te­ori­si, İs­tan­bul: Vu­ral Ya­yın­cı­lık, ss. 94-98.
35        Te­mel Bri­ta­nic­ca, Cilt 7, s. 209.
36        Da­vid H. Hub­bel, Eye Bra­in and Vi­si­on, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can  Lib­rary, 1988, s. 180.
37        Taş­kın Tu­na, Uza­yın Sır­la­rı, ss. 72-77
38        Jillyn Smith, Sen­se and Sen­se­bi­li­ti­es, Wi­ley Sci­en­ce Edi­ti­on, s. 60.
39        Da­vid H. Hub­bel, Eye Bra­in and Vi­si­on, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can  Lib­rary, 1988, s. 34.
40        Ev­re­nin Ha­ri­ka­la­rı: İn­san De­nen Ha­ri­ka  Cilt 2, İs­tan­bul: Mil­li­yet Ya­yın­la­rı, 1986, s. 128.

Комментариев нет:

Отправить комментарий